Муфтият диний жаатта эмгектенген ишкерлер менен биргеликте дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө Мыйзамдын долбооруна кирип жаткан өзгөрүүлөрдү талкуулады

Кечээ, 19-июлда Бишкек шаарындагы  «Бишкек Плаза» мейманканасынын жыйындар залында  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башкы адиси Нурсултан Анарбаев, КМЮАнын юристи Азамат Нарынбаев, И.Арабаев атындагы теология кафедрасынын башчысы Эрмек Бектуров, укук коргоочу Дүйшөн Абдылдаев, Кыргызстан Ислам Университетинин проректорлору, коомдук фонддордон, белгилүү диний ишмер Өзбек ажы Чотонов, «Мутакалим» коомунан, Аалымдар Кеңешинен, ИИМ, МУКК жана Муфтият кызматкерлери катышып, өздөрүнүн ой-пикир жана сунуштарын айтышты.

Муну менен катар тегерек стол алкагында «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна киргизилип жаткан  жаңы өзгөрүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында көрсөтүлгөн нормалар, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына статус берүү, диний билим берүү жана алардын лицензияланышы, нике маселеси, мечиттерге келүү, ажылык, даават жана үгүт-насаат, басып чыгаруулар (китеп, журнал, брошюралар), Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү адабият жана башка басма продукциялары, ошондой эле аудио-жана видеоматериалдарга уруксаат алуу, прозелитизм түшүнүгү, диний багыттагы объекттер – диний ишмердүүлүкө колдонулуучу имараттар, курулуштар жана башка объектилер  сыяктуу бир катар маселелер  каралып, жыйынтыгында жалпы катышуучулар өздөрүнүн сунуш-пикирлерин жазуу түрүндө беришип, тегерек столдун жыйынтыгында кабыл алынган сунуштарды Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жиберүү чечимин кабыл алышты.