Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
04:25
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:05
Аср
17:57
Шам
20:03
Куптан
21:25

Орун басарлары

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Жоробай ажы  Шергазыевдин кыскача өмүр таржымалы  

Жоробай Шергазыев 1974-жылы 27- августа   Баткен облусунда жарык дүйнөгө келген. 1992-жылы Баткен районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Бишкектеги «Хазрат Умар» атындагы медресеге тапшырып, белгилүү дин аалымдары болгон Молдо Хашим жана Молдо Газылардан сабак алып, Кыргызстан мусулмандарнын  диний башкармалыгы тарабынан Египеттеги бүткүл дүйнөлүк «Ал-Азхар» университетине жөнөтүлгөн. 2004- жылы «Ал-Азхар»  университетинин «Шариат» факултетин ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылдары «Ал-Азхар» университетинин магистратурасында өзүнүн билимин жогорулаткан.  2006-2009-жылдары Египеттин муфтиятындагы үч жылдык атайын фатва берүүгө даярдоо окуусун ийгиликтүү аяктап, ошол муфтиятта  2009-2010 жылы тажрыйба алуу максатында бир жыл эмгектенген. 2013 -2015 жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин “Чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар” факултетинин магистратурасын аяктаган.

2010–жылы Кыргызстан ислам университетине мугалим болуп эмгектенген.
2011-жылдан тарта «Ыйман» мечитине имам хатиб, 2011-жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнө адис эмгектенсе,  2013-жылдан тарта  фатва бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.  Ал эми  2016-жылдын феврал айынан тарта  Азрети Муфтийдин орун басары кызматын аткарып келүүдө. 

Эл.почтасы: jorobai@mail.ru


Ракиев Замир Шейшенбекович

Туулган жылы: 15.02.1978 ж.

Туулган жери: Нарын облусу, Кочкор району, Шамшы  айылы.

Улуту: Кыргыз

Эл почта : zamir-kr@mail.ru

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү , 1 уул, 2 кыздын атасы.

Билими:

  • 1986-1995 Орто мектеп.
  • 1995 – 1999  Бишкек борбордук мечити, Куран жаттоо медресеси.
  • 1999  – 2000  Египет мамлекети, “Университетке даярдоо курсу ”
  • 2000  – 2003  Аль Азхар Ислам институту.
  • 2003  – 2007  Аль Азхар Ислам университети, «Дин негиздери»
  •  
  • 2008 – 2010 Бишкек гуманитардык университети «Чыгыш таануу-Магистр»

Эмгек тажрыйбасы жана ишмердүүлүгү:

2007-2008 Чүй обл, Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим.

2008 -2010 Чүй обл, Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде директор.

2010 – 2011 Нарын облусунун казысы.

2011 -2016   Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары.

2016- 2017 Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн  башчысы.

2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары.