Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев окуучуларга суицидди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Үч-коргон айылындагы Газы Малаев атындагы орто мектебинин окуучуларына суицид, рекетчилик боюнча  лекция окуду.

Тарбиялык сааттын алкагында окуучулар өздөрүнүн кызыккан суроолорун беришип, жоопторду ала алышты. Ал эми окуучулар  мындай лекциялар тез-тез болуп туруусун суранышты.

«Силер көп убактыңарды телефон, Интернетке короткуча дайыма байма-бай китеп окуп, билим деңгээлиңерди өрчүткүлө. Келечекте мекенибизге, элибизге, жерибизге, динибизге кызмат кылган илимдүү, билимдүү инсандардан болгула»,-деди Миржалал ажы.