Абсатар ажы Эркинбеков студенттерге билим алуунун зарылдыгы туурасында баяндамасын жасады

Бүгүн, 5-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаардык колледжинде калаанын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков студенттерге билим алуунун зарылдыгы, мусулмандын асыл адептери туурасында баяндамасын жасады.

“Пайгамбарыбыз абдан адептүү, уяттуу инсан болгон. Адептүү жүрүм-турумду пайгамбарыбыздан үйрөнөлү. Себеби пайгамбарыбыз улууга да, кичүүгө да эң жакшы мамиле жасаган. Эч кимдин көңүлүн ооруткан эмес,”-деди баш имам хатиб.

Соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, жооп алышты.