«Не тот силён, кто побеждает многих, силён лишь тот, кто владеет собой в гневе». 

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Муфтий

Максатбек ажы Токтомушев

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 1973–жылы 9- августа Ош обласынын Кара-Кулжа районунун  Кара-Кулжа айылында төрөлгөн. 1990-жылы Кара-Кулжа орто мектебин ийгиликтүү аяктагандан кийин, 1991–жылы Бишкек айыл чарба институтуна кирип, 1995 –жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылдары  Бишкектин борбордук мечитине каттап, дин илимерин окууга ынтызаар эле. Ислам институтуна келип, алгачкылардан болуп элибизге таанымал аалымдардан илим алган.  1997-жылдан тартып, диний билимин чет өлкөдөн улантып, Пакистан мамлекетиндеги Ал-Арабия университетинин «шарият» факультетин аяктап, 2005 –жылы мекенине кайтып келген. 2005-жылдан тартып  азыркы күнгө чейин «Абдулла ибн Масъуд» медресесинде мугалим. 2009-жылдан баштап Эко Исламик банкында эл аралык шарият кеӊешинин мүчөсү болуп иштеп келүүдө. 2010-2013 жылдары  Бишкек шаарынын казысы ал эми 2013-2014 жылдары Азирети муфтийдин орун басарлык кызматын аркалаган.

2014-жылдын 8-январында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар  Кеӊешинин кезексиз отурумунда көпчүлүк Аалымдар Кенешинин добушу менен Азирети муфтий кызматынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ушул эле жылдын 4-мартында Кыргызстан мусулмандарынын V  курултайында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи болуп бекитилди.

Учурда Үй-бүлөөлү,  3 уул, бир кыздын атасы.