Баткен шаарындагы Муьаз ибн Жабал медресеси туурасында учкай маалымат

Область: Баткен
Адрес:
Муьаз ибн Жабал медресесинин дареги: Баткен облусу, Баткен шаары, Сайдиман ажы көчөсү. Байланыш телефону 0777065211

Муьаз ибн Жабал медресеси туурасында учкай маалымат. Медресе өзүнүн ишмердүүлүгүн 2010-жылы баштап, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан каттоодон өтүп, ошол учурдан тарта улан-кыздарды ыйман жолунда окутуп, турмуш жолуна даярдап тарбиясын берип келет. Медресе уламалар кеңешинин 2013- жылдын 14-майында чыгарылган №5 токтомдун негизинде когорку медреселер жана диний институттардын окуу программасын кабыл алып, жогорку медресе деп табылган.
Муьаз ибн Жабал медресесинде Египеттеги Ал-Азхар жана Бишкектеги “Кыргызстан ислам университетин” артыкчылык менен бүтүргөн мугалимдер.
Медресенин шарттары: Окуу бөлмөлөр, китепкана, жатакана, ашкана, кышкы жана жайкы саякаттар, кичи футболдук зал, волейбол, стол тенисинде жумалык машыгуулар. Ал эми кыздар үчүн кошумча чеберчилик жана ашпозчулук сабактары өтүлөт.
Медресени бүткөндөн кийинки мүмкүнчүлүктөр: Медресени ийгиликтүү аяктаган студенттер “Арап тили жана шарият” адистиги боюнча жогорку диплом жана 11-класстын аттестатына ээ болушса, окуу жайды артыкчылык менен бүтүргөн студенттер Египет, Түркия мамлекеттериненен өз билимин улантууга жолдомо алышат. Ошондой эле Муьаз ибн Жабал медресесинин бүтүрүүчүлөрү өлкө аймагындагы бардык ЖОЖдордон жана теология, араб тили факултеттеринде билим ала алышат.