(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Токтогул районунун Камыш-Башы айылында эски мечиттин ордун жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Muftiyat.kg/ 12-октябрь/ Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш айылын өкмөтүнө караштуу Камыш-Башы айылында заманбап үлгүдөгү “Нанай” атындагы мечит ишке берилди. Мечиттин ачылыш иш чарасына Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын үгүт-насаат жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Арпидин ажы Жороев, Токтогул районунун баш имам хатиби Алипбай Борошбаев, айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Айбек Үметалиев, Бишкек жана Кара- 200гө жакын адам катышты. 

Мечиттин ачылыш саамалыгында Арпидин ажы Жороев  Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз карынын саламын жолдоп, демөөрчүгө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле  жергиликтүү элди мечитте дайыма ибадат  кылууга чакырып, мечиттин адеби тууралуу маалымат берип, жаштардын адеп-ахлагын бекемдөөдө жана терс диний агымдарга жол бербей, туура Ислам динин түшүндүрүүдө мечит өз салымын кошооруна тилектештигин билдирди. Ал эмиТоктогул районунун баш имам хатиби жалпы катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, элди ынтымак менен биримдикке жана ар дайым кайрымдуу болууга чакырды. Мындан тышкары Кара-Көл шаарынын баш имам хатиби Бектен ажы Керезбаев жана айыл округ башчысынын орун басары Уметалиев Айбек сөз сүйлөшүп, жаңы мечиттин ачылышы менен куттукташты.

Эске салсак, “Нанай” мечити буга чейин мамлекеттик эсептик каттоодон өткөн. Кайрадан оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, пайдаланууга берилди. Мечиттин жаңыланышына жергиликтүү жашоочу Алмаз Ажыбеков демөөрчүлүк кылган.