Муфтият-FM

Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Өзгөчө кырдаал

Өзгөчө кырдаал

Бүгүн Республика боюнча мамлектибиздин тынчтыгы, элибиздин аманчылыгы үчүн дуба кылынып, Өзгөндөгү жер көчкүдөн каза болондорго Куран окулмакчы.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын буйругун негизинде бүгүн, 5- майда Республикабыздын аймагындагы бардык мечиттерде жерибиздин тынчтыгы элибиздин аманчылыгы үчүн Жараткан Алла Тааладан дуба кылынып, ар кандай апаттуу кырсыктардын болбошу үчүн бата - тилектер кылынмакчы. Ошондой эле бүгүнкү ыйык жума күнүдө Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылындагы жер көчтүдөн шейит кеткен бир туугандарга багышталып Куран окулуп, дуба кылынмакчы.

Азирети Муфтий Өзгөндөгү жер көчкүдөн каза болгон мекендештерибиздин жакындарына көңүл айтты

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл округунун Аю айылындагы жер көчкүдөн каза болгон 24 мекендешибиздин туугандарына, жакындарына Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын, жалпы мусулмандардын  жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. 24 мекендешибиздин жер көчкүнүн алдында калып көз жумушу кыргыз эли үчүн оор жоготуу жана орду толгус оор кайгысы. Маркумдарыбыздын жаткан жери жайлуу, топурактары торко болуп, Жараткан Өз рахматына алсын. Ал эми көз жумган бир туугандарыбыздын жакындарына Алла Таала кайраттуулукту жана сабырдуулукту берсин.

Кара-Сууда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга 250 000 сом жардам көрсөтүлүп, 5 үйдү капиталдык ремонттон өткөрүү убадасы берилди (фото)

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухамед Минбаев, Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби Анарбек ажы Жусупов жана Кара-Суу районунун баш имам хатиби Сүйүн ажы Калыков баштаган топ Чайчы айылында болуп өткөн жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандардан кабар алышты.

Подписка на RSS - Өзгөчө кырдаал