Нуркамал кары Мизираимов Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы Башкы мечитинин Баш Имам Хатиби кызматына дайындалды

Нуркамал кары Мизираимов Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы Башкы мечитинин Баш Имам Хатиби кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Эскерте кетсек,  Нуркамал кары Мизираимов буга чейин имам Сарахсий атындагы Башкы мечитинде имамчылык кызматты аркалап келген.

Мизираимов  Нуркамал  Маматкаримовичтин өмүр таржымалы

Нуркамал кары Мизираимов 1987-жылдын 11-ноябрында Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чоӊ Кара-Буура айылында жарык дүйнөгө келген.   

БИЛИМИ:

1994-2005-жылдары орто мектепти ийгиликтүү аяктаган.

2003-2004-жылдары Жаӊы-Жер айылындагы «Равза» Куран жаттоо медресесин бүтүргөн.  

2005-2010-жылдары  Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетин аяктап,  араб тили адистигине ээ болгон. (КМКТАУ)

2019-2021-жылдары  И. Арабаев атындагы теология багытында магистрант.

ЭМГЕК ТАЖРЫЙБАСЫ:

2008-2010-жылдары «Дил-Мүрѳгү» адеп-ахлак борборунда жаштар иши 2010-2014-жылдары Кѳк-Жар конушундагы молдо-Саид мечитинде имам

2010-2015-жылдары «Элистан» балалык борборунда мугалим-тарбиячы

2016-2020-жылдары Кѳк-Жар конушундагы молдо-Саид мечитинде баш имам хатиб

2014-2018-жылдары  Бишкек шаардык борбордук мечитте имам

2018-2021-жылдары  имам Сарахсий атындагы Башкы мечитинде имам

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК БИЛИМИ

2010-жылы араб тили курсун аяктаган

2009-жылы «Убакытты башкаруу» тренинг-семинарына катышкан

2012-жылы «Проектти иштетүү» тренинг-семинарынын сертификатына ээ болгон  

2010-2015-жылдары имамдар үчүн уюштурулган илимий курстар-семинарларга катышып, квалификациялык билимин жогорулаткан  

2014-жылы Кувейт мамлекетинде имамдардын квалификациясын жогорулатуучу  үч айлык курста окуган.  

Үй-бүлөлү, 4 баланын атасы

Араб, орус, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт