«„О, Аллаh! Мы отозвались на Твой призыв! Мы искренне отозвались — призывая, что нет у Тебя сотоварища! Воистину, Хвала Тебе и блага только от Тебя, милость и власть! Нет у Тебя сотоварища!“».

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Катчылык жана кадр бөлүмү

 

Катчылык жана кадр бөлүмүнүн башчысы

Койчукулов Абдугапар Абдибаитович

__________________________________________________________

        Койчукулов Абдугапар  1980-жылы Баткен обласынын Кадамжай районундагы Чаувай айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1987-жылы Чаувай айылындагы орто мектебине тапшырып, 1994-жылы аякатаган.

       Он төрт жашына чейин ата-энесинин колунда тарбияланып, айылында өскөн. Кийин 1994-жылы Кызыл-Кыядагы “Азрети Усман”  атындагы медресине тапшырып, 1999-жылы бүтүргөн.

      2000-жылы Бишкек шаарындагы Кыргызстан Ислам Университетине тапшырып, ошону менен биргеликте 2001-жылы Ислам изилдөө борборунун адиси, 2002-жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасында катчы жана Азрети Муфтийдин жардамчысы болуп иштей баштаган. 2005- жылы Ислам университетин бүтүргөн.

     2005-жылы КМДБнын жоопту катчысы болуп дайындалган. 2014-жылга чейин жоопту катчылык кызматты аркалап, 2014-жылы КМДБнын Катчылык жана кадр бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат кылып келе жатат.

КМДБнын катчылык жана кадр бөлүмүнүн

кызматтык өзгөчөлүктөрү

1. Жалпы жоболор

1.1. Документ иштери боюнча түз Азирети Муфтийге баш ийет;

1.2. Убактылуу иш ордунда жок болгон (эс алуу, ооруп калуу ж.б.у.с.) учурларда анын милдетин Азирети Муфтий дайындаган киши аткарат.

2. кызматтык негиздери

- Кураан жана сүннөт

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын

- Муфтияттын көрсөтмө актылары жана буйруктары

3. төмөнкү кызматтык милдеттери

3.1. Муфтийдин тапшырмасы боюнча анын жогунда иш кагаздарын  жүргүзөт  жана  документтерди керектүү даректерге тескөөнү уюштурат; 

3.2. КМДБна жана Азрети Муфтийге кайрылган коомчулук менен жакшы мамиле байланыш түзүү;

3.3.Муфтияттын (Жумалык отурумдарынын, Курултайларынын, Азрети Муфтийдин протоколун ж.б.) күн тартибин, катышуучулардын дайынын аныктайт жана КМДБнын отурумдарын, протоколдорун  даярдайт;

3.4. Муфтияттын иш кагаздарын тартиптейт жана архивтештирет;

3.5. Муфтияттын (КМДБнын) кызматкерлеринин өздүк делолорун тактайт;

4. укуктары

4.1. Муфтийдин, орун басарларынын, муфтияттын ар бир бөлүмүнүн (аткарылган жана аткарыла турган каттар, иш кагаздар) аткарылган иш кагаздар   тууралуу маалымат алып архивдештирет;

4.2. Байланыш, компьютердик жана  көбөйтүүчү  каражаттарын  колдонууга;

4.3. Кызматтык   функциясына ылайык  квалификациясын жогорулатууга.

5. жоопкерчилиги

5.1. Кызматтык  функцияларын жана милдеттерин өз убагында, так аткарууга;

5.2. Ички эмгек тартип эрежелерин сактоого;

5.3. Муфтияттын коомдук статусун таза кармоого;

5.4. Карамагындагы  мүлккө  сарамжалдуу мамиле кылууга жоопкер (мөөр, устав ж.б. иш кагаздар, компьютер, принтер, ксерокопия)