Жалал-Абад облусунун казысы Аксакалдар Кеңешинин төрагасы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты
Muftiyat.kg/ 20-апрель/ Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров облустук Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө райондук жана шаардык хатибияттар жергиликтүү Аксакалдар Кеңеши менен тыгыз кызматташуусу жана аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында элет жериндеги жаштар менен иштөө туурасында баарлашты.