أَعُوذُ بالله مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ‎‎ — прибегаю к Аллаху от проклятого сатаны

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Өнүгүү концепсиясы

 

                       Уламалар кеңешинин 14.05.2013-жылы
     №
5 токтомунун негизинде кабыл алынган

 

Кыргызстандагы диний билим берүү Концепциясы

(негиздөө)

            Ислам билим берүү негиздерин түптөө маселеси, мусулмандар үчүн эле эмес, Кыргызстан мусулмандарынын келечегин, биздин коомдун эртеңки күнүн  ойлогондордун бардыгынын башкы маселеси болуп эсептелет. Анткени, бүгүнкү күндө коомдо адеп-ахлак байлыгына умтулуу бир топ деңгээлде  жоголуп, материалдык байлыкка умтулуу,  жалпы калктын жакырлануусу, аракечтик жана башка терс көрүнүштөрдүн орун алуусу байкалууда. Диний окуу жайларынын негизги максаты, жогорку адистиктеги мусулман ишмерлерин, ислам жана дүйнөлүк илимдердин ар кайсы тармагы боюнча адистерди  даярдоо  аркылуу коомдун руханий-адеп-ахлактык түркүгүн бекемдөө болуп эсептелет эмеспи. Коомду демократизациялоо сөз, басма жана жыйналуу эркиндигин иш жүзүнө ашырууга эле алып келбестен, иш жүзүндө абийирсиздикти тыюуну жок кылууга да алып келди. Диний аң-сезимдин өз бетинче жаралуусу башталды. Мурдагы союздук республикаларда эгемендүүлүктүн башталуусу, Исламдын дүркүрөп өсүп-өнүгүүсүнүн мезгили болуп калды. Кыргызстандагы бул татаал жана бир кылка эмес процесстин ажырагыс бөлүгү болуп, 1991-жылга чейин официалдуу түрдө жок болгон ислам окуу жайларын уюштуруу жана легалдаштыруу эсептелет.

            Бүгүн акыйкатта, маселеге эски көз караштарды, ой жүгүртүүлөрдү, чоочулоо, ишенбөөчүлүктөрдү  таштап, жаңыча көз караш менен кароого мезгил жетти. Учурдун талабына ылайык улуттук менталитетти, руханий-адеп-ахлактык, психологиялык жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын  эске алуу менен, диндин, мындайча айтканда Исламдын фундаменталдык негизин козгобостон, жаңы ыкмаларды жана өз ара мамиленин жаңы түрлөрүн табууга аракет кылуу керек.

            Өлкөдөгү Исламдын өнүгүүсүнүн башкы белгиси болуп, диний билим менен дин илиминин ажыттарын окутуучу илимдин деңгээли эсептелет. Бирок, өкүнүчтүүсү, биздин өлкөбүздө дин илими боюнча илимий даражасы бар дин илиминин ажыттарын окутуучу окумуштууларыбыз жок. Жогорку адистиктеги кадрлардын жетишпестиги, билим берүүдөгү тажрыйбанын жана иштелип чыккан концепциянын жоктугу өтө сезилүүдө. Ислам жогорку билиминин келечеги – ачык-айкын билим берүү системасын түзүүдө турат. Жана ЖОЖдордо дин аалымдарын магистрлик диплому бар адистер, жакшысы илимдин докторлору даярдап чыгарыш керек. Биздин диний жогорку билим атаандашууга жөндөмдүү болуп жана чет элдик билим борборлорунан кем калышпоо керек. Чет элге чыккан бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын ислам ЖОЖдорунун диплому  менен кетип, кайтып келгенде, магистрдин, илимдин кандидаттарынын, докторлорунун диплому менен  келишип, биздин өлкөдө жогорку (магистрлик) билим алууга шарттарды түзүп берүүлөрү керек. Бүгүнкү күндө мусулман дүйнөсүндө ар кандай диний мазхабдар, мектептер жана окутуу ыкмалары бар. Биздин өлкөдө Исламдын ролун ар кандай түшүнүшөт. Биринчилик, Кыргыз (светтик) мамлекетинин өзгөчөлүгүн, социалдык-экономикалык деңгээлин, менталитетин, салттарын, руханий жана психологиялык абалын, азыркы коомдун суроо жана талаптарын  камтыган ислам жогорку билим берүү системасын түзүүгө таандык болуш керек. Тарыхый жактан, мамлекет көп улуттуу болуп, ар кандай маданияттардын таасири байкалууда. Бул жерде жалпы тарыхый тагдыр бириктирген  жана өздөрүнүн улуттук маданий өзгөчөлүгүн сактап турган ар кайсы улуттардын “кошулмалары”. Бул жерде азия жана европа цивилизацияларынын моделдеринин биригүүсү. Бул биримдик жашоонун өзгөчө үрп-адатын жана аң-сезимин, калктын өзгөчө менталитетин калыптандырууда. Диний билим берүүнүн калыптануусунун ажырагыс бөлүгүнө, бирдиктүү диний окуу-билим берүү мейкиндигин түзүү кирет. Бизде диний окуу жайлардын түйүндөрү бар, бирок, диний билим берүү системасы жок, окуу программаларын жана пландарын иштеп чыгууда алардын башкы багыты аныкталган эмес. Бүгүнкү күндө маданият жана идеологиянын көйкөйгөлөрү, коомдук аң-сезимди жана өлкөнүн социалдык түзүлүшүн  өнүктүрүүдө система түзүүчү факторлордун кызматын өтөйт. Бул көйгөй бүгүн диндин идеология катары жаралуусу менен тыгыз байланышкан. Көптөгөн практикалык көйгөйлөрдүн чечилүүсү методологиялык мүнөздөгү жалпы маселелерди чечүүгө байланышкан. Мусулман окуусунун мазмунун чечмелеген жана аны тутуунун шарттарынан болгон методологиялык суроолор бар. Биз адамдардын аң-сезимине мусулман дининин маңызы жөнүндөгү түшүнүктү, анын адеп-ахлак-адаттык принциптерин, Исламдын кайра жаралуу процессиндеги негизги  түшүнүктөрдү тактамайынча, ачык-айкын чагылдырып бере албайбыз. Дин илими тайкы үстүртөн, тийип-качып  илим алган адамдардын, Курандын маани-маңызын жана ошондой эле мусулманчылыктын ырым-жырым, каада-салттарын чечмелөөлөрүнө чекит коюуга убакыт жетти.

            Диний ЖОЖдордо светтик сабактарды киргизүү бул мусулман интеллигенциясын даярдап чыгаруу максатында, светтик адистиктерди берүү болуп эсептелет.

            Методология маселелерине адамдык интеллектин, анын аң-сезимин жана ой жүгүртүүсүн  өнүктүрүү маселеси дагы кирет. Азыркы учурда адам көйгөйлөрдү өз алдынча чечүү ыкмаларына ээ болбой туруп, турмуштан өз ордун табуусу мүмкүн эмес. Диний кызматкер диний иш-аракеттерди аткаруу менен бирге эле, жамааттагы социалдык кызматкер жана үй-бүлөнү багуучу болуп да эсептелет. Өзүн диндин кызматына жана анын маани маңызын окуп түшүнүүгө арнаган адамдардын илимий билим алуулары да керек. Азыркы окуу процесси альтернативдик чечимдерди кабыл алууга кенен мүмкүнчүлүк түзөт. Андыктан, окуу процесси диалогдорго, ой-пикирлердин кагылышуусуна, дискуссияларга, талаш-тартыштарга жана ушул сыяктууларга түзүлүш керек. Диний эреже болсо өз алдынча чечим кабыл алууга жол бербейт, анткени Куран жана Сүннөттө бардык чечимдер алдын ала белгиленген.

            Окуу пландарында диндин рухун жана мазмунун калтыруу менен бирге, окуу процессин уюштурууда, светтик кесиптик билим берүүнүн азыркы тажрыйбадан өткөн үлгүсүн колдонуу талапка ылайыктуу болот. Билим берүүнүн бирдиктүү мейкиндигин түзүүдө негизги көйгөлүү маселерден болуп, биздин көз карашыбызда төмөндөгүлөр эсептелет:

1.Кыргызстанда Исламдык жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн концепциясын түзүү. Бул документтерде төмөндөгү көйгөйлөр так көрсөтүлүш керек:

-орто жана жогорку кесиптик окуу жайлары (бакалавриат жана магистратура) үчүн диний билим берүүнүн мазмундук жагы;

-орто кесиптик окуу жайларында салттуу мазхаб боюнча окутууну жетекчиликке алуу;

-окуу процессинде светтик менен диний окуунун катышы;

-окуучуларды бир жактуу тарбиялоого тоскоол болуучу сабактардын тизмеси;

- диний билим берүүдө жана башкаларда Ислам “Теологиясынын” ордун аныктоо.

2.Орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын, алардын аттестациясынын жана аккредитациясынын типтүү жоболорун бекитүү.

3. Дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен орто жана жогорку кесиптик мектептер боюнча кесиптик классификаторлорду түзүү. Жогорку мектепке төмөндөгү багыттар боюнча:

-Ислам укугу жана мыйзамтаануу;

-Куран илими

-Хадис илими

-Ислам дининин негиздери

-Ислам дааваты

-Ислам цивилизациясы

-Лингвистика (араб тили) ж.б.

4. Билим берүү стандарттарын түзүү.

5. Кыргызстандагы диний билим берүүнү түптөөнүн жалпы принциптерин жана практикалык ишмердүүлүктүн ыкмаларын иштеп чыгуу.

6. Кесиптик багыттоо ишинин системасын түптөө жана өтө таланттуу өспүрүмдөр, келечектеги аалымдар менен иш алып баруу, аларды окууларын улантуу үчүн чет мамлекеттерге жиберүү.

Бул жана башка маселелерди чечпей туруп өлкөдө мусулман үммөтүнүн диний окуусунун салттарын кайра жаратуу жөнүндө сөз жүргүзүү кыйын болот.

Бийликтерде, мамлекет менен диний окуу жайларынын ортосундагы кызматташууну жөнгө салууда көп мүмкүнчүлүктөр бар.

-бардык диний окуу жайларынын коммуналдык төлөмдөрүн минималдуу өлчөмгө чейин кыскартып койсо болмок.

-медреселерде светтик предметтерди окутууну каржылоо  системасын иштеп чыгуу керек, сөз толук эмес каржылоо жөнүндө жүрүп жатат.

-азыркы учурда өзөктүү маселелердин бири лицензиялаштыруу (аккредитация)  болуп эсептелет. Ал үчүн парламентте каралуу стадиясында турган “КР диний эркиндик” жөнүндөгү жана “КР билим берүү жөнүндөгү”  закондордун статьяларын кайра карап чыгуу керек.

Абалдан чыгуунун жолуна ушул тармак боюнча чет мамлекеттик (анын ичинен европалык) тажрыйбаны үйрөнүү, балким, диний башкармалык  аккредиттеген диний окуу жайларды мамлекеттин таануусунун  жана аны иш жүзүнө ашыруусунун механизмдери айтылган, диний башкармалык менен өкмөттүн ортосундагы макулдашуу документтерин түзүү. Азыркы учурда мындай убактылуу макулдашуу кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттеги ислам билим берүүсүн жөнгө салуунун эң көйгөйлүү маселелерин чечмек.

            Бирдиктүү маалымат мейкиндигин түптөө зарылдыгы бышып жетилди.  Анын керектүү шарты болуп улуттук, орус жана англис тилдериндеги маданий жана маалымат-жаңылыктык багыты бар  дээрлик бардык окуу жайлар өздүк сайтка жана электрондук почтага ээ болуш керек.

            Исламдык кесиптик окуу жайларды түзүү жолунда ар кандай олимпиадаларды, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү жана ошондой эле ЖОЖдордун жана медреселердин жетекчилеринин жана мугалимдеринин кесиптик сапатын жогорулатуу курстарын уюштуруу  көрүнүктүү ролду ойнойт.

            Азыркы учурда, бирдиктүү билим мейкиндигин түптөөдө, көрүнүктүү ролду ойной турган КМДБнын камкорчулугунда Бишкек шаарындагы бир ислам ЖОЖунун базасында мусулман кесиптик окуу жайынын борборун уюштуруу максатка ылайык. Жана ал азыркы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, КР мыйзамынын негизинде   мусулман кесиптик билим берүү системасын жаратууда да көрүнүктүү ролду ойномок. Ал, мусулман кесиптик окуу жайлары үчүн жалпы улуттук методикалык жана аналитикалык борбор болуп, мусулмандардын эң жакшы диний билим берүү салттарына таянуу менен программаларды жана окуу адабияттарын  чыгаруу маселелерин жөнгө салып турмак.

Азыркы талапка ылайык, билим берүүнү жаңы сапаттык деңгээлге алып чыга турган өлкөбүздө, ал эле эмес Борбор Азия боюнча ислам билим берүүсүнүн атайын фондун түзүү жана вакф институттарын ачуу (жаратуу), каржылык кыйынчылыктарды чечүүнүн жолдорунун бири болуп саналат.

            Мамлекет өлкөбүздөгү исламдын, билим берүү системасынын жана окуу процессинин  калыптануусуна көмөк көрсөтүп жана колдон келген жардамын берип туруусу зарыл. Анткени мусулмандар мамлекеттин толук кандуу жарандары болуп эсептелет. Мына ушулар бардык иштерде жана документтерде негизги жана башкы нерсе болушу керек. Калктын руханий-адеп-ахлактык, социалдык-экономикалык  деңгээлин көтөрүүдө, аалымдардын таасиринен пайдаланып туруу, мындайча айтканда аларды союздаш кылып алуу керек. Бул мамлекет менен диндин өзүнчө мамилесин жана кызматташуусунун формасын талап кылат.

 

 

 

 

 

Кыргызстандагы Ислам билим берүү системасынын өнүгүүсүнүн 

КОНЦЕПЦИЯСЫ

 

         Кыргызстанда эгемендүүлүк мезгилинен тартып Ислам диний билим берүү тармагы түзүлүүдө. Ислам окуу жайларынын саны көбөйүүсүнүн артынан, акылга салып ойлонуу мезгили келди. Ислам билим берүүсүндө алдыңкы ролду Ислам университеттери жана медреселери  ээлейт.

            Кыргызстанда төмөнкүдөй Ислам билим берүү системасы сунуш кылынат:

1 – Каары кана -  Медреселерде,мечиттерде жана жергиликтүү диний уюмдарда Куранды жатка жаттатуу курстарын ачуу менен каары каналарда  камсыз кылынат;

            -окуучулардын базалык диний билими – Куранды толук жаттка жаттоо, башталгыч куран алаипеси;  сабактар жалпы билим берүү мектептериндеги сабактардан кийин кенже жана өспүрүмдөр группасында жүргүзүлөт, окуу мөөнөтү экиден үч жылга чейин. Окуучулардын жаш курактары кенже группалар үчүн 6 дан 12 жашка чейин, өспүрүмдөр группалары үчүн 13 төн 16 жашка чейин; жаштар группасы үчүн 17 ден 35 жашка чейин, жогорку жаштагы группалар үчүн 35 жаштан өйдө.

            Максаты – Куранды толук жаттатуу,Исламдын негиздерин үйрөнүү, мусулмандардын негизги милдеттерине үйрөтүү.

2. – диний башталгыч билим -  башталгыч эки жылдык медреселер аркылуу камсыз кылынат;

- окуучулардын базалык диний билими – башталгыч ; окуу мөөнөтү – 2 - жыл. Окуучулардын жаш курактары: жаштар группасы үчүн – 16-35 жаш, жогорку группалар үчүн – 35 жаштан жогору.

            Максаты – окуучулар окууларын атайын профессионалдык жана жогорку окуу жайларында улантуу же  мечиттерде  диний кызматчылык (Имам, сопу, азанчы) милдеттерин аткаруу үчүн.

3 –кесиптик орто диний билим -  күндүзгү орто медресе (колледждер, диний лицейлер) аркылуу камсыз кылынат; окуучулардын базалык диний билими – башталгыч же орто; окуу мөөнөтү 3-4 жыл. Окуучулардын жаш курагы 16-35 жаш.

            Максаты – окуучулардын окууларын жогорку окуу жайларында улантуу же, мечиттерде диний орто кызматчылык милдетин аткаруу үчүн.

4 – жогорку диний билим – ислам диний билим берүү мекемелери тарабынан күндүзгү, кечки же сырттан окуу түрүндө камсыз кылынат; окуучулардын базалык диний билими – Толук эмес жогорку (бакалаврдыкы) же жогорку окуу жайдын даярдоо бөлүмү. Окуу мөөнөтү – 4-5 жыл.

            Максаты -  мечиттерде жогорку звенодогу диний кызматкерлерди (имам-хатиб), диний башкармалыктын кызматчыларын, диний окуу жайдын мугалимдерин  даярдоо.

5 – Жогорку светтик билим ислам кошулмасы менен; Мусулмандардын Диний башкармалыгы тарабынан түзүлгөн Ислам университтери (мамлекеттик эмес мекемелер) аркылуу камсыздалат, билим алуу түрү – күндүзгү, кечки, сырттан; окуучулардын базалык билими – толук орто жалпы билим + орто диний билим. Окуу мөөнөтү бакалаврдыкы – 4 жыл, адистердики – 5 жыл.

            Максаты -  кеңири тармактагы ислам теологиясы, философия, тарых, педагогика жана ушул сыяктуу  адистиктер боюнча, ошол эле мезгилде керектүү деңгээлдеги диний илими бар  адистерди даярдоо.

            6 – жогорку окуу жайдан кийинки билим – магистратура, аспирантура, докторантурада окуу университеттердин күндүзгү же кечки окуу түрү боюнча камсыз кылынат. Окуу мөөнөтү – 2-3 жыл.

            Максаты – мугалимдик жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо.

 

Иш жүргүзүү программасы

1.Мусулмандарга Ислам негиздерин окутуунун бирдиктүү системасын түзүү жана орто жана жогорку кызмат адистерин даярдоо үчүн, Уламалар Кеңешине жана КМДБнын муфтиятына ар бир баскычтын өзүнө ылайыктуу стандартын бекитүүсү зарыл. Окуу жайлар стандарттардын негизинде жумушчу топтор иштеп чыккан окуу программалар жана окуу пландарынан пайдалана алышат же болбосо стандарттардын негизинде өздөрүнүн программаларын иштеп чыга алышат.

2.Бардык ислам окуу жайларын бирдиктүү түзүлүшкө келтирүү үчүн, жакын арада бардык ислам окуу жайларын алардын диний билим берүү программаларынын жогорку, орто кесиптик, орто жана башталгыч билим берүү баскычтарына ылайык келүүсү боюнча аттестациядан өткөрүү зарыл.

3.Кийинки кадам, жогорку ислам билими боюнча бирдиктүү дипломдорду , кесиптик орто жана башталгыч билими боюнча күбөлүктөрдү бардык ислам окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө берүү жана ошондой эле чет мамлекеттеги окуу жайлардан бүтүп келгендерди аттестациядан өткөрүп жана аларга жаңы дипломдорду жана күбөлүктөрдү берүү болуп эсептелет.  Жаңы үлгүдөгү мындай документтер бир канча мезгилден кийин, биздин окуу жайларыбызда, мечиттерибизде диний үгүт-насаат жана мугалимдик, агартуу иштерин жүргүзүүгө укук берүүчү негизги документ болуп калууга тийиш.

4.Адистерди светтик (мамлекеттик) стандарттарга ылайыктyy  даярдоо үчүн ислам университеттеринде мамлекеттик мыйзамдын жоболоруна  жана КР билим берүү Министрлигинин талабына ылайык жүргүзүү зарыл.

Концепцияны иш жүзүнө ашыруунун болжолдуу мөөнөттөрү

Ислам билим берүүнүн бирдиктүү системасын түзүү жана алдыга коюлган маселелерди иш жүзүнө ашыруу 4-5 жылдык мөөнөттү талап кылат. Бул концепцияны ишке ашыруунун жетекчи борбору  болуп, адистерден турган жана КМДБнын коргоосунда болгон жумушчу тобу болуш керек. Иш жүргүзүүнүн мындай программасы КР билим берүү Министрлиги менен кызматташтыкта иш жүзүнө ашырылуусу максатка ылайыктуу.