Муфтият-FM

Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Спорт

Спорт

Баткенде медреселер аралык спорттук мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Muftiyat.kg/ 12-апрель/ Баткен облусунун аймагындагы медреселер арасында спортун футбол, теннис жана волейбол   түрү  боюнча мелдеш өткөрүлдү.Баткен казыяты жана Баткен районундагы  Нур Куран жаттоо медресеси тарабынан уюштурулган мелдеш Баткен шаарында уюштурулуп,  жыйынтыгында футбол боюнча   Баткен районундагы  Нур Куран жаттоо медресеси,  волейбол боюнча Муьаз ибн Жабал медресеси, теннис боюнча Муьаз ибн Жабал медресеси биринчиликти камсыз кылышты.

Ошто казыят кызматкерлери арасында футбол оюну боюнча турнир өттү

Muftiyat.kg/ 25-март/ Ош шаарындагы “Ак-Тулпар” спорт комплексинде Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) биргеликте “24-Март Бүткүл дүйнөлүк Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө” карата “Кургак учукту бирге жеңебиз – Ислам кодулоого каршы” аттуу девиз менен казыяттар арасында футбол турнири болуп өттү.

Ош облусунун Кара-Суу шаарында райондук хатибияттар арасында спорттук турнир өттү

MUFTIYAT.KG/ 12-март/ Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы “Газ Пром” спорт комплексинде Ош облусунун аймагындагы райондук хатибияттар арасында спорттун волейбол түрү боюнча турнир өттү. Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ош облусунун мусулмандар казыяты жана Кара-Суу райондук хатибияты тарабынан демилгеленип, мелдешке облус аймагындагы 7 райондук хатибият жана казыят кызматкерлеринен турган жалпысы 8 команда катышты. 

Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук турнир өтүүдө

Бүгүн, 7- май күнү Сокулук районуна караштуу Байтик айылында жайгашкан "Кут Билим" окуу-тарбия комплексинде, ынтымакты, биримдикти чыңдоо максатында уюштурулган спорттук мелдеш болуп, кызуу уланууда. Бул иш чара Кыргызстан мусулмандарынын Экс муфтий Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналды. Мелдеш спорттун футбол жана баскетбол түрлүрү боюнча өтүп, ага 12ден ашык командалар ат салышууда. Турнир мугалимдер жана окуучулар болуп эки этапка бөлүнүнүп, оюн кызыктуу уланууда.

Дүйнөлүк Куран жарышта Кыргызстандын намысын коргогон Закиров Абдурахман 3 орунду багынтты

4 - май күнү Индонезия мамлекетинде жалпысынан 17 мамлекеттин өкүлдөрү  катышкан бүткүл дүйнөлүк Куран жарышы болуп өттү. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 4 мекендешибиз аттанып, үчөө Куран жарышы, бир бала хадис боюнча күч сынашышты. Сынактын жыйынтыгы боюнча Сокулук районунун, Жаңы-Жер айылындагы медресенин тарбиялануучусу, 19 жаштагы Абдурахман Курандан 30 пара жаттоо боюнча 3-орунду багынта алды. Кыргызстандын намысын коргоп, туусун желбиреткен мекендешибизди бул жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Лейлекте окуучуларга диний маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Muftiyat.kg/ 2-май/ Мектеп окуучуларынын руханий жана адеп-ыйман баалулуктары менен дүйнө таанымды айкалыштырган жаранды өстүрүү жана суицидтин алдын алуу максатында Лейлек районунун  Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп окуучуларына маалыматтык профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында Бешкент айылдык кеңеши жана  Исфана шаарындагы Абдулла ибн Аббас медресеси биргеликте аймактагы А.Момунов, А.Файзиев, А.Бабаханов атындагы орто мектептеринде “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Баткендеги жаштар арасында өткөрүлгөн спорттук мелдеште казыят кызматкери биринчи орунду багындырды

Мuftiyat.kg/ 29-октябрь/  Баткен шаардык мэриясынын жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан шаардагы мекеме-иш каналар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдеш спорттун бир канча түрүнөн өткөрүлүп, ар бир иш кана  мелдеште  өздөрүнүн өжөрлүгүн көргөзүшүп, жеңүүнүн аракетинде болушту. Ал эми  кол күрөшүү боюнча таймашта Баткен облустук мусулмандар казыятынан катышкан  Абдумуталип Момунов биринчи орунду камсыз кылды. Абдумуталип Момунов 70 кг салмакта күч сынашкан.

Баткенде түштүк аймактык казыяттар арасында спорттук мелдеш өттү

Бишкек/ 17-октябрь/ muftiyat.kg/ Баткен шаарында “Тарых жана маданият” жылына карата   Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына караштуу түштүк аймактык казыяттар арасында “Спорт ынтымакты, биримдикти бекемдейт жана спорт экстремизм, терроризмге каршы” аталышындагы спорттук мелдеш болуп өттү.

Сүлүктүдө 7-апрелде курман болгондордун элесине спорттук мелдеш өткөрүлдү

Сүлүктү шаардык мэриясы тарабынан 7- апрелде курман болгон мекендештерибиздин элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү.Бул тууралуу облустук казыяттын маалымат кызматына Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Жолдошов Муса ажы билдирди.

Маалыматка ылайык иш чарага Сүлүктү шаарынын мэри А.Ибрагимов,Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Жолдошв Муса ажы жана 14 команда катышкан. “Спорттук мелдеште жеңишке жеткен командаларга акчалай сыйлыктар жана 1-2-3-даражадагы дипломдор тапшырылды” деди Муса ажы Жолдошов.

Кара-Буура районунда улуттар арасында спорттук оюн болуп өттү

Талас облусунун Кара-Буура районунуна караштуу Аманбай айылында Ч. Айтматов атындагы орто мектебинде диний лидерлердин уюштуруусу менен "Биз башкабыз бирок максатыбыз бир" аттуу улуттар арасында спорттук оюн болуп өттү. Оюнга казак, курт, түрк, өзбек, орус, кыргыз улуттарынын өкүлдөрү катышып, кызыктуу таймаш болду. Иш чаранын башкы максаты бир аймакта жашаган элдердин улутуна карабастан баары бир улуттай ынтымакта жашоосун, ортодо тынчтык, биримдүүлүк болуусун, чыр-чатактын алдын алуу жана баарыбыздын динибиз ислам экенин даңазалоо болуп саналды.

Подписка на RSS - Спорт