Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
06:45
Күн чыгышы
08:24
Бешим
13:13
Аср
16:22
Шам
18:05
Куптан
19:43

Ысык-Көл облустук казыяты Каракол шаарында имамдар үчүн окуу семинарын баштап, учурда 15 имам билим алууда

Muftiyat.kg/ 6-декабрь/ Каракол шаарындагы “Каракол” медресесинде облус боюнча шаар, райондордун имамдары үчүн кечээ, 5-декабрда окуу семинары башталды. Аталган семинар Ысык-Көл облустук казыяты, Каракол шаардык хатибияты жана “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте   уюштурулуп,  15 имамдын жатаканасы жана илим алышы боюнча шарттар түзүлдү.

Семинар алкагында имам Абу Ханифа (р.х) мазхабыны, акыйда, Куран тажвид, тафсир, фыкх сабактары өтүлүп, терс агымдар, жаш өспүрүмдөргө болгон зомбулуктун алдын алуу жаатында баяндамалар жасалууда. Ошондой эле нике жана үй-бүлө, ыймандуулук, ушак сүйлөнүн зыяндуулугу жана учурда зарыл болгон бир нече темалар алкагында лекциялар өтүлүүдө.

 “Семинардын уюштуруучуларына, сабак берип жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирип,  иштерине ийгилик каалап кетким келет. Себеби семинар абдан маанилүү болуп, бир топ жаны маалыматтарга ээ болук”,-деди  Түп районунун Миң-Булак айылынын имамы Жайлообай Осмонбаев.