(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Окуу бөлүмү

Ракиев Замир Шейшенбекович

15.02.1978-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Шамшы айылында туулган.

Орто билимди аяктагандан кийинки билимдери.

1995-1999-жж. Бишкек шаарынын Борбордук мечитинин имамы Абдулмажид карыдан Куран жаттап, карылыкты окуган.

1999-жылы Египет мамлекетинин Аль-Азхар университетине барып, 2007-жылы Дин негиздери - Куран таасири факультетин аяктаган.

2007-жылы Абу Бакр Ас Сыддык медресесинде мугалим. 2008-жылы ошол эле медреседе директор.

2008- 2010-жж. БГУнун эл аралык мамилелер факультетинин магистратурасын бүтүргөн.

2010-жылы Нарын облусунун казысы.

2011-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Азрети Муфтийинин орун басары жана муфтияттын аппарат жетекчиси.

2016-жылдын февралынан тарта КМДБнын окуу бөлүмүн жетектеп келүүдө

Билген тилдери: Кыргыз, орус, араб, түрк.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.