Нарын облусунун мусулмандар казысы

Ибраев Мамбетасан — 1971-жылы 14-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылында жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган. 1979-жылы Жаңы-Күч орто мектебинин босогосун аттап, 1988-1989-окуу жылында ушул мектепти ийгиликтүү аяктаган. 1992-жылга чейин ар кандай кызматтарда иштеп, 1992-жылы Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармамсы тарабынан Египеттеги Аль-Азхар университетине окууга жөнөтүлөт. Адегенде 2 жыл даярдоо курсунда окуп, андан соң атайын орто окуу жайында билимин улантат. 1996-жылдан баштап институтка кирип, аны аяктагандан кийин Аль-Азхар университетинин педагогика факультетине тапшырып, 2 жыл окуйт. Египетте билим алуу учурунда 11 айлык тил курсунда окуган. Кыргызстандан билим алуу үчүн келген балдар-кыздарга курстарды уюштуруп, араб тили, Куран, тафсир, хадис жана башка сабактарды жүргүзгөн. Ошону менен бирге “Апама”, “Мусулмандарга”, “Каирден сага салам Кыргызстаным”, “Кыздарга” сыяктуу бир катар ырларын жазган.

2002-жылы Кыргызстанга келип, өкмөт алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жумушка орношот. Ушул эле жылдын 22-августунда Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармасынын мечит жана окуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, аны менен катар Ислам институтунун студенттерине фыкх илими боюнча сабак бере баштайт.

2003-жылы өткөрүлгөн Кыргызстан Мусулмандарынын Курултайында Уламалар Кеңешинин мүчөсү болуп шайланат. 2002-2005-жылдар аралыгында “Балдар үчүн ыйман сабагы”, “Ислам жөнүндө түшүнүк”, “Пайгамбарлар”, “Мухаммад пайгамбардын өмүр баяны”, «Зарыл суроо-жооптор» сыяктуу Ислам динине байланышкан илимий китептерди жазган. 2005-жылдан 2011-жылга чейин Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары кызматында иштеп, динибизге, элибизге өзүнүн ак кызматын аткарып келген.

2011-жылдын сентябрь айында Нарын облусунун казысы болуп дайындалып, азыркы учурда облустун казысы кызматында үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

2017-жылы февраль айында Нарын шаардык кеңешинин №5/3 токтому менен Нарын шаарынын “АРДАКТУУ АТУУЛУ” деген наамы ыйгарылган.

Үй-бүлөөлү 2 уул, 2 кыздын атасы.

 

Нарын облусунун мусулмандар казыятынын кыскача тарыхы

Нарын облусунун мусулмандар казыяты 1996-жылы Уламалар Кеңешинин курултайында каралып, казыят болуп ачылууга чечим кабыл алынып, ошондон бери өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Казыяттын карамагында 5 райондук жана 1 шаардык хатиябият, 150 мечит, 137 имам жана 2 медресе бар. Нарын казыятынын имараты 1991-жылы 2 кабаттуу болуп курула баштап, 1993-жылдын 14-ноябрында ачылып, мечит катары колдонулуп келген. Казыят ачылгандан тарта ушул күнгө чейин Нарын шаарынын борбордук Азирети Али мечитинин алдындагы биринчи кабатты кеңсе катары колдонуп келет. Казыяттын жалпы 4 кеңсеси жана бир жыйындар залы бар.

 Нарын облусунун мусулмандар казыятын жетектеген казылар

1996-1999-жылдарда Тойчубай Ишенов
1999-2003-жылдар арасында Нематулла Жээнбеков
2003-2010-жылдарда Таалайбек Жакыпов
2010-2011-жылдарда Замир каары Ракиев
2011-жылдын  сентябрь айынан бери Мамбетасан Ибраев казылык милдетти аракалап келүүдө.

Казыяттын штаттык курамында 7 адам эмгектенет

  1. Казы
  2. Казынын орун басары
  3. Башкы катчы жана эсепчи
  4. Даават бөлүм адиси
  5. Мечиттер жана окуу бөлүм башчысы
  6. Маалымат адиси
  7. Чарба жана курулуш адиси

    Нарын облустук казыятынын аппарат кызматкерлери

    Аты-жөнү Кызамты Телефон
    1 Ибраев Мамбетасан Нарын облусунун казысы Кабылдама

    03522-5-17-25

    2 Дюшембиев Рахат Казынын орун басары
    3 Жунушов Орозобек Жооптуу катчы, эсепчи
    4 Исаев Сейит Окуу, мечит бөлүм адиси
    5 Джаныбаев Эрмек Даават бөлүм адиси
    6 Сагындыков Тойчубек Басма сөз адиси
    7 Дүйшөмамбет уулу Алымбек Курулуш жана чарба адиси

    Дареги:

    Нарын шаары, Ленин көчөсү 95

    Электрондук дарек: narin-kazyati@mail.ru

    Байланыш телефону: 03522-5-17-25

    Нарын облусунун райондук жана шаардык баш имам хатибтери

     

    Аты-жөнү Аткарган кызматы Электрондук почтасы
    1 Талипакунов Алмаз Жолдошбекович Нарын шаарынын баш имам хатиби almaz-talib-90@mail.ru
    2 Орозалиев Кумарбек Капарбекович Нарын районунун баш  имам хатиби hatib-narinshaar@mail.ru
    3 Кунасов Уранбек Сарыкбекович Жумгал районунун баш имам хатиби kunasov.uran@mail.ru
    4 Тахиров Абдулла Убеевич Ат-Башы районунун баш  имам хатиби hatib-atbashi@mail.ru
    5 Арзымкожоев Жеңишбек Токтобекович Кочкор районунун баш имам хатиби hatib-kochkor@mail.ru
    6 Жээнбеков Жаныбек Мамбетказиевич Ак-Талаа районунун баш  имам хатиби hatib-aktalaa@mail.ru

     

    Нарын областында мечиттер, диний окуу жайлар  (медреселер):

    Азыркы кезде Нарын облусунун мусулмандар казыятынын карамагында 5 райондук жана 1 шаардык хатибият бар

    Жалпы 150 мечит (анын ичинен 110 мечит каттоодон өткөн)

    137 имам

    2 медресе ишмердүүлүгүн жүргүзөт


Акыркы жаңылыктар жана иш чаралары: