(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
04:25
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:05
Аср
17:57
Шам
20:03
Куптан
21:25

Ош шаарында жайгашкан “Сулайман-Тоо” борбордук мечити

Сулайман-Тоо борбордук мечити 2007 жылдын 21-июлунда Сулайман тоосунун этегинин түштүк чыгышында курулуп баштаган. Мечиттин курулушун ошол кездеги Ош областынын губернатору Ж.Сатыбалдиевдин, жалпы журттун аксакалдары, калаа башчылары, дин кызматчылардын демилгеси менен негизделген. Бул курулушту “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын” Кыргызстандагы өкүлү доктор Саид Баюми 50% ин, ал эми 50% ин Кыргыз элинин коомчулугу каржылоо боюнча келишими түзүлгөн. Натыйжада келишим боюнча мечиттин курулушуна Кыргызстандын атуулдары катышты. Жалпысынан мечитке 1 млн 200 мин доллар. акча каражаты сарпталды. Мечитке  жалпы аянт 0,78 га бөлүнүп берилген. Мечиттин узун туурасы 40х40 метр, бийиктиги 14 метр болуп төрт мунарасынын бийиктиги 38 метрди түзөт. Мечиттин сыртына мрамор таштары жабыштырылып чыккан. Мунаранын кирпичтери Өзбекстандын Харезм шаарынан алынып, мунараны курган усталар дагы Харезмден келишип курулгандыктан өзүнчө көрүнүшкө ээ. Мечиттин архитектуралык проектисин өзүбүздүн жергиликтүү адистер чийип санап чыгышкан. Мечит эки кабаттан турат. Биринчи кабатында жыйындар өтүүчү зал, китепкана, аялдар үчүн окутуучу класс жана 5 убак намаз окуу үчүн чон зал жайгашкан. Экинчи этажында бөлмөлөргө бөлүнбөгөн чон зал жайгашкан. Жума күндөрүндө бул мечитке биринчи экинчи этажын эсепке алганда 5 - 6 мин адам намаз окуй алып,ал эми айт намаздарында сырткы намаз окууга ылайыктуу аянтты эсептегенде 15 - 20 мин адам намаз окуй алышат. Мечитке намазга келүүчүлөр үчүн машина коючу аянт, эркектер үчүн өзүнчө, аялдар үчүн өзүнчө баардык шарты болгон дааратканалар бар. Мечиттеги кызматкерлер үчүн өз өзүнчө бөлмөлөрү, андан сырткары бардык шарты менен аялдар үчүн өзүнчө намазкана курулган. Мечиттин кызматчылары үчүн атайын ашкана иштейт. Сулайман Тоо борбордук мечитинин алгачкы башкы имам хатиби Сарыбаев Убайдулла болуп, курулуштун ийгиликтъъ аякташына  эбегейсиз салым кошкон. Мечиттин курулушу 2012 жылдын июнь айында аяктап, ачылуу аземин Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаев өзү ачкан. Саудия өлкөсүнөн белгилүү доктор Саид дагы катышкан. Мечитке дүйнө жүзүнөн көптөгөн Ислам аалымдары келишти. Алсак Туркия мамлекетинин азирети муфтийи, дүйнө жүзүндөгү үч мечиттин бири болгон “Акса” мечитинин башкы имамы, Россия мамлекетинин аалымдары – белгилүү дин кызматчылары келип кетишкен. Пайгамбарыбыз (САВ)дын мубаарак сакалы ушул мечитке алынып келинип миндеген адамдар зыярат кылган. Ачылган күндөн ушул күнгө чейин дүйнө жүзүнөн келген меймандар зыярат кылып жатат. Азыркы учурда калаа башчысынын демилгеси менен түнкү шамдар менен  кооздолунган. Мечитте жума-беш убак намаздар окулуп,  ар кандай илимий окуу- конференциялар, жыйындар өткөзүлүп турат.