Муфтият-FM

(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
04:25
Күн чыгышы
06:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:52
Куптан
21:24

Жалал-Абадда дин кызматкерлери, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү

Muftiyat.kg/ 9-февраль/ Айыл аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Жалал-Абад облусунун казысынын, казыят кызматкерлеринин, район, шаардын баш имам хатибдеринин, облус аймагына караштуу бардык айыл өкмөт жана аймактык башкаруунун баш имамдарынын, Сузак айыл өкмөтүнө караштуу бардык имамдардын жана МУКК кызматкерлеринин катышуусунда Сузак районуна караштуу “Арстанбап ата” медресесинин жыйындар залында жыйын өттү. Жыйында Сузак айыл өкмөтүнүн имамияты тарабынан даярдалган слайд-шоу көрсөтүлүп, “Жакшылык кыл” видеоролиги тартууланып, КР аймагында тыюу салынган уюмдар тууралуу слайд аркылуу түшүндүрүү профилактикалык иш чарасы уюштурулду. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров аймактарды өнүктүрүү, айыл өкмөттөрдө иш чараларды уштуруу, иш кагаздарды тартиптештирүү, диний уюмдарды мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүнү ыкчамдатуу, кайдыгерликти жоюу, имамдардын билим деңгээли, жаш кадрларды өстүрүү-колдоо, жаштардын тарбиясына көңүл буруу, КМДБ тарабынан бекитилген жума баяндын бирдиктүү программасын иш жүзүнө ашыруу маселелерине токтолуп, ыйман, адеп жана маданият жылында бардык район, шаардын администрацияларында көчмө жыйындар уюштурулуп, натыйжасы жакшы экендигин баса белгилеп, өтүлүп жаткан азыркы жыйында кетирилген кемчилдиктерге токтолуп, тиешелүү эскертүүлөрдү жана кемчиликтерди жоюу, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иштешүү боюнча тапшырмаларды берди. Жарыш сөзгө чыккан Сузак айыл өкмөтүнүн социалдык тармактар боюнча орун басары Сабиткул Хайдаров мамлекеттик эсептик каттоодон өтпөгөн мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча иш чараларды уюштуруп, колдойбуз деген пикирин айтуу менен  айыл өкмөттөрдө дин кызматкерлеринин катышуусунда  экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана башка бир топ динге тиешелүү маселелер боюнча бир канча чогулуш болгондугун айтып өттү.

 Ал эми жыйындын жүрүшүндө МУКК кызматкери тыюу салынган уюмдар тууралуу слайд аркылуу кеңири түшүндүрдү. Бешим намазынан кийин Жалал-Абад облусунун казысы, казыят кызматкерлери, район, шаардын баш имам хатибдери, облус аймагына караштуу бардык айыл өкмөт жана аймактык башкаруунун баш имамдары Сузак айыл өкмөтүнүн имамиятынын кеңсеси менен таанышты. Анда Сузак айыл өкмөтүнүн баш имамы Гуфронидин ажы Зухриддинов имамияттын шарттары менен тааныштырып, жарандар үчүн кабыл алуу бөлмөсү уюштурулуп, компьютер, принтерлер менен жабдылып, тиешелүү иш кагаздар иреттелгиндигин белгиледи.