(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Намаз убактысы

Багымдат
05:51
Күн чыгышы
07:21
Бешим
12:46
Аср
16:23
Шам
18:11
Куптан
19:25

Жалал-Абадда диний окуу жайлар арасында көчмө семинардын ырааттамысы бекитилип, студенттер арасында олимпиада уюштурулмакчы

Muftiyat.kg/ 13-октябрь/ Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун иш мерчемине ылайык Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында облус аймагына караштуу диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, окуу бөлүм башчылары үчүн атайы жыйын өткөрүлдү. Жыйын кеңешме форматында өтүп, казыяттын үгүт-насаат жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Арпидин ажы Жороев алып барып, көчмө семинардын, ачык сабактардын жана класстан тышкаркы иштердин жүрүшү, кышка карата даярдык, окуу жайда өтүлүп жаткан сабактардан олимпиаданын уюштурулушу, иш кагаздарын жүргүзүлүшү боюнча маселелер талкууга алынды.

Жыйындын соңунда диний окуу жайларда иштеп жаткан мугалимдердин өз ара тажрыйба алмашуу чеберчилигин арттыруу, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын өркүндөтүү максатында көчмө семинардын ырааттамасы бекитилди. Ошондой эле, ыйман, адеп жана маданият жылына карата адеп-ахлак сабагы боюнча студенттер арасында үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында окуу жайларда олимпиада сынагы жүргүзүлүп, 15-ноябрда жыйынтыгын казыяттын окуу бөлүмүнө тапшырышат. Ал эми облустук туру ушул эле жыл аягында өткөрүлүүсү пландалды. Мындан тышкары кышка карата даярдык жана иш кагаздарын иреттөө жагы боюнча  тапшырма катары берилди.