بِسۡمِ ٱللهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ‎‎ — С именем Аллаха, милостивого, милосердного) — басмала. Слова с которых мусульмане должны начинать свои дела

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Үгүт - насаат жана мечиттер бөлүмү

Маалымат

     1. Кыргызстан мусулмандар диний башкармасы республикабыздын аймагындагы  мусулмандардын  диний муктаждыгын камсыздандырган  диний уюм. Мусулмандарга бардык жактан кызмат көрсөтөт. 1996-ж. 11- феврал Кыргызстан мусулмандарынын Азрети муфтийи Абдусатар ажы Мажитовдун демилгеси менен УКнин токтому менен КМДБнын алдында  даават бөлүмү түзүлүп, анын жобосу иштелип чыгып муфтият тарабынан бекитилинген. 1996-2000 жылга чейин Араев Абдужапар ажы, ал эми 2000-2002 жылга чейин Кулуев Сүйүн ажы, ал эми 2002-2013 жыл чейин Эратов Равшан ажылар жетектеп келишкен. Бүгүнкү күндө Сайпиев Билалидин ажы жетектеп келүүдө Даават (үгүт-насаат) бөлүмүнүн жобосу, замандын талабына ылайык, бир канча жолу оңдолуп акыркы жолу 2011-ж. 13-сентябрьда бекитилген. КМДБнын жана республиканын мусулмандар коомунун руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүнүн Концепциясы 2013жылы 15-май күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрлүлүп Даават үгүт-насаат концепциясын бекитилди.

     Бүгүнкү күндө концепциянын негизинде иш жүргүзүү боюнча даярдыктар болууда.

 

      2.  Эми бүгүнкү күндө Кыргызстандагы дааваттын динге тийигизген ролу жөнүндө сөз кылсак,  Албетте дааваттын Кыргызстандагы Ислам динин өнүгүшүнө  кошкон салымы чоң. Маалыматтык ресурстар өнүгүп турган кез,  адамдар маалымат өсүп дин таануу, дин ишенимдери күндон күнгө жогорулап жатат. Аларга өзүбүздүн салтуу динибиз болгон имам Азам мазхабын  ахли сүннөт акыйдасын жайылтууда жана сактап калууда жакшы эле жардам болууда десек болот. Себеби биз билебиз даават кылып жүргөндөрдүн арасында Имам азам мазхабын бекем карманган, ахли сүннөт акыйдасын терең өзөштүргөн аалым молдокелер бар. Азыркы байкоолорго караганда  даават өнүкөн жерлерде башка агымдарга мисалы хизбут тахрир ж.б агымдарга тартылгандар аз санда болуп жатат. Ичкилик ичүү, кылмыш кылуу жана башка социалдык терс көрүнүштөр кескин азайгандыгы байкалууда.  Негизинен ичкилик, аркечтик, бангилик сыяктуу жат көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө жана жаштарды ыймандуулука, патириотуулука тарбиялаган  таасири күчтүү, пайдалуу жолдордун бири болууда.     

 

КМДБ нын дааават бөлөмүнүн  Кызматтык милдеттери

  • Дааваттын бекитилген жобосунун алкагында иш алып баруу.
  • Өлкөдөгү дааватчылардын ишин кординациялоо.
  • Дааватчыларды жана аларга уруксат барактары менен камсыздоо.
  • Чет элден келген дааватчыларды Мам Дин агенти (макулдашып) каттоодон өткөргөндөн кийин Республиканын аймактарына маршуруттун негизинде жөнөтүү.
  • Чет элдин миссионерлерге КМДБнын даават жөнүндөгү жобосун тааныштыруу.
  • Дааватчылардын илим денгеээлин көтөрүү  үчүн кам көрүү (семинар, курстарды уюштуруу).
  • КМДБнын даават бөлүмүнүн облустук жана райондук бөлүмдөрүн ачуу
  • Облустук жана райондук  бөлүмдөрдүн иштөө пландарын түзүү, квартал сайын маалымат отчет берүү тартибин жолго коюуу.
  • Исламдын негизги баалуулуктары болгон ыймандуулук, намазгөйлүк, сабырдуулук, адеп – ахлактуулук сыяктуу жакшы сыпаттарды  элге жайылтуу жана ушул максатты ишке ашырууда ар дайым дааватчы топторду түзүп, жер жерлерге  бөлүштүрүп туруу.
  • Дааватчылар менен ай сайын өтүүчү республикалык кеңешмеге (машварага) катышып  туруу.
  • Бишкек шаарында апта сайын өтүүчү жумалык кеңешмеге (машварага)  катышуу.
  •  Дааватчылардын ыйман жана илим деңгээлин көтөрүү максатында    бир айлык окуу курстарын уюштуруу.
  • Жер жерлерде дааватчылар жана эл менен жолугуп, элдин жана дааватчылардын ыйман жана илим деңгээлин көтөрүү максатында райондордо окуу семинарларды уюштуруу.
  • гезит журналдар, теле радиолор аркылуу түрдүү темаларда макала жана теле берүүлөрдү уюштуруу.
  • Даават бөлүмү Азрети муфтий тарабынан багытталган каттарга жооп берүү.
  • Даават бөлүмү дааватчылардын жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөп туруу үчүн, дааватчылардан жер жерлердеги тобун түзүп,  алар менен жумасына бир, ал эми республика боюнча айына бир жолу чогулуш өткөзүү.
  • Мекемелер жана анын ичинде ГСИН менен сүйлошуп, түрмөлөргө кирип даават кылуу.
  • Кыргызстан боюнча Имам Хатибдер жана дааватчылардын Ханафий мазхабында жүргүзүп жаткан Хутба-баяндарын сапатын жакшыртуу жана көзөмөлдөп  туруу.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын Даават  (үгүт-насаат) бөлүмүнүн иш жүргүзүү боюнча  жобосу

  1. Жалпы тартиби
    1. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын Даават бөлүмү өз ишмердүүлүгүн Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын уставынын 2.3 беренесинин жана Ахли сүннөт вал жамаат акидасынын негизинде ыймандуулукту өтө так сактоо менен иш алып барат.
    2.  Өз иш аракетинде Исламдын ыймандуулукка чакыруу негиздерин жетекчиликке алат жана коомду тынчтыкка, биримдикке чакырат.
    3.   Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын Даават бөлүмү, жер-жерлерде коомго пайдалуу үгүт-насааттарды ишке ашырууну көздөйт.

2. Даават бөлүмүнүн максаттары

  1. Кыргызстан Мусулмандарынын  Дин Башкармасынын Даават бөлүмүнүн негизги максаты, элдин кеңири катмарында  Исламдын негизги баалуулуктарын жайылтуу.
  2. Адамдарды, динге туура келбеген жаман иштерден кайтаруу жана коомчулукту ыймандуулука чакыруу.
  3. Казылар, расмий дин кызматкерлер менен биргеликте иш алып баруу жана аларга жардамдашуу.

3. Даават бөлүмүнүн иш аракеттери

3.1  Кыргызстан Мусулмандарынын  Дин Башкармасынын Даават бөлүмү,

       Исламдын негизги баалуулуктарын жайылтуу максатында массалак-малымат              каражаттары аркылуу диний темада түз эфир, атайын берүү, Орозо Айт, Курман     Айт майрамдарына карата майрамдык  программаларды түзүп, коомчулуктун     диний             билимин көтөрүүгө иш аракеттерди жасоо.

  1. Орозо Айт, Курман Айт майрамдарына карата  мечиттерде атайын программанын негизинде үгүт насаат жөрөлгөлөрүн уюштуруу.
  2. Ислам дининде айтылган адам баласынын күнүмдүк турмушуна керектелүүчү  насааттуу, асыл сөздүү  китептер, буклеттер, плакаттарды даярдоо.
  3. Ислам динин үйрөнүү үчүн дааватка чыккан адамдарга уруксат барак алууга, жамаат  түзүүгө, жер-жерлердеги Казыяттар жана мечиттер аркылуу шарттарды түзүү.  
  4. Жер-жерлердеги мечиттерде, ж.б. коомдук жерлерде жалпы элдин диний билимин жогорулатуу боюнча окуу, лекция, семинарлардын программаларын түзүп уюштуруу.
  5. Жума хутбасын сапаттуу алып барууга сөзгө чечен, илимдүү, ийгиликтүү даават айтуучу хатибтерди, дааватчыларды  окутуу.
  6. Дааватчылардын арасынан такшалган алдыңкы дааватчылардын илим деңгээлин жана даават чеберчилигин жогорулатуу боюнча окуу курстарын уюштуруу.
  7. Үгүт-насаат иштери боюнча тажрыйба алмашуу максатында атыйын имамдардан, аалым-устаздардан турган жамаат түзүп, бир облустан башка бир облуска жөнөтүү.

4. Дааватка чыгуунун милдеттери

        Өлкөбүздүн ичинде даават кылууну каалаган инсандар биринчиден төмөнкү тиешелүү иштерди аткарууга милдеттүү.

4.1.  Өзү жашаган айыл, район же шаардын Баш имам хатибинен диний илимин    

       тастыктаган расмий аныктама алууга.

4.2. Өзү жашаган айыл, район же шаардык ички иштер бөлүмүнөн өзүнүн ишмердүүлүгүн тастыктаган аныктама алууга.

  1. Дааватка чыгуусуна каршы эместигин тастыктаган ыраазычылык катты өзүнүн ата-энеси же үй-бүлөөсүнөн алууга.
  2. Дааватка чыгуу үчүн 18 жашка толгон жана жанында өздүгүн тастыктоочу документи (паспорт же аскердик билет же айдоочунун күбөлүгү, ) документи болууга.
  3. Дааватка чыгууну максат кылган адам сырткы келбетин таза кармоо менен чет элдик эмес динге (сүннөткө) каршы келбеген жергиликтүү кийимдерди кийүүгө.

5. Дааватка чыгууга жолдомо берүү.

  1. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы, Дааватка чыгуу үчүн түзүлгөн жамааттар үчүн   облустарга,Бишкек жана Ош шаарларына багытталган Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын атайын Уруксат барагын берет.
  2. Казылар, облустун аймагындагы Дааватка чыгуу үчүн түзүлгөн жамааттарга облустун райондоруна  атайын Уруксат барагын берет.
  3. Борбордон алыскы облустан экинчи облуска Дааватка чыгуу үчүн түзүлгөн жамааттар жергиликтүү Казыяттан жолдомо алып, барган облустун Казыятына катталып, уруксат барагын алат.
  4. Баш имам хатибдер, райондун аймагында Дааватка чыгуу үчүн түзүлгөн жамааттар райондун айыл өкмөттөрүнө атайын Уруксат барагын берет.
  1. Четтен келген жана четке чыгуучу дааватчылар
    1. Чет мамлекеттерден КРна Дааватка келген жарандар, КМДБнан КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына миссионердик каттоо алуу  үчүн жолдомо алат.
    2. Чет мамлекеттерден келген Дааватчылар КР аймагында Даават иштерин жүргүзүү үчүн КМДБнын маршруттук барагын алат.
    3. Чет мамлекеттерге чыгуучу дааватчылар төмөндөгү тартиптерге ылайык чыгат:
  • өз каалоосу менен чыгуу;
  • өз каражаты менен чыгуу;
  • үй-бүлөсүнүн уруксаты менен чыгуу;
  • КМДБнан жолдомо угуу.
  • КМДБна “Макулдук кат” калтыруу.
    1.  КМДБсы Чет мамлекеттерге чыгуучу Дааватчыларга жолдомо айтат. Ал эми  жол каражаты, виза алуу иштерине, коопсуздук жагына, кырсык-кокустук учурлардагы кырдаалдарга жооптуу эмес. 
  1. Даават бөлүмүнүн ички тартиптери
    1. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын Даават бөлүмү өлкөдөгү    даават маселесине тиешелүү бардык иш чараларды уюштурат жана аны жетекчилике алат.
    2. Дааватка чыгуучулардын шарттарын, милдеттерин ишке ашырат жана көзөмөлдөйт.
    3.  Республикалык деңгээлде даават иштеринин ишмердүүлүгүн аныктоо боюнча ай сайын дааватчылар менен жыйын өткөрөт.
    4. Казыяттардын алдында дааватка жоопкер инсандарды (бөлүмдөрдү) уюштурат.
    5. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын жыйынында аткарган иши жөнүндө квартал  сайын маалымат берет.
    6. Дааватта көрсөтүлгөн шарттарга, адептерге жана даават бөлүмүнүн ушул жобосуна көңүл бурбастан атайын топтолуп чыгып даават кылган адамдарга Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы тарабынан жол берилбейт. Мындай тартип бузуучулук менен дааватка чыккан адамдардын жоопкерчилигин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы мойнуна албайт.

   Ушул жобо бекитилген күндөн баштап күчүнө кирип, эски 2009-жылдын                      10-февралында бекитилген жобо өз күчүн жоготот.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана

республиканын мусулмандар коомунун руханий-адеп-ахлактык

 тарбиялоо чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүнүн

КОНЦЕПЦИЯСЫ

Киришүү

I. Ислам чакырыгынын ролу жана орду жана анын методикаларын Кыргызстандын мусулман коомчулугунун колдонуусу 

II. Негизги жыйынтыктар

III. Руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону жүргүзүү боюнча мамлекет менен мусулмандардын өз ара аракеттенишүүсү боюнча мамилелердин абалы.  

IV. Руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун негизги максаттары жана принциптери  

V. Руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо боюнча негизги тапшырмалар   

1. Руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо жаатында ченемдик базаны жөнгө салуу чөйрөсүндө   

2. Билим берүү мекемелеринде руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо боюнча ишмердүүлүк  

3. Социалдык тейлөө чөйрөсүндө руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо боюнча ишмердүүлүк   

4. Аскер кызматчыларды жана аскерге чакырууга чейинки жаштарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк  

5. ЖМК аркылуу коомду руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо чөйрөсүндө  

VI. Руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо боюнча ишмердүүлүктү мамлекет тарабынан колдоо кепилдиктери   

Киришүү

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (мындан ары - КМДБ), ага караштуу диний уюмдардын жана бардык мусулман коомчулугунун, республиканын калкынын мусулман бөлүгүн руханий жана адеп-ахлактык тарбиялоону ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамына, “Адам укуктарынын жалпы декларациясына”,   Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка, “Диндин жана ишенимдердин негизинде басмырлоонун жана өгөйлөнүүнүн бардык формаларын жоюу жөнүндө декларацияга”, “Адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Европалык конвенцияга” жана башка эл аралык документтерге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы №324 токтому менен бекитилген КРнын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат Концепциясына негизделет. 

КРнын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат Концепциясына ылайык, диндерге жана диний уюмдарга карата мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын негизги жана атайын бөлүгү болуп эсептелет, андан коомчулуктагы моралдык-психологиялык климат жана туруктуулук, өлкөнүн эл аралык бедели көп жагынан көз каранды. 

            Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты коомду руханий жана адеп-ахлактык тарбиялоо жаатында мамлекеттин жана диний бирикмелердин өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган. Максаттары КРнын коомчулугунун руханий-адеп-ахлактык потенциалын сактоо жана бекемдөө болуп эсептелет. 

            Диний бирикмелер менен мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын максаттары, принциптери жана мазмуну Кыргызстан элинин руханий-адеп-ахлактык потенциалын жана маданий мурасын сактоонун жана өнүктүрүүнүн шарттарын түзүү боюнча мамлекеттин милдеттери менен аныкталат, жана дин тутуу эркиндигинин кепилдиктерин камсыздоонун жыйынтыгы болуп эсептелет.  

            Кыргыз Республикасындагы диний бирикмелер менен мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын маанилүү принциптери болуп диний бирикмелерге, салттуу диний уюмдардын маданий адеп-ахлактык жана башка социалдык маанилүү ишмердүүлүгүнө, ошондой эле коомчулукту руханий-адеп-ахлактык тарбиялоодо мамлекеттин колдоосу эсептелет. 

            Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, диний бирикмелердин коомдук-пайдалуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, тарыхый калыптанган салттуу диний бирикмелердин руханий жана маданий мурасын сактоого колдоо көрсөтүүдөн турган, мамлекет менен диний бирикмелердин кызматташуу принциптерин кошуу менен ар бир адамдын дин тутуу эркиндигинин кепилдигин камсыздайт. 

            Мында диний бирикмелердин ички ишмердүүлүгүнө мамлекеттин кийлигишпөө принциби белгиленген, ал  диний окууларды, канондук негиздерди, каада-салттарды, сыйынууларды жана алар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурлардан тышкары, коомчулукту руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо боюнча диний ишмердүүлүктүн башка формаларын кармоодо мамлекеттин кийлигишпөө талабын камтыйт. 

             Кыргыз Республикасынын диний бирикмелери менен дин жаатындагы укуктук базаны жөнгө салуу боюнча мамилелердин чөйрөсүндө негизги артыкчылык катары коомчулуктун салттуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын сактоодо жана калыбына келтирүүдө мамлекеттин колдоо чарасы аныкталган.  

Билим берүү жана маданият чөйрөсүндө мамлекеттин артыкчылыктуу укугу болуп балдарды жана жаштарды руханий-адеп-ахлактык жана атуулдук тарбиялоонун тапшырмаларын жана башка коомдук маанилүү көйгөйлөрдү чечүүдө диний мекемелердин мамлекет менен кызматташуусу эсептелет.  

            Кайрымдуулук жана социалдык тейлөө чөйрөсүндө балдардын жана өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун жана кароосуз калуусун алдын алуу, үй-бүлө институтун бекемдөө, баңгиликтин, алкоголизмдин  алдын алуу, эркинен ажыратылган жерлерде кармалган жана жазасын өтөп бүткөн адамдарды социалдык калыбына келтирүү боюнча диний бирикмелердин ишмердүүлүгүн колдоого түрткү болгон укуктук шарттарды түзүү. 

             Мамлекет жана коомчулук үчүн жалпысынан терс жактар болуп коррупция, уурулук, паракорчулук жана мамлекеттик органдардагы, өзгөчө укук коргоочу фискалдык органдардагы жана башка күч түзүлүштөрдөгү шалаакылык проблемасы калууда. 

             Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин  өздүк курамынын арасындагы моралдык-психологиялык климат өзгөчө кооптонууну жана коркунучту жаратат. Уставдык эмес өз ара мамилелердин, өзүн өзү өлтүрүү, армиядан качуу фактылары армиядагы абалдын трагедиясы жөнүндө эскертет. 

I. Ислам чакырыгынын ролу жана орду жана анын методикаларын Кыргызстандын мусулман коомчулугунун колдонуусу 

Кыргызстандын аймагында жогорку адамдык сапаттардын жана баалуулуктардын булагы катары Ислам жөнүндө элдердин жакшы түшүнүгүн түзүүдө мусулман чакырыгы белгилүү роль ойноду. 

  Эгемендүүлүк жылдарында республикада мусулман калкын руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо мамлекеттик органдардын түздөн-түз катышуусунда, диний эмгек жолу менен жана бөлүнгөн калктуу пункттарда, кварталдарда жа жалпысынан республика бою чакырык менен алектенген мусулмандардын жеке күчүнүн жана каражатынын эсебинен жүргүзүлгөн. Чакырык руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону жөнгө салган сүннөт багытындагы Исламдын канондук негиздери менен аныкталган  ыкмалар менен ишке ашырылат.  

  Кыргыз мусулмандарынын тажрыйбасы көптөгөн мусулман мамлекеттери тарабынан үйрөнүлүп жатат, руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо жаатындагы көптөгөн эксперттер руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону өткөрүүдөгү Кыргызстандын кадамдарын ийгиликтүү деп эсептешет.

            Мусулмандыктын жакшылыкка жана бүлдүрүүдөн качууга чакыруу ишмердүүлүгүнүн социалдык-маанилүү жыйынтыктары даана көрүнүп турат. 

Концепция, Кыргыз Республикасынын элинин руханий-адеп-ахлактык потенциалын өнүктүрүүгө (даават), Исламдын жана мусулмандардын  туруктуу жакшы абалын элдерге көрсөтүүгө жана аларды коомдо туура жашоого жана жалпы жараткандын жаратылышына алардын акыл-эсин даярдоо үчүн жумшак жана чыр-чатаксыз чакырыкты сунуштайт. 

Бул концепция Ислам жөнүндө бурмаланган түшүнүгү менен жана ал толук жок болгон коомдо өзгөчө актуалдуу. Көптөр мындай чакырыктын (даават) өзгөчөлүктөрүн элес албайт жана ислам багыты менен декларацияланган, бирок чындыгында Исламдан өтө алыс өзүнүн тар максатын көздөгөн псевдоислам көрүнүштөрүн камтып өздөрү каалагандай түшүнүшөт. 

Чакырык (даават) өтө маанилүү жана баасы жок ролго ээ, себеби Исламда бар болгон бардык жакшы адамдык сапаттардын булагы болуп эсептелет. 

Чакырык ар бир мусулман үчүн 40 милдеттин (фарздардын) бири болуп эсептелет. 

Коомду жакшы жакка өзгөртүү бул - эмгек, дайыма өзүңдүн үстүңдөн иштөө, коомдун бирдиги катары өзгөртүүнү өзүңдөн баштоо. Мен жакшы болсом, сен жакшы болосуң, коом жакшы болот. Бул жөнүндө жакшы сөз Куранда айтылат:  «Чындыгында Аллах эл менен болуп жаткан эч нерсени алмаштырбайт, алар өздөрүндө болгонду оңдомоюнча   (тактап айтканда алардын ички дүйнөсүндө болгон)» (Раъд: 11).

Бул ийгиликтүү коомду түзүүнүн негизи. Инсандан башташ керек, себеби ал бардык курулуштун негизи. 

            Ошондуктан диний эмгектин милдеттүүлүгү, мындай ишмердүүлүктү ишке ашырып жаткан ар бирин руханий-адеп-ахлактык байытуунун кепилдиги болуп эсептелет.   

Бир жагынан алганда чакырык коом үчүн дагы өзүнө жакшы маанини камтыйт, себеби анын мүчөлөрүн жакшылыкка чакырат, жамандыктын алдын алат. 

 Дал ушул чакырык (даават), Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарын өнүктүрүү үчүн мамлекетке колдоо көрсөтүү катары диний бирикмелердин зор коомдук-пайдалуу ишмердүүлүгүнүн бири болуп эсептелет. 

            Бүгүнкү күндө коомдун руханий-адеп-ахлактык жана диний көтөрүлүүсүнүн себеби болуп ар бир мусулмандын Исламга жана жалпы коом үчүн пайдалуу бир нерсе кылууга аракетинде жана тырышуусунда көрүнгөн потенциал эсептелет. 

Жергиликтүү мусулман коомчулуктары (жамааттар) тарабынан бөлүнгөн аймактарда жана жалпы Кыргызстан боюнча практикаланып жаткан чакырык методикаларынын негизи Мухаммед (ага тынчтык болсун) пайгамбардын убагынан башталат, анын булактары болуп Ыйык Куран жана Сүннөттөр эсептелет. 

            Социалдык жана маданий көрүнүш катары Ислам динине кызыгуунун массалык өсүүсү, Исламдын жана диний уюмдардын тарыхый жана азыркы ролунун өзгөрүшү, алардын аброюнун өсүүсү, коомдук пикирде ишенимдин деңгээлинин жогорулашы Кыргызстандын мусулмандар коомунун аракетинин жана эмгегинин жыйынтыгында болду. Бул, диний уюмдардын жана жалпы мусулмандардын коомдогу кризисти жоюуга колдоо көрсөтүү, калктын коопсуздануусун жараткан тигил же бул процесстерге жакшы таасир этүү жөндөмдүүлүгү жөнүндө элдердин белгилүү бир ишенимин жаратты.   

            Бул, Ислам динине жана анын диний уюмдарына коомчулуктун мамилесинин өзгөргөндүгүнүн маанилүү көрсөткүчү болуп эсептелет.  

            Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук тутуму, мусулман чакырыгы менен белгилүү бир деңгээлде республикада Исламды табигый өнүктүрүүгө түрткү болду, ал өз кезегинде туруктуу диний кырдаалга алып келди. Ынтаасыз саясаттын жана мусулмандардын өз милдеттеринен өзүлөрүнүн качуусунун ордуна, Ислам канондорунда жазылган, руханий-адеп-ахлактык тарбиялоого жана республиканын мусулман калкынын арасында ишенимди таратууга жана ички-тышкы руханий жактан өзүн өзү өркүндөтүүгө байланышкан диний маселелерди чечүү келди.  

            Көрсөтүлгөн убактан баштап КМДБ руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо боюнча ишмердүүлүгүн, Ислам динине калктын кызыкчылыгынын өсүп жаткандыгын эске алып,   методикалык негизде системалуу түрдө ишке ашырып баштады. КМДБ руханий-адеп-ахлактык ишин ишке ашыруунун жана диний уюмдарды (мечит, намазкана) жана бөлүнгөн аймакта жана жалпы республика боюнча диний руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону жүргүзгөн алардын коомдорун контролдоонун тартибин жөнгө салган тийиштүү ченемдик актылар кабыл алынган.  

1996-жылы КМДБ Уламалар кеңешинин чечими менен, руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо жүргүзүү боюнча ислам чакырыгы (даават) бөлүмү түзүлгөн, анын ишмердүүлүгүнүн максаты болуп  Кыргызстандын калкынын мусулман бөлүгүнө Исламдын баалуулуктарын жана принциптерин жайылтуу болуп эсептелет. 

II. Негизги корутундулар

Бүгүнкү күнгө чейин республиканын мусулман калкын руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун бирдиктүү Концепциясы болгон эмес. Бул иштеп чыгуунун актуалдуулугу болуп  коом турмушундагы терс жактары менен байланышкан коомдук мамилелердин ар түрдүү чөйрөлөрүндө иштин абалынын тереңдеп кетишине, ошондой эле экстремисттик көрүнүштөрдүн өсүп жаткан коркунучу, радикализм идеяларынын таралышын, ар түрдүү бузуку террордук топтордун ишмердүүлүгүнүн активдешүүсүндө турат.   Исламдын сүннөт багытында колдонулган салттуу ыкмаларды, азыркы жалпыга маалымдоо каражаттарын жа кинематографияны, ошондой эле маданий агартууну колдонуу менен калктын мусулман бөлүгүн руханий-адеп-ахлактык тарбиялоого багытталган мамлекеттин жана мусулмандардын бирикмеси ортосундагы мамилелерди түзүү зарылчылыгы турат. Бул Концепция коомду руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо чөйрөсүндөгү мамлекет менен мусулман бирикмелеринин атынан чыккан КМДБ мамилелерин ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү үчүн негиз болуп эсептелет.  

            Концепция мамлекет менен мусулман бирикмелеринин атынан чыккан КМДБ менен коомду руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо жаатында өз ара аракеттенишүүсүн өнүктүрүүгө, экстремизмдин көрүнүштөрүнө жана бузуку агымдарга каршы иштеп чыгууга жана аракеттенүүгө багытталган.  Бул Концепция руханий-адеп-ахлактык тарбиялоодо мамлекет менен мусулман бирикмелеринин атынан чыккан КМДБ мамилелеринин механизмин мындан ары түзүүгө негиз болушу керек.  

            Концепциянын максаттары жана милдеттери:

Максаттары – мусулман коомун руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону ишке ашыруу үчүн мамлекет менен мусулман бирикмесинин ортосундагы мамилелерди шайкеш келтирүү, коомду коомдук турмуштун жана мамилелердин терс көрүнүштөрүнөн тазалоо, жарандардын дин тутуу, ишенимдерин айтуу жана дүйнө таануу көз карашын тандоо эркиндигине фундаменталдык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү.  

Милдеттери - Ислам дининин канондору менен регламенттелген, мусулман коомун руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун тийиштүү чараларын кабыл алуу жолу менен КР мыйзамдарына ылайык келген азыркы ыкмаларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын, ошондой эле кинематографияны жана маданий агартууну колдонуу менен  мамлекет менен мусулман бирикмелеринин атынан чыккан КМДБнын мамилелерин жүзөгө ашыруу.

III. Руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону жүргүзүү боюнча мусулмандардын мамлекет менен өз ара аракеттенишүүсү боюнча мамилелеринин абалы  

            Мамлекет менен мусулман бирикмесинин ортосундагы руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо боюнча мамилелердин абалы дин тутуу эркиндигине адамдын фундаменталдык укуктарынын жаатындагы жалпы таанылган принциптерге жана эл аралык укуктун ченемдерине негизделген мамлекеттин демоктратиялык, динге негизделбеген принциптерин эске алуу менен аныкталат. 

КР Конституциясына ылайык мамлекет, анын аймагында мыйзамдуу жүргөн ар бир адамга диний ишенимди эркин тандоого, ээ болууга жана жайылтууга жана ага ылайык аракет кылууга кепилдик берет. Мында көрсөтүлгөн эркиндиктерди ишке ашыруу конституциялык түзүлүштүн негиздерине, башка адамдардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого зыян жа коркунуч келтирбеши керек.  

Бул өнүгүү Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөнү  жөнгө салган ата мекендик мыйзамдардын  нормалары менен шартталган.  

Руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо  маселелери боюнча мамлекеттин жана мусулмандардын диний бирикмелери ортосундагы мамиленин абалына  төмөнкү факторлор таасир этет:

- киного, видеого, ММКнын башка дайындалыштагы теле берүүлөрүнө болгон цензуранын жоктугуна байланыштуу кыргыз элине батыштын бурмаланган баалуулуктарын одоно таңулоо (өзсексуализм, ар түрдүү субмаданияттар ж.б. у.с.);

- коомчулукта кылмышкерлердин образы даңазаланууда (гангстердик романтика, кумар оюндары, коррупция ж.б. у.с.)

-жаштар баңгиликтин, алкоголизмдин, одоно жыныстык катнашуунун таасиринен жана ага берилүүдөн корголгон эмес;

-үй-бүлөнүн бекем эместиги, жетим балдар, кароосуз таштап кеткен кары-картаң ата-энелер;

-коомчулук жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирген ар түрдүү бузуку топтордун жана окуулардын жайылышы жана кириши менен өтө кооптонууда;

-диний экстремисттик көрүнүштөр күчөгөнүнө  байланыштуу, ошонун ичинде борбордук азиянын чөлкөмүндөгү өлкөлөрдө экстремисттик ойлорду жайылтуу, ар түрдүү террористтик топтордун бузуку ишмердүүлүгүн күчөшү  коркунучту жаратууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн факторлор көйгөйлөрдүн топтомун жаратууда, аларды чечүү үчүн КМДБ белгилүү чараларды кабыл алууда, алар азыркы убакта республиканын мусулман коомчулугунун көпчүлүк бөлүгүнө диний үгүттөөнү жана салттык Исламды түшүндүрүүнү контролдоо аркылуу ишке ашууда.

Бирок, көйгөйдү толук чечүү үчүн мамлекеттин жана мусулман бирикмелеринин коомду руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо боюнча биргелешкен ишмердүүлүгүн мыйзамдык деңгээлде өркүндөтүү максатка ылайыктуу.

Ошону менен бирге, мыйзамды жөнгө салуу мусулман коомчулугунун руханий-адеп-ахлактык ишмердүүлүк талаасында тыюуларды жана санкцияларды белгилөө тарапка эмес, мындай иш чараларды аткарууда мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана ушундай ишмердүүлүк үчүн сыйлыктарды берүү максаттуу.

Мусулман коомчулугу тарбынан руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо жүргүзүү үчүн, ошонун ичинде зарыл нормативдик укуктук базаны иштеп чыгуу жолу менен  керектүү шарттарды түзүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мусулман бирикмелеринин атынан чыккан КМДБ, шаарлардын, облустардын, райондордун казыяттары, имам-хатибдер, мечиттердин имамдары жана жергиликтүү мусулман жамааттар менен бирге аракеттешүүнү жөнгө салууга  мүмкүндүк берет, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардын тутумунун баасыздоо процессине, коомдогу диний экстремизмди жайылтууга, коопсуздукка, ден соолукка, адеп-ахлакка, жеке адамдын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө жол бербейт.

IV. Руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоонун

негизги максаттары жана принциптери

Коомду руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоонун максаттары, принциптери жана мааниси Ислам дининин канондорунда, мамлекеттин динге ишенүү эркиндигинин кепилдигин камсыздоо боюнча милдеттердин, ошондой эле мындай ишмердүүлүк үчүн шарттарды түзүү менен белгиленген мусулмандардын ушундай ишмердүүлүктү жүргүзүүгө жана эмгекти милдет катары түшүнүүсү эсептелет.

КМДБнын руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоо боюнча ишмердүүлүгүнүн  негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

-Кыргыз Республикасынын коомчулугунун руханий-адеп-ахлактык дараметин сактоо жана бекемдөө;

-социалдык туруктуулукту, диний бирикемелердин тынчтыкта жашашын колдоо, дин тутунуу эркиндиги суроолору боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын өз ара түшүнүшүүгө, бири-бирин түшүнүүгө жана сыйлоого көмөк көрсөтүү;

- ушул чөйрөнү жөнгө салуучу Исламдын канондоруна ылайык мусулман коомчулугунун руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоо боюнча ишмердүүлүгүнүн кепилдигин камсыздоо.

Руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоо боюнча мусулмандар коомчулугунун ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

- мусулмандар бирикмелери мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишпейт, мамлекеттик кызматчыларга алардын жумуш убактысын эске алуу менен тарбиялык түшүндүрүү иштерин кудайга сыйынуу жайларында өткөрүшөт;

- саясий партиялардын жана кыймылдардын ишмердүүлүгү үчүн  алар саясий пайда алуу максатында руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоону колдонбойт.

Мусулмандар бирикмелеринин руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоо боюнча ишмердүүлүгү диний уюмдардын уставдарында каралган финансылык булактар, ошондой эле мусулмандардын өз каалоосу менен берилген курмандыктары аркылуу жүргүзүлөт. Мамлекет мындай ишмердүүлүктү финансылоого милдеттүү эмес.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мусулмандар бирикмелеринин руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоо боюнча ишмердүүлүгү мамлекет тарабынан ар бирине динге ишенүү эркиндигинин кепилдигин камсыздоо менен бирге төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:

-адамдардын жана жарандардын динге, диний же коомдук бирикмелерге болгон мамилесине карабастан укуктарынын теңдиги жана эркиндиги;

- динге ишенгендердин руханий-адеп-ахлактык  тарбияны алууга укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, нормативдик-укуктук актылары менен гана жана конституциялык түзүлүштүн,  адамдын жана жарандын адеп-ахлактын,  ден соолуктук, укуктук жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында ошол көлөмдө жана чаралар менен чектөө;

 -мусулмандар бирикмелеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурларынан тышкары Ислам диний эрежелеринин, диндин канондук белгилөөлөрдүн мазмуну болуп эсептелген  руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоо боюнча мусулман бирикмелеринин ички ишмердүүлүгүнө кийлигишпөө принциби;

- руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоону жүргүзүүдө мусулмандар бирикмесинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосуна,  мамлекеттик бийлик органдарынын динге ишенгендердин диний сезимдерине сый-урмат менен мамиле кылуусун мамлекеттик контролдоо принциби;

- мусулман бирикмелеринин коомдук пайдалуу ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө, руханий жана маданий мурастарды сактоого жардам бергенге мамлекет менен диний бирикмелердин кызматташуу принциби.

V. Руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоо боюнча негизги маселелер

Руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоо чөйрөсүндө негизги маселерди чечүү боюнча төмөнкү чаралар кабыл алынуда:

1. Руханий-адеп-ахлактык  тарбиялоо жагында нормативдик базанын  жөнгө салуу чөйрөсүндө:

- жарандардын руханий-адеп-ахлактык  тарбия алууга укуктук кепилдиктерин практикалык ишке ашыруу;

- руханий-адеп-ахлактык  тарбия боюнча өз ара мамилелерди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүдө мамлекетке көмөк көрсөтүү;

- руханий-адеп-ахлактык  тарбия алууга жарандардын укуктарынын жана эркиндигинин теңдигин камсыздоодо мамлекетке көмөк көрсөтүү;

- ар түрдүү конфессиядагы диний бирикмелердин тынчтыкта жашоосун колдоо үчүн жана улуттар аралык ынтымакка шарттарды түзүү мамлекетке көмөк көрсөтүү;

- коомдо динге ишенгендер, ошондой эле динге ишенгендер жана ишенбегендер ортосундагы мамилелерде өз ара бири-бирин сыйлоо жана аңгемелешүү кырдаалын колдоодо мамлекетке көмөк көрсөтүү;

- конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирип жаткан радикалдык агымдардын ишмердүүлүгүнө каршы аракетте жана бөгөт коюуда мамлекетке көмөк көрсөтүү;

- динге ишенгендерге билим алуу, медициналык жардам, ишке орношуу жана коомдук турмуштун башка чүйрөлөрүнө катышуу зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүүдө мамлекетке жардам көрсөтүү.

2. Билим берүү мекемелеринде руханий-адеп-ахлактык тарбия берүү боюнча кызмат 

Кыргыз Республикасынын диний чүйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын Концепсиясына ылайык руханий баалуулуктардын жана диндин мамлекеттик билим берүү тутумунда өзүлүрүнүн орду бар. Окуу жайларда өзүнүн динин билдирүүгө, руханий, адеп-ахлак сабактарды өткөрүүгө, дүйнөлүк диндердин практикасы жана негиздери менен тааныштырууга тыюу салбагандыктан,  КМДБ көрсөтүлгөн иш-чараларды нейтралдуу жана объективдүү формада Ислам жана руханий-адеп-ахлактык тарбия берүү чөйрөсүндө мамлекеттик ченемдик актылар менен белгиленген методикаларды колдонуу аркылуу өткөрүүгө акысы бар.

Мамлекетке көмөк көрсөтүү алкагында КМДБ мамлекеттик билим берүү мекемелеринде Ислам дининин тарыхы жөнүндө билимди жайылтууга, ошондой эле жаштарды жана балдарды руханий-адеп-ахлактык жана атуулдук тарбия берүү маселелерин  жана башка коомдук маанилүү көйгөйлөрдү чечүүгө укуктуу.

Салттуу диниий уюмдар алардын балдарга жана жаштарга тарбия берүү боюнча маселелерин натыйжалуу чечүү максатында республиканын жарандарынын кызыкчылыктарын төмөнкүдөй чөйрөлөрдө эсепке алып, мамлекеттик билим берүү мекемелери менен кызматташууга укуктуу:

- өспүрүмдөрдү жана жаштарды руханий-адеп-ахлактык жана атуулдук тарбия берүү чөйрөсүндө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген  аракеттерге алып келбеген шарттарда балдардын жана алардын ата-энелеринин алардын диний ишенимине ылайык дене-тарбиялык, адеп-ахлактык, руханий өнүгүүсүнө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо чөйрөсүндө;

3. Социалдык тейлөө чөйрөсүндө руханий-адеп-ахлактык тарбия берүү боюнча кызмат

Кыргыз Республикасынын диний чүйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын Концепсиясына ылайык, мамлекет жашоодо кыйынчылык абалга туш келген жарандарга натыйжалуу колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүү, үй-бүлө институтун бекемдөө көйгөйлөрүн чечүүгө катышууга, балдардын жана өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу, баңгиликти, ичкиликке берилүүнү, сойкулукту, эркинен ажыратылган жайларда кармалган жана жазасын өтөп келген  адамдарды социалдык реабилитациялоодо мусулман коомчулугунун ишкердүүлүгүнүн социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү социалдык маанисин моюнга алат.

Ушуларды эске алып КМДБ кийинки руханий-адеп-ахлактык тарбия берүүнүн, маданий жана дени-сак жашоонун, инсандын ар тараптан өсүүсүнө көмөкчү болгон ишкердүүлүктү ишке ашырат.

-жашоодо, анын ичинде материалдык жактан да кыйынчылык абалга туш келген жарандарга жардам көрсөтүү;

-балдардын жана өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун жана көзөмөлсүздүгүн алдын алуу;

- үй-бүлө институтун бекемдөө;

-ичимдик ичүүнүн жана баңгиликтин алдын алуу;

-эркинен ажыратылган жайларда кармалып жаткан жана жазасын өтөгөн адамдарды социалдык реабилитациялоо.

4. Аскер кызматчыларды жана аскерге чейинки жаштарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо чөйрөсүндө КМДБ кызматы

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамын жана аскерге чейинки жаштарды тарбиялоо Концепциясы жөнүндөгү» УП № 296 Жарлыгына ылайык анын орчундуулугу жана иштелип чыгуусу Кыргыз Республикасында болуп жаткан жаңылануулардын тереңдиги, масштабтуулугу жана татаалдыгы менен жана анын Куралдуу Күчтөрүн реформалоонун, кыргыз элинин жана анын армиясынын руханий жашоосунун көптөгөн чөйрөлөрүндөгү түп тамырынан берки өзгөртүүлөрдүн, Мекенге татыктуу кызмат өтөө даярдыгына жана тарбиялоо көйгөйлөрүнө жаңы мамилесинин максаттуулугу, аскер кызматынын коопсуздугунун камсыздоонун маанилүүлүгү, ар бир аскер кызматчыны моралдык-психологиялык колдоонун маанилүүлүгү менен шартталган.

 Ушул Концепцияны ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 742 токтому менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тарбия берүүнүн бир тутумуна өтүү Программасы, аны ишке ашыруу боюнча Планы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 134 токтому менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жана анын курамы жөнүндө Жобо бекитилген.

Аларга ылайык аскер кызматчыларды тарбиялоонун иштеп жаткан тутумундагы кемчиликтердин бири болуп аскердик тарбияны өркүндөтүү кызыкчылыгында диний бирикмелер менен өз ара аракеттешүүнү уюштуруунун жана мамиле түзүүнүн биримдигинин жоктугу эсептелинет.  

Жогоруда көрсөтүлгөн программанын экинчи этабын жана аракеттер Планынын 12-пунктун ишке ашырууда аскер кызматчылардын жана аскерге чейинки жаштардын аскердик тарбиясын өнүктүрүү кызыкчылыгында  Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн диний бирикмелер менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга бирдей мамиле камсыздалышы керек болчу.

Жогоруда аталган Ведомство аралык комитет жөнүндө жобого ылайык ал диний конфессиялар менен, тарбия берүү концепциясын, Өтүү программасын жана аракеттердин Планын ишке ашыруу суроолору боюнча өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга укуктуу.

Руханий-адеп-ахлактык тарбия боюнча КМДБ ишмердүүлүгү жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик актыларды ишке ашырууда жүргүзүлөт жана мамлекеттин аскердик уюму жана коомчулугу менен байланышты чыңдоого көмөкчү болот,  аскер кызматчыларынын жана аскерге чейинки жаштарды аскердик тарбиялоо боюнча  иш-чараларга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн куруу жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларга республиканын мусулман бирикмесинин туруктуу колдоосунда экендиги коомчулуктун аң-сезиминде түзүлөт.

Тарбия иштеринин сапатынын жана натыйжалуулугун жогорулатууда, ошондой эле КР Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик жамааттарындагы социалдык процесстерди жана аскердик тартипти туруктуу башкарууну колдоодо моралдык-психологиялык алдын алуучу   чараларды кабыл алууда  салым кошот.

Ушул чөйрөдөгү ишмердүүлүктү финансылык жана материалдык көз карашта алып караганда жакшы жагы болуп, КР Куралдуу Күчтөрүнүн бар болгон күчтөрүн жана каражаттарын тартпастан, ошондой эле тарбиялык иштерге бюджеттен  акча бөлдүрбөстөн мусулман коомчулугунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын эсебинен ишке ашыруу эсептелинет.

            Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укутук актыларды ишке ашырууда Исламдын канондук окуулары менен белгиленген руханий-адеп-ахлактык тарбиянын методикаларын колдонуу төмөнкүдөй коомдук-зарыл маанини тартат:   

            -уставдык эмес өз ара мамилелердеги, өз жанын кыюулардагы,  кызмат өтөгөн жерин таштап качкандардагы жана башка кылмыштардагы жана окуялардагы көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекетке жардам көрсөтүү;

            - аскердик кайратты, Мекенди жан дили менен сүйүү сезимин, аскердик жолдошчулукту жана күжүрмөн боордоштукту көтөрүү;

            - аскердик кызматтагы бардык оорчулуктарды жана кыйынчылыктарды жеңүүгө моралдык-психологиялык даярдоо;

            - экстремисттик жана террордук топтордун армиянын чөйрөсүнө таасирин алдын алуу.

5. Коомдун СМИ аркылуу руханий-адеп-ахлактык тарбия берүү

            Өлкөнүн  мусулман коомчулугунун руханий-адеп-ахлактык тарбия берүү суроолорунда массалык маалымат каражаттарынын жана кинемотографиянын, ошондой эле маданий агартуунун мааниси эң эле чоң. Себеби алар тиешелүү маалыматты алуу үчүн жарандар тарабынан кеңири колдонулат. КМДБ ушул каражаттарды коом тарабынан бирден бир кеңири колдонулган маалымдоо жана үгүттөө аспабы катары колдонот:

-диний темаларга китептерди, журналдарды, буклеттерди чыгаруу;

-белгилүү бир темаларга сценарий жазуу жана программаларды, роликтерди, документалдык фильмдерди жана кинолорду чыгаруу;

- телеберүү, радио, интернет аркылуу руханий-адеп-ахлактык тарбия берүү ишмердүүлүгү;

- коомчулуктун катышуусундагы конференцияларды, семинарларды, тегерек үстөлдөрдү өткөрүү.

6.Мамлекет тарабынан руханий-адеп-ахлактык тарбия берүү боюнча ишмердүүктү колдоонун кепилдиктери

Кыргыз Республикасынын диний чүйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын Концепсиясына ылайык мамлекет жана диний бирикмелер ортосундагы мамилелердин чөйрөсүндө  мамлекеттик саясат төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат:

- диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын максаттарына ылайык келген максаттарга жетүүдө, жарандардын жана диний уюмдардын коомдук демилгелерин колдоо;

 - балдарга жана жаштарга тарбия берүү чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик органдарынын диний уюмдар менен кызматташтыгы;

- уюштуруучусу мамлекет болуп эсептелген теле жана радио берүү уюмдары жана мезгилдүү басылмалардын редакциялары салттуу диний уюмдары менен кызматташуусу, КР элдеринин руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын жана  жогоруда аталган Концепцияны ишке ашыруу максатында өткөрүлүүчү башка иш-чараларды чагылдырган,  телевизиондук жана радио программаларды өндүрүү.

Коомчулуктун жашоосунда диний бирикмелердин ролун социалдык изилдөөлөрдү өткөрүү менен байланышкан, коомчулуктун руханий-адеп-ахлактык дараметин кыскартуу жана өнүктүрүү менен байланышкан суроолордо жана коомчулуктун ой пикирин ушул суроолор боюнча изилдөө мамлекет үчүн руханий-адеп-ахлактык тарбия канчалык деңгээлде алгылыктуу болоорунун көрсөткүчүнө мамлекеттик мониторингди ишке ашыруу.  

КМДБнын руханий-адеп-ахлактык тарбия берүү боюнча ишмердүүлүгү тиешелүү иш пландарынын жана көйгөйлөрдүн анализин алдын алуучу программалардын,  аларды мамлекеттик органдар менен өз ара алакада чечүүнүн рационалдуу жолдорун аныктоонун негизинде  ишке ашырылат. 

Сайпиев Билалидин

 

Туулган жылы: 22.04.1970ж

Туулган жери: Баткен обл. Кадам-жай району, Орозбеков а.

Улуту: Кыргыз

Үй-бүлолүк абалы: Үй-бүлолүү ( 3 кыз, 2 уул ).

Жашаган жердин дареги: Бишкек шаары, Алтын-ордо

Билими:

  • 1977ж. – 1987ж.  Энгельс орто мектебин бүтүргөн
  • 1988ж. – 1990ж. Аскер кызматын өтөгөн.
  • 1993ж. – 1998ж. “Азрети Али Ислам” медресесин артыкчылык диплом менен бүтүрүп, Араб тил мугалими жана Имам хатип деген адистик ийгарылган.
  • 2003ж. – 2009ж. И. Арабаев атындагы  Университетинин бүтүрүп Тарых жана Соцсялдык Укук таану мугалиди диплом ийгарылган.
  • 2013ж. –  И. Арабаев атындагы  Университетте теология факультет магистратурасында  учурдагы 2-курстун магистри

Иштеген кызматтары:

  • 1995ж. – 1998ж. “Азрети Али Ислам” медресесин Араб тил мугалими
  • 1998ж. – 2001ж.Чүй облусунун Даават бөлүмүнүн башчысы
  • 2002ж. – 2004ж. Бишкек шаарындагы “Тойиба” мечитинин зам Имамы
  • 2007ж. – 2008ж. Бишкек шаарындагы “7-мкр” мечитинин баш Имамы
  • 2009ж. – 2014ж. Бишкек шаарындагы “Тойиба” мечитинин баш Имамы
  • 2014 ж. – КМДБнын Үгүт-насаат жана мечиттер бөлүмүнүн учурдагы башчылык кызматын каркалап келе жатат.

Кызыккан нерселери:

  • Китеп окуу, спорт.

Билген тилдери:

  • Кыргыз,  өзбек тили, орус тили, араб тили.

 

КМДБнын Даават бөлүмүнүн адиси

Абдылдаев Жолдошбек Муканович

Туулган жылы: 04.10.1982ж.

Туулган жери: Нарын облусу, Кочкор району, Дөң-Алыш айылы.

Улуту: Кыргыз

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү ( 2 уул, 1кыз).

Жашаган дареги: Бишкек шаары, Гогол №8  кв -2

Телефону: + 996 705.81.15.23,  48.63.44

Эл почта:  joldosh.abdulda@mail.ru

Билими:

  • 1989ж. – 1999ж. Дөң-Алыш айылынын “Көкөбай Мамбеталиев” мектебин бутургон.
  • 1999ж. – 2001ж, ПТЛ-61 лицейде эки жылдыгын бүтүргөн.
  • 2001ж. – 2003ж. Кыргызстан Ислам Университетинин эки жылдыгынын “Шарият” факультети бүтүргөн.
  • 2003-2008ж, Кыргызстан Ислам Университетинин беш  жылдыгын  бутургон.
  • И. Арабаев атындагы КГУнун теология факультет учурдагы студенти,

Иштеген кызматтары:

  • 2009ж.- 2011ж. ККФ “В.А.М.”нин демилгеси менен  Мыкан айылында сабак берип, жума намазын алыпбарган.
  • 2011ж.-2014ж. КМДБ тарабынан  Дааватчылардын илим деңгээлин көтөрүү максатында уюштурулган окунун учурдагы мугалими.
  • 2011ж.-2014ж. КМДБнын Даават бөлүмүнүн адиси.

 

Билген тилдери:

Кыргыз тили, озбек тили, орус тили, араб тили,