Муфтият-FM

Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Маалымат

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Бакшармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмү 

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Бакшармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмү билим берүү тармагы боюнча Кыргыз Республикасынын Концепциясынын «диний билим берүүнүн сапатын артыруу боюнча» №37 бөлүгүн ишке ашыруу жаатында өлкө аймагындагы диний билим берип жаткан окуу жайларда билим алып жатышкан студенттердин окутуу систамасын көтөрүү боюнча Аалымдар Кеңеши тарабынан 14-май 2013-жылы №5 токтому бекитилип, диний окуу жайлар үчүн бирдиктүү окутуу программасы иштелип чыккан. Учурда Кыргызстанда 92 медресе иштеп, бирдиктүү окутуу программасынын алкагында иш алып барууда. 2014-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин №19-пунктунун №3 подпунктун ишке ашыруу максатында ар бир диний окуу жайларга эки айда бир жолудан экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча буйрук берилип, диний окуу жайларда бир катар иш-чаралар өткөрүлүп келет. Муну менен катар муфтият медреселердеги окуучуларга кошумча билим берүү максатында АВЕП коомдук уюму менен биргеликте Бишкек жана Чүй облусундагы  25 медреседе жана Ош, Жалал-Абад жана Баткан облусунда кесиптик окутууну ишке ашырды. Студенттер ширетүүчүлүк, электрик, ашпозчулук, көмпютердик сабаттуулук жана тигүүчүлүк кесиптери боюнча билим алышып, өздөрүнүн тажрыйбаларын жогорулатышууда. Ал эми Муфтият диний окуу жайлардын сапатын артыруу боюнча Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы бардык аракеттерди жасап, ар жылы материалдык жактан колдоо көрсөтүп, алардын техникалык базаларын бекемдеп келет. Ошондой эле келечекте диний окуу жайлар үчүн электрондук база түзүү боюнча баштапкы иштер жасала баштады.

___________________________________________________________________________________________________________________

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын №303 буйругунун негизинде 2013-2014 окуу жылына карата диний окуу жайларга киргизилген жаңы программанын ишке ашуусун көзөмөлдөө жана окуу жайлардын кышка карата даярдыгын текшерүү комиссиясынын жыйынтык маалыматы.

Текшерүү комиссиясы 25 медресеге барып ал-абалы менен жеринде таанышып, окуу программалары, класстык журналдары, окуу жадыбалын, китеп кана жана аш-каналарын текшерүү менен диний окуу жайлардын окуу сапатына карай өзүнчө, техникалык абалына  өзүнчө баа беришти. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда мамлекеттик каттоодон өткөн 28 медресе бар болсо, алардын арасынан 25 медресе бүгүнкү күндө иштеп келет. Бишкек шаарындагы окуу жайлар сапаты жактан алдынкы окуу жайлар экени аныкталып, КМДБ тараптан берилген бирдиктүү окуу программа окутулуп жаткандыгы маалым болду. Ал эми Сокулук районундагы «Тирмизий», «Мадина», «Умар»,  «Имам Аззам»,  Аламүдүн районундагы «Мадамин», «Умур бин Хаттаб» медреселерине окуу бөлүмдөрүн оңдоп-түзөө, жатаканаларын таза кармоо жана окуу шаймандарын толуктоого тапшырмасы берилди. Аталган диний окуу жайларды көзөмөлдөө Чүй казыятына жана Сокулук районунун баш имам хатибине тапшырылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча:

Сокулук жана Аламүдүн районундагы «Тирмизий», «Мадина», «Умар» жана «Имам Аззам», «Мадамин», «Умур бин Хаттаб» медреселерине окуу бөлмөлөрүн оңдоо, жатаканаларын таза кармоо жана окуу шаймандарын толуктоо үчүн жардам берүү жана чечимди ишке ашуусун көзөмөлдөө облустук казыятка тапшырылды. Ал эми «Умар» жана «Имам Аззам» медреселерине материалдык жардам көрсөтүү сунушу Муфтиятка тапшырылды.

Төмөндө аталаган окуу жайлар окуу жагынан жана шарты, абалы жагынан жакшы болгондуктан эң алдыңкы 10 медреселер категориясына киргизилди.

  1. Кыргызстан Ислам Университети
  2. “Абдулла бин Масъуд” медресеси
  3. «Көлмө» медресеси
  4. “Хазрети Осман” Ислам институту
  5. “Куран нуру” Ислам институту
  6. «Чахокадым» медресеси
  7. «Равза» медресеси
  8. «Ала-Too» медресеси
  9. «Абдулла ибн Аббас» медресеси
  10. «Абу Бакр Аль-Сыдык» медресеси
  11. «Токмок» медресеси
  12. «Имам Азам» медресеси

________________________________________________________________________________________________________

2013-жылдын 10-15-апрель күндөрү Кыргызстандагы диний окуу жайлардын мугалимдерине өткөн «Исламда билим берүүнүн инновациялык методикалары» аттуу семинарынын жыйынтыгы

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  2013-жылдын 10-15-апрель күндөрү  «Исламда билим берүүнүн инновациялык  методикалары» аталышындагы илимий-практикалык семинар уюштурду. Семинардын ачылыш аземи   2013-жылдын 10-декабрында  Бишкек шаарындагы Улуттук Тарых музейинде өткөрүлсө, семинардын калган бөлүгү Бишкек шаарындагы  «Аль-Ыйман» мечитинде улантылды. Семинарга Кыргызстандагы жалпы медресе мүдүрлөрү, мугалимдери, Кыргызстан Мусулмандарынын Азрети Муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев жана коноктор катышышты. Муну менен катар семинарга БДЖАнын өкүлү  Мухаммад Маази, КР билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынан Элдар Аттокуров, МУКК кызматкери А.Юсупов, КР Президентинин Аппаратнын этностук диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн өкүлү Нуржигит Надырбекрв, ДИМКтин директору Абдилатиф Жумабаев, САПтын Кыргызстандагы элчисинин жардамчысы Багышов Улан катышып, өздөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

«Исламда билим берүүнүн инновациялык  методикалары» аталышындагы илимий-практикалык семинар алкагында жаңы окуу программанын долбоору менен тааныштыруу, мүдүрлөрдүн сунуштарын кабыл алуу менен бирге диний билим берүүнүн бирдиктүү системасы  жана бирдиктүү стандарттарын талкуулашты. Ал эми семинардын жыйынтыгында  диний билим берүүнүн системесы, стандарттары жана бирдиктүү окуу программасынын долбоору жөнүндө бардык медреселердин мүдүрлөрү менен биргеликте Кыргызстандагы бардык диний окуу жайларга окуунун бирдей системасын, окууга киргизилген предметтер жана окуу материалдарынын бир системага салынышы боюнча бир пикирге келишти.

Окууга кабыл алуу документтери.

Диний окуу жайларга тапшыруучу абитуриенттердин документ кагаздарын бирдей калыпка келтирүү.

  • Арыз
  • Аттестат же күбөлүк
  • Мед справка - 086У
  • Сүрөт 3X4 өлчөмүндө
  • Мүнөздөмө, аныктама, жолдомо
  • Медресени бүткөндүгү тууралуу күбөлүгү
  • Окутуунун бирдей формасы
  • Бирдиктүү программа.
  • Бирдиктүү иш кагаз.
  • КМДБнын Диний билим берүүнүн системасы;
  • Башталгыч окуу жайлар - күбөлүк
  • Башталгыч медресе - 2-3 жыл.
  • Каарыкана 1 мектеп менен чогуу 2-3 жыл
  • Куран жаттоо курсу 16-20 жаш
  • Мечит алдындагы даярдоо курстары 14-16 жаш
  • Диний лицей 3-4 жыл
  • Жогорку окуу жайлар - диплом
  • Университет 5 жыл, 18-40 жаш
  • Институт 4-5жыл, 18-40 жаш
  • Медресе     4-5 жыл, 16-35 жаш
  • КМДБнын Диний билим берүү стандарты
  • Бирдиктүү Д и п л о м

Университет үчүн:  Шарият адиси, мударрис, араб тили мугалими.

Институт жана Медресе үчүн: Шарият адиси,  мударрис.

Диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө окуу жайлардын даражасына карап Муфтият көрсөткөндөй бир стандарттагы дипломдор берилет. Ошондой эле окуусун ийгиликтүү бүтүргөн студенттер башка медреселерде мударрис болуп иштөөгө мүмкүнчүлүктөр берилет.

Окуу куралдары:

  1. Куран
  2. Тажвид
  3. Куран мааниси
  4. Куран илими
  5. Хусну хат
  6. Тафсир
  7. Араб тили
  8. Нахв
  9. Сарф
  10. Хадис
  11. Хадису суду
  12. Фикх
  13. Фикху суду
  14. Мурас
  15. Шарият тарыхы
  16. Акыйда
  17. Балагат
  18. Ислам тарыхы
  19. Хаятус сахаба
  20. Мантык
  21. Дин психологиясы
  22. Дин педогокикасы
  23. Кыргыз тили
  24. Кыргыз адабияты
  25. Орус тили
  26. Чет тили
  27. Геоерафия
  28. Инфарматика     
  29. Дене тарбия       
  30. Кошумча сабактар.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар жогоруда айтылынган сунуш-пикирлерди, чечимдерди кабыл алышып, мындай иш чараларды  жыл сайын уланып туруу бүтүмүн чыгарышты.

_______________________________________________________________________________________________________

2013-2014-окуу жылына карата диний окуу жайларга киргизилген жаңы окуу программанын ишке ашуусун көзөмөлдөө комиссиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Максатбек ажы Токтомушевдин тапшырмасы менен диний окуу жайлардын бирдиктүү окуу программасын ишке ашыруу жараянын жеринде текшерип, мониторинг жүргүзүү максатында жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү концепциясынын алкагында Ош облусунун айрым диний окуу жайлары жеринде текшерүүгө алынды. Текшерүү комиссиясын Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев коштоп жүрүп, диний окуу жайлардын окуу процессине жеринде күбө болушту. Текшерүү учурунда окуу жараянына байланышкан бардык дкумент иштери текшерилди.

Атап айтсак: «Окуу программасы», «Сабак жадыбалы», «Окутуучулук курамы», «Окуу жайдын техникалык  шарттары»  жана биринчи жарым  жылдыктын жыйынтыктары каралды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча «Абдирайим каары» медресеси Кыргызстандагы үлгүлүү диний окуу жайлардын катарын толуктоо менен бирге эле окутуунун усулдук жаатында айрым маселелер байкалып, тийиштүү багыттар көрсөтүлдү. Ал эми «Абдурахман ибни Ауф» медресесинде окуу китептери жетишсиз экендиги байкалып, окуу жараянына байланышкан документтерди ирээттештирүү тапшырмасы берилсе, «Имам аль Бухарий»  медресесинде шарттар бардык талапка ылайыктуу деп табылып, бирок ошол эле учурда окуу программасындагы айрым мүчүлүштүктөр бар экендиги жана окуу куралдарынын жетишсиз экендиги аныкталган. Муну менен катар кээ бир диний окуу жайлардын окуу журналы бар, бирок эрежеси менен толтурулбагандыгы үчүн аларга журналды толтуруу эрежелерине көңүл буруу тапшырмасы берилди.  

Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу жайларда катталган кемчиликтерди жоюу боюнча Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов тарабынан эскертүү берилип, иш аракеттерди казыят аркылуу жүргүзүлүүсү керектиги боюнча медресе мүдүрлөрүнө жана башкы имам хатибдерге тапшырмалар берилди.

Казыяттарга медреселердин документтерин иреттештирип, окуу пландарын, жадыбалдарын бирдиктүү иштеп чыгууну колго алуу тапшырмасы берилди. Жыйынтыктап айтканда диний окуу жайлар Өкмөттөн жардам көрсөтүлбөгөндүгүнө карабастан медреселердин көпчүлүгүнүн окуучулар үчүн түзгөн шарттары жакшы деп аныкталды.

______________________________________________________________________________________________________

Билим – жакшы  жашоонун ачкычы

Кесипке ээ болуу - коомдон ордун табуу

Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармалыгынын окуу бөлүмү 2014-жылы болуп өткөн Коргоо Кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууда, диний билим берүүнүн сапатын арттыруу жана диний билим менен кошо светтик жана кесиптик билим берүүнү жайылтууда чоң аракеттерди жасады. 

 2014-жылдын октябрь айынан тарта Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү “АВЕП” коомдук фонду менен биргеликте өнөктөштүк негизде алгачкы алаканы баштаган. Аталган коомдук фонд менен Кыргызстандагы эң алгачкы “Медресе – айыл жергесинде кесиптик окутуу” аталышындагы долбоорду баштап,  анын алкагында медреседе билим алып жаткан окуучуларга кесиптик билимди жайылтуу, аларга өнөр үйрөтүү жана эртеңки күнү алар коомдон татыктуу орун табуусун максат кылат. Алгач медресе мугалимдери үчүн билим берүүнүн методикасы, чарба жүргүзүүнүн эрежелери жана мекеме үчүн инвестиция же колдоо тартуунун жолдору сымал бир канча тренингдер уюштурулган. Бул иш-чараларды да “АВЕП” коомдук фонду каржылады. 2015-жылдын башынан тарта Чүй жана Бишкек аймагында жайгашкан медреселердин арасынан географиялык жана базалык шартын эске алуу менен андоо жүргүзүлүп, натыйжада 5 медресе тандалып алынган.

Тандалып алынган медреслер:

Бишкек шаарындагы “Абдулла бин Масъуд” медресеси, Кара-Балта аймагынан “Ку-ран-Нуру” Ислам Институту, Токмок аймагынан “Нур ал-Ислам” медресеси, Кой-таш аймагынан Арашандагы “Абдулла бин Аббас” медресеси, Жаңы-жер аймагынан “Равза” медресеси.

Географиялык ордуна жараша ар бир медресеге жакын жайгашкан медреселердин окуучулары да келип билим алуусун эске алып, бул долбоорго Чүй жана Бишкек аймагынан 25 медрсесе катышуусу каралган. Тандалып алынган медреселер үчүн эмгек чөйөрөсүн изилдеп көрүп, эң өтүмдүү кесип катары төрт кесип тандалды. Ал кесиптер “ашпозчулук”, “тигүүчүлүк”, “ширетүүчү” жана “электрик”.

2015 – 2016- жылдар арасында эки жылдык мөөнөттө аткарылган бул долбоор ар-кылуу медреседе билим алып жаткан окуучулардан беш жүздөн көбү атайын кесиптик  билим алып күбөлүктөргө ээ болушту. Алардын арасынан бир нечеси алган кесиби менен иштеп өзүнө жана жакындарына пайда алып келүү менен коомдон өз ордун таап пайдалуу кесипкөйлөрдөн боло алышты.

2017-жылдын башынан тарта бул долбоорду түштүк аймагына жайылтууну көздөп, өлкөбүздүн экинчи борбору болгон Ош шаарында атайын презентациялык жыйын уюштурулду. Буга чейин өнөктөш болуп келген “АВЕП” коомдук фонду менен биргеликте эки жылдык долбоор эми түштүк аймагында жайгашкан медреселер үчүн кызмат кылат. Алгачкы тандоо түштүк аймагы үчүн да жакшы кесиптердин эшигин ачты.

“Компьютердик сабаттуулук” боюнча Ош облусундага “Абдужапар” Ислам Институту долбоорго кирди, ал эми “Ашпозчулук” кесиби Жалал-абад облусундагы “Имам-Азам” медресесине ыйгарылды, “Тигүүчүлүк” кесибине окутуу Баткен облусунун “Имам-Азам” медресесине берилди. Мына ушундай тартипте медреседе билим алып жаткан окуучулар өздөрүнө өнөр таап, келечектеги кесиптерин үйрөнүп жаткан учурлары.