Муфтият-FM

(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Илим

Илим

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору менен Кыргызстан Ислам Университетинин ректору эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты

Muftiyat.kg/ 27-март/ Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов Кыргызстан Ислам Университетин зыярат кылып, Аалымдар Кеңешинин төрагасы, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов менен жолугушту.

Азирети Муфтийдин орун басары Орусия Ислам Университетинин проректору менен жолугушуп, билим берүү жаатында пикир алышты

Muftiyat.kg/ 22-февраль/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин  орун басары Жоробай ажы Шергазыев Башкортостан Республикасынын Орусия Ислам Университетинин проректору Ахметов Мурсаль Альбертович менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу алкагында  эки өлкөнүн диний билим берүүдөгү алакалары, жетишкендиктери, биргелешип иштөө жаатында пикир алышты. 

Исфанадагы «Абдулла ибн Аббас» медресесинин 5 айлык курсун бүтүргөн апалар сынакты ийгиликтүү тапшырышып, сертификат алышты

Muftiyat.kg/ 1-февраль/ Исфана шаарындагы «Абдулло ибн Аббас»   Ислам институтунда жогорку жаштагы апалар үчүн  атайын уюштурулган  5 айлык окуу курсу аяктап, сынактарды ийгиликтүү тапшыргандар сертификат алышты. «Биз үчүн эң маанилүүсү биз динибиздин негизи болгон Куранды туура окууну үйрөнүп калууга мүмкүнчүлүк жаралып калганына чексиз кубанычтабыз. Ошондой эле даарат, намаздарыбыздагы кемчиликтерибизди оңдоп алдык.

Өлкө аймагындагы диний окуу жайлар арасында билим олимпиадасы өтүп, жыйынтыгы чыгарылды (Жеңүүчүлөрдүн тизмеси)

Muftiyat.kg/ 28-январь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы "Адеп Башаты" коомдук прогрессивдүү фонду менен биргеликте Кыргызстанда алгачкы жолу  "Илимди издеген ачат" аттуу темада диний окуу жайлар арасында билим олимпиадасын өткөрдү. Олимпиада Кыргызстан Ислам Университетинде өтүп, ага өлкө аймагындагы 15 диний окуу жайдан 45 студент ат салышты. Сынак "Фикх" жана "Араб тили" сабактарынан өткөрүлдү.

Орус тилдүү имамдардын билимин жогорулатууга арналган семинар старт алды

MUFTIYAT.KG/ 23-декабрь/ Бүгүн, 23-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Башкортостан Республикасынын дин өкүлдөрү менен биргеликте имамдарды окууту семинары өз ишин баштады. Бул иш чарага Чүй облусунунун жана Бишкек шаарынын имамдары катышууда.

Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары арасында өтүп жаткан Эл аралык олимпиадада Кыргызстандан барган окуучулар алдыкы байгелүү орунга ээ болушту

Muftiyat.kg/ 3-ноябрь/ 26-октябрдан 5-ноябрга чейин Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары арасында жалпы билим берүүчү бардык предметтер боюнча Эл аралык олимпиада өтүүдө. Олимпиада Түркия мамлекетинде өтүп, ага Кыргызстандан жалпы билим берүүчү «Наима»   мектебинен 8 окуучу катышып, алдыңкы 4 орунду багындырышты.

1-орун – Майрамбек кызы Медина (биология)

2-орун – Чынгыз кызы Айкокуль (орус тили)

Баткен облусунун казысы Баткен аймакттык колледжинин студенттерине “Исламда сүйлөө адеби” темасындагы баяндамасын окуп берди

Muftiyat.kg/ 20-октябрь/ Баткен казыятынын жыйындар залында Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдошов Баткен аймактык колледжинин студентери менен жолугушуп, “Исламда сүйлөө  адеби” темасынын алкагында лекциясын окуп берди. Студенттер менен болгон жолугушууда облус казысы Куран жана хадистерде тил жана сөз сүйлөө  туурасында  айтылган бир катар пайдалуу малыматтерды айтып, алар кызыккан суроолорго жооп берди.

Лейлектин Тогуз-Булак айыл аймагынын тургундарына терс диний агымдардын алдын алууда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Лейлек районунун Тогуз - булак айыл аймагындагы  Бозогул мечитинде  Ыйман, адеп маданият жылына карата диний маалыматтык-профилактикалык иш-чара болуп өттү.

         Иш чарага жергиликтүү жашоочулар, бийлик өкүлдөрү жана дин кызматкерлери катышып Лейлек районун баш имам хатиби Намазбаев Медербек ажы баяндама жасады.

Жалал-Абадда “Ден соолукту чыңдайбыз, кадырлайбыз, барктайбыз” аттуу иш чара уюштурулууда

Muftiyat.kg/ 20-октябрь/  Студенттердин, болочок энелердин ден-соолугун сактоо, чыңдоо, мугалимдердин спортко болгон көз карашын туура калыптандыруу максатында “Аиша-Сиддика” кыз-келиндер медресесинде “Ден соолукту чыңдайбыз, кадырлайбыз, барктайбыз” аттуу иш чара уюштурулуп жаткандыгы боюнча аталган медресенин мүдүрлүк милдетти аткаруучу Капарбек Абдыкалыков маалымдады.

Тоң райондагы Ак-Сай, Ак-Ɵлөң айыл эли Бишкек шаарындагы «Расул Ахмад» Ислам Институтуна азык-түлүк түрүндө жардам беришти

Muftiyat.kg/ 20-октябрь/ Ысык-Көл облусунун Тоң райондук хатибияты Ак-Сай, Ак-Ɵлөң айыл эли тарабынан чогултулган 3 кой, 10 кап алма жана 30 кап картошка азыгын Бишкек шаарынын Учкун кичи районунда жайгашкан «Расул Ахмад» Ислам Институтуна  жергиликтүү элдин атынан жеткирип беришти. Баш имам хатибдин айтымында мындай кайрымдуулук иштери ар жылы уюштурулуп, билим алып жаткан балдарга түрткү берүү жана аларды колдоо максатында уюштурулуп келет.

Подписка на RSS - Илим