КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ДИН БАШКАРМАЛЫГЫ https://muftiyat.kg Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Thu, 28 Mar 2024 17:55:13 +0000 ru-RU hourly 1 https://wordpress.org/?v=5.6.13 https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/10/cropped-LOGO-32x32.jpg КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ДИН БАШКАРМАЛЫГЫ https://muftiyat.kg 32 32 “Умму Мухаммад” медресесинде мектеп программасы окутулууда https://muftiyat.kg/janylyktar/51901/ Thu, 28 Mar 2024 17:55:11 +0000 https://muftiyat.kg/?p=51901

Ош шаарындагы “Умму Мухаммад” медресесинде мектеп мугалимдери 10-11-класстын окуучуларына мектептин программасын окутуп жатат. Жыл сайын 11-классты бүткөн окуучуларга аттестат берилип, орто билимге ээ болушат. Ошондой эле ЖРТга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул боюнча аталган медресенин мүдүрү Кутман Орунбаев маалымдады.

Мүдүрдүн айтымында, бул медресе жыл башында 9-классты бүткөн окуучуларды кабыл алып, диний сабактарга кошумча мектеп программасын окутуп келет.

]]>
Кожояр айылында жаш өспүрүм балдар арасында Куран окуу боюнча жарыш өттү https://muftiyat.kg/janylyktar/51896/ Thu, 28 Mar 2024 16:59:49 +0000 https://muftiyat.kg/?p=51896

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Кожояр айылында орозо айынын урматына жаш балдар арасында өспүрүмдөрдү Куран окууга, диний тарбияга, окууга кызыктыруу максатында Курандын он сүрөөсүнөн жана намаздагы дубалар боюнча конкурс өткөрүлдү. Конкурска катышкан балдарга жалпы байге 10 000 сомду түзгөн белектер ыйгарылды. Куран конкурсту Кожояр айылынын имамы Эрмек Абылкасымов өзү окуткан балдарынын арасында жарышты уюштурду.

Аталган саамалыкка калыс катары Ысык-Көл рйаонунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев жана Марс Осмонов чакырылган. Калыстардын чечими менен 1-орунду Улукбек Максат уулу, 2-орун Нурсултан Борончу уулу, ал эми 3-орунду Анарбек Чолпокул уулу ээледи.

«Бул биз үчүн жөнөкөй иш-чара болгону менен келечектеги өспүрүм балдар үчүн жашшосунда өтө чоң өзгөрүү болушу мүмкүн. Ошол себептен жаш балдардын келечегине кайдыгер карабастан, аларга бир стимул болушу үчүн ушул иш-чара болуп отурат, андыктан уюштуруучуларга ыраазычылык. Конкурс жемиштүү болуп, максатына жетсин, балдарыбыз илимдүү, билимдүү, ыймандуу болуп чоңоюшсун. Буйурса ушул сыяктуу конкурстарды калган айылдарга уюштуруп турсак жемишин берет деген ойдобуз», – деди райондун баш имам-хатиби.

]]>
Кара-Сууда мечит жамааты Рамазан айында 1.5 млн сомдук кайрымдуулук жасады https://muftiyat.kg/janylyktar/51891/ Thu, 28 Mar 2024 16:40:51 +0000 https://muftiyat.kg/?p=51891

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү “Аль-Худа” мечитинин имамы Мурадулла ажы Рамазанов башында турган тургундар 200 муктаж үй-бүлөгө ар бири 2200 сомдон турган Рамазан баштыкчаларын таратты.

Кайрымдуулуктун жалпы суммасы 440 000 сомду түзүп, калктын аз камсыз болгон катмарына жеткирилип берилди.

Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров кайрымдуулук иштерине активдүү катышкандыгы үчүн «Аль-Худа» мечитинин имамына жана жамаатына, ошондой эле жалпы Кара-Суу районундагы имамдарга ыраазычылыгын билдирип, мындай иш-чаралардын орозо айында кылынуусу менен өзгөчө мааниге ээ болорун баса белгиледи.

Эскерте кетсек,  ушул эле мечит имамы кайрымдуу жамааты менен биргеликте орозо айынын башынан баштап бүгүнкү күнгө чейин суммасы 1 542 000 сомду түзгөн ири кайрымдуулуктарды жасады.

]]>
Балыкчынын баш имам-хатиби «Коопсуз өлкө – туруктуу келечек» аталыштагы форумга катышты https://muftiyat.kg/janylyktar/51888/ Thu, 28 Mar 2024 16:32:36 +0000 https://muftiyat.kg/?p=51888

Бүгүн, 28-март күнү Балыкчы шаарынын маданият үйүндө «Коопсуз өлкө – туруктуу келечек» аттуу форум болуп өттү. Аталган форумга КРнын ички иштер министрлигинен, Ысык-Көл облуссунун ички иштер башкармалыгынан өкүлдөр, Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, калаа жетекчилери, Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов, мекеме жетекчилери, прокуратура кызматкерлери, студенттер, жаштар жана жалпы коомчулук катышты.

Жыйында катышуучуларга ыйман, ынтымак, биримдик боюнча айтылып, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча пикир алмашуулар болду. Форумда ички иштер кызматкерлери менен тыгыз иш алып барган жарандарга Балыкчы ШИИБи тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды.

Айта кетсек, шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери ушул темаларды чагылдырып, чакан сахналаштырылган спектакль көрсөтүлдү.

]]>
Кара-Суу райондук администрациясында коопсуздук боюнча жыйын өткөрүлдү https://muftiyat.kg/janylyktar/51882/ Thu, 28 Mar 2024 16:04:47 +0000 https://muftiyat.kg/?p=51882

Кечээ, 27-март күнү Кара-Суу райондук администрациясынын жыйындар залында аймакта кооптуу абалдарды болтурбоо максатында жыйын болуп өттү.

Аталган жыйынга Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, Ош ОИИБдин ЭММКАКнын башчысы Жуманазар Орозбаев, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Уланбек Батыров, Кара-Суу районунун прокурору Эркингуль Урдалетова, КРнын УКМКнын Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы Бекзат Касымбеков, Кара-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Сүйүн Осмонов, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп директорлору, Кара-Суу районундагы эл көп топтолгон мекемелердин жетекчилери, диний окуу жайлардын мүдүрлөрү жана жалпы мечиттердин имамдары катышты.

Жыйында райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров жыйынды уюштурган жалпы ички иштер бөлүмүнө ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:

“Дин тармагында эмгектенип жаткан дин кызматкерлери баарыбыз колубуздан келишинче коопсуздук чараларын көрүүдөбүз. Мечиттер жана медреселер коомдук жай болгондуктан, аларга видео байкоо камераларын орнотуп, кээ бир мечиттерге жүздү таануучу камералар жайгаштырылды. Аны менен катар мечит-медреселерде жана жума баяндарда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, ар кандай туура эмес түшүнүктөрдөн оолак болуу, адам өлтүрүнүн күнөөлөрү жана адам өмүрү баарынан кымбаттыгы боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”.

Баш имам сөзүнүн акырында, “Улут, уруулар аралык ынтымак” жана “Жан – аманат” аталышында жума баяндарды жасоо боюнча Ош облусунун казысынын буйругу чыккандыгын айтып өттү.

]]>
Азирети Муфтий Түркиянын Кыргызстандагы элчилигин зыярат кылды https://muftiyat.kg/janylyktar/51852/ Thu, 28 Mar 2024 15:25:10 +0000 https://muftiyat.kg/?p=51852

Бүгүн, 28-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Түркиянын Кыргызстандагы элчилигин зыярат кылып, анын алкагында Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кызматташуу, боордоштук мамилени күчтөндүрүү жана тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышып, мындан кийинки аткарыла турган иштер боюнча пикир алышты.

Андан соң Азирети Муфтий Түркия Республикасынын Элчисинин дин иштери боюнча кеңешчилигин зыярат кылып, Салих Сезик менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-түрк бир туугандык мамилелерин жана достугун бекемдөө,  бир катар долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

]]>
Ноокатта экстремизмдин алдын алууга багытталган жыйын болуп өттү https://muftiyat.kg/janylyktar/51847/ Wed, 27 Mar 2024 17:59:00 +0000 https://muftiyat.kg/?p=51847

Бүгүн, 27-март күнү Ош облусунун Ноокат районунда Коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, диний кырдалды көзөмөлдөө жана террордук актылардын алдын алууга багытталган жыйын болуп өттү.

Ага Ноокат районунун акимдин орун басары Мамажунус Абилов, Ош ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрнист Бекташов, РИИБдин башчысынын орун басары Алмазбек Исраилов, райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров, райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана райондогу дин кызматкерлери катышты.

Жыйында өлкө аймагындагы коопсуздук маселелери каралып, аткарылган иштер жана коопсуздукту камсыз кылуудагы артыкчылыктуу багыттар айтылды.

“Алла Таала Куран-и Каримде адамдын жанын кыюу чоң күнөө экендигин айткан. Жардырууларды, адам өлтүрүүлөрдү жасап жаткандардын жоруктары мусулманчылыкка жатпайт. Адам өлтүрүү жана өз жанын кыюу шариятыбызда чоң күнөөлөрдүн сап башында турат. Мусулман эч качан террорчу болбойт, эч качан террорчу мусулман деп айтылбайт”, – деди Бекназар ажы Жапаров.

]]>
Кызыл-Жол кварталында 200дөн ашуун үй-бүлөгө ифтардык баштыгы берилди https://muftiyat.kg/janylyktar/51844/ Wed, 27 Mar 2024 17:58:59 +0000 https://muftiyat.kg/?p=51844

Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталында 200дөн ашуун үй-бүлөгө ифтардык катарында азык-түлүк баштыкчасы таратылды.

Кызыл-Жол кварталынын “Абу Бакр” атындагы мечитинин имамы Кожали Абазовдун демилгеси жана жергиликтүү жашоочулардын колдоосу менен тамак-аш, күнүмдүк  азык-түлүктөн турган ифтардык баштыкчалар өөз дарегине жеткирилди.

Иш-чара алкагында 200дөн ашык баштыкчалар Рамазан айында ооз ачарлык катарында берилип, кары-картаң, ооруп жаткандарга, муктаждарга кубаныч тартуулоо максатында таратылып берилди.

“Мындай иш-чараларды жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен буга чейин да уюштуруп келгенбиз. Максатыбыз ыйык айда муктаждардын жүзүнө кубаныч тартуулоо. Буйруса келечекте дагы уюштуруу пландалууда”, – деди Кожали Абазов.

]]>
Жети-Өгүздө 30 үй-бүлөгө рамазандык баштыкчалар берилди https://muftiyat.kg/janylyktar/51839/ Wed, 27 Mar 2024 17:49:41 +0000 https://muftiyat.kg/?p=51839

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак жана Кичи-Жаргылчак айылдарында муктаж 30 үй-бүлөгө Ыйык Рамазан айынын урматына азык-түлүк баштыктары таратылды.

Аталган кайрымдуулукка «Ас-Санабил» кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылды. Кичи-Жаргылчак айылынын имамы Алтынбек Сагынбаев, Чоң-Жаргылчак айылынын имамы Кылычбек Базарбаев иш-чарага катышып, кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө ыраазычылык айтышты. Жардам пакеттерин алганы келген эл да ыраазы болуп, орозо айында кылган жакшылыктарын Алла Таала кабыл кылуусун тилеп дуба кылышты.

]]>
Алимбек ажы Маматаминов: “Динде аша чапкандык – диний сабаттуулуктун төмөндүгү” https://muftiyat.kg/janylyktar/51835/ Wed, 27 Mar 2024 17:39:48 +0000 https://muftiyat.kg/?p=51835

Бүгүн, 27-март күнү Ош облусунун Чоң-Алай районунда жалпы мечиттердин имамдарына жыйын болуп өттү. Аталган жыйынга райондун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов катышып, учурдун орчундуу маселерине токтолуп, бир катар тапшырмалар берилди.

Алимбек ажы Маматаминов “Терроризмде исламдан үлүш жок”, “Ысрапкорчулукка кол бербейбиз” жана “Динде ортолук карманылат” аталышында баяндама жасап, туура эмес түшүнүктрдөн узак болууга, уруулар аралык ынтымакка чакырып, той-аштарда, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарга жол бербөө тапшырмаларын берди.

“Динде аша чапкандык – диний сабаттуулуктун төмөндүгү. Шариятыбыздагы айрым сооптуу иш деп аталып, ошол эле учурда аны аткарбай коюуда күнөө болбогон иштерди, милдеттүүдөй көрсөтүп, карапайым элдин багытын бургандар бар. Диний жетекчи катары ошондой туура эмес түшүнүктөрдөн элибизди арылтуубуз керек. Анткени бул иштер адамды радикалдык көз карашка алып барат”, – деди Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов.

]]>