«Не тот силён, кто побеждает многих, силён лишь тот, кто владеет собой в гневе». 

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Маалымат

2013ж. 22-ноябрь куну КМДБнын 2013-2014 окуу жылына карата диний окуу жайларга киргизилген жаңы программанын ишке ашуусун көзөмөлдөө жана окуу жайлардын кышка карата даярдыгын текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү Эратов Равшан ажы, Чүй облусунун казысынын орун басары Чынкожо ажы, окуу бөлүмүнүн адиси Маматов Куштар Бишкек шаарын жана Чүй облусундагы жалпы медреселеринин ал-абалын текшерип чыгышты. Медреселердин кышка болгон даярдыгы жакшы болгондой эле «Умар» атындагы медреседе атайын бөлмөлөргө жылыткычтарды орноштуруу ремонт иштери жүрүп жатат. Кээ бир медреселерге парта, стол жана окуу китептери жетишсиздигине байланыштуу ушул жактан муктаждыктары бар. Медреселер КМДБ тарабындан бекитилген окуу программаларына жетишип ийгиликтүү окуу жүрүп жатат. Медреседеги окуучулар сабакка мыкты катышып окууга болгон аракеттери жакшы. Айыл жана шаардагы мекендештердин, ошондой эле өзгөчө мектеп жаштагы балдар-кыздардын Ислам динин, адеп-ахлакты, Куранды жана хадисти окуп үйрөнүүгө болгон талаптары өтө жогору.

Текшерүү комиссиянын жыйынтыгы менен үч медресеге тазалык жана медресенин шартын оңдоо жагынан эскертүү берилип бир медресеге мугалимдин жетишсиздиги жана медресенин абалы начардыгынан убактылуу медресени жапканга чечим чыгарылды.

Комиссия курамы Бишкек шаары жана Чүй облусундагы медреселердин арасынан он эки медресени окуу-билим жана түзүлгөн шарттары жагынан эң жакшы деп белгилеп кетти. Буларга: Бишкек шаарындагы «Кыргызстан Ислам Университети», Көлмө айылындагы «Көлмө» медресеси, Арча-Бешик жаңы конушундагы “Абдулла бин Масъуд” медресеси жана Чүй облусунан Аламүдүн районунун Арашан айылындагы «Абдулла ибн Аббас» медресеси, Токмок шаарындагы «Токмок» медресеси, Ысык-Ата районунун Кең-Булун айылындыгы «Ала-Тоо» медресеси, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы «Равза» медресеси, Карабалта шаарындагы “Хазрети Осман” Ислам институту, Карабалта шаарындагы “Куран нуру” Ислам институту, Жайыл районунун Ново-Николаевка айылындагы «Чахокадым» медресеси, Карабалта шаарындагы«Имам Азам» медресеси, Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр Аль-Сыдык» медреселери кирет. Бул медреселердин кышка болгон даярдыгы, окуучулардын сабака болгон катышуусу жана аракети жакшы. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармасы жалпы элибиздин атынан диний окуу жайлардын баарына чоң чоң ийгиликтерди каалап кетет.

 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы уюштуруп жаткан имамдардын билим деңгээлин жогорулатуучу курстун экинчи күнүндө, бүгүн 17-декабрда КМДБнын Азрети муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев баардык облустун Казылары менен биргеликте илим алып жаткан имамдарды зыярат кылды. Облустардан келген имамдар менен элдин ортосундагы мамилелердин бекем болуусу үчүн айыл өкмөттөрү, акимияттар жана мамлекеттик күч органдары менен жакындан иштешүүгө чакырды. Мектептердеги суициддердин алдын алуу үчүн мектептердин директорлору менен сүйлөшүп жаштарга динде өзүн өзү өлтүрүүнүн, асынып алуунун зыяндуу жактарын кененирээк түшүндүрүп, лекцияларды өтүп туруу керек экендигин белгилеп, коомдо болуп жаткан ар бир жат көрүнүштөр биринчи имамдардан сурала тургандыгын эскертти. Бул өткөрүлүп жаткан имамдардын билим деңгээлин жогорулатуучу окууда мүмкүнчүлүккө жараша билим денгээлдерин арттырып калууларын айтып, имамдардын окууларына ийгилик каалады. Мамлекетибизде жылдагыга караганда кылмыштуулук аз катталгандыгын белгилеп, бул иштерде дин адамдарынын, айрыкча имамдардын жана дааватчылардын эмгектеринин таасири да чоң экендигин белгиледи. Имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу курсун уюштуруп жардам берип жаткан «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын» президенти Саид Баюми мырзага Жараткан Алла Таала ыраазы болсун деп, ден соолугу чын болуусун каалап, дуба кылды. Куда кааласа, бул сабактардан имамдарыбыз көп пайдалуу илимдерди үйрөнүп кетет деп ишенебиз.