Ош облусунун мусулмандар казыяты

Ош облусунун мусулмандар казысы

Атабаев Самидин Абдураимович —  1973-жылдын 27-декабрында Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн. Диний жогорку билимге ээ. 1991-1995-жылдарда Бишкектеги Азрети Умар атындагы Кыргызстан Ислам институтун жана 2002-2006-жылдары Россия Ислам университетин ийгилүктүү аяктаган. Светтик жогорку билимге ээ. 2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун бүтүрүп, “Юриспруденция” адистигине ээ болгон.

1995-1996-жылдары аскердик кызматын өтөгөн.

Эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы «Абдираим каары» медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалоодон баштаган. 2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы  «Имам Аль-Бухарий» Ислам институтунун окуу иштери боюнча проректор, 2010 -2015-жылдары Өзгөн районунун баш имам хатиби, 2015-жылдын 28-августунда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын түзүмүндөгү бош ваканттык орундарга конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин №265 буйругу менен Ош облусунун казысы болуп айындалып, азыркы күнгө чейин  үзүрлүү эмгектенип келе жатат. С.Атабаевдин эмгек жолундагы жетишкендиктери катары 1999-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Куран жарыш конкурсунда 3-орун, 2002-жылы Татарстанда өткөн Куран жарыш конкурсунда 1-орун, 2003-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Куран конкурсунда 1-орунга ээ болгон. 2015-жылы “Ош шамы” гезити тарабынан “Жылдын мыкты жетекчиси” номинациясы менен сыйланган. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин ардак грамотасы менен сыйланган. Мындан башка дагы бир нече ардак грамоталардын жана ыраазычылык баракчалардын ээси.

Орус, түрк, өзбек, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

С.Атабаев спорттун волейбол түрүнө кызыгат. 2003-жылы волейбол боюнча 1-орунду камсыз кылган.

        Үй-бүлөлүү, эки уул, үч кыздын атасы.

 

Ош облусунун мусулмандар казыятынын кыскача тарыхы

Ош облусунун мусулмандар казыяты 1993-жылы 19-декабрда юридикалык жак катары адилет башкармалыгынан каттоодон өтүп өз ишмердүүлүгүн баштаган. Алгач Ош облустук мусулмандар казыятынын карамагына Ош, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын мусулмандарын тейлөө милдети жүктөлгөн. Кийин 1999-жылы Баткен өз алдынча  облус болуп түзүлгөндөн кийин Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатибдери Баткен облусунун карамагына өткөрүлүп берилген. 2000-жылы Ош шаарына 2-борбор статусу берилгенден кийин, 2003-жылдын 24-июлунда Ош шаарынын аймагындагы мечиттер жаңы түзүлгөн Ош шаардык казыятынын курамына өткөрүлүп берилген.

Ош облусунун мусулмандар казыяты 2003-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан кайрадан мамлекеттик эсепттик каттоодон өткөрүлгөн.  Каттоо номуру № 0378 – РОИ. Ошол убактан тартып өзүнүн курамына Ош облусундагы 7 райондун баш имам хатибчиликтерин камтып ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаган. 2003-жылдын 4-апрелинде Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан юридикалык жак катары кайра каттоодон өткөрүлүп, жобонун негизинде мусулмандардын диний керектөөлөрүн канааттандыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук алган. Каттоо номуру 4768-3306-У-е . Ал эми Ош облусунун мусулмандар казыятынын уставы 2003-жылдын 24-июлунда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи тарабынан бекитилген. Казыяттын кеңсеси жок болгондуктан 2015-жылы Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылындагы “Имам Ать-Термизий” мечитинин жер тилкесине 3 кабаттуу казыяттын офистик имараты курулуп баштап, 2018-жылы толугу менен бүткөрүлгөн.  Бул казыяттын офистик имараты комплекстүү Ислам борбору деп аталып, өз ичине мейманкана, китепкана, окуу залдарын жана офисттик каналарды камтымаган.

 

 Ош облусунун мусулмандар казыятын жетектеген казылар:

Ош облусттук мусулмандар казыяты түзүлгөндөн баштап алгачкы казы болуп түптөгөн

1993-2001-жылдарда Саипжан ажы Абдувахидов облустун Казысы болуп иштеген.
2001-2003-жылдар арасында Асатилла ажы Нурматов
2003-2004-жылдарда Мубарак ажы Маразыков
2004-2006-жылдарда Саипжан ажы Абдувахидов
2006-2011-жылдарда Сүйүн ажы Калыков

2011-жылдын  2-июнунан тартып  2012-жылдын сентябрына чейин Ниязали ажы Арипов

2012-жылдын сентябрь айынан 2014-жылдын январь айына чейин Султанали ажы Гапуров

2014-жылдын 10 -январынан 2015-жылдын август айына чейин Ниязали ажы Арипов  2015-жылдын сентябрынан тартып азыркы кезге чейин Самидин кары Атабаев жетектеп келе жатат.

 

Ош областында мечиттер, диний окуу жайлар  (медресе, институт):
Азыркы кезде Ош облусунун мусулмандар казыятынын карамагында

7 райондун хатибчилиги;

Жалпы 856 мечит (анын ичинен 185 жума окулган мечит)

2 Ислам институту;

20 медресе,

2 окуу борбору  ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

 

Казыяттын штаттык курамында 9 адам эмгектенет.

  1. Казы;
  2. Казынын орун басары;
  3. Иш башкарма башчысы;
  4. Казынын жардамчы-айдоочусу;
  5. Фатва боюнча адис;
  6. Катчылык, кадрлар жана маалымат адиси;
  7. Үгүт-насаат жана билим берүү адиси;
  8. Көмөкчү чарба жана курулуш адиси;
  9. Башкы эсепчи.

Ош облустук казыятынын аппарат кызматкерлери

Аты-жөнү Кызматы Телефон

 

1 Атабаев Самидин Абдираимович Ош облусунун казысы Кабылдама

032225-50-72

 

 

2 Орунбаев Нурбек Орунбаевич Ош облустук

Казысынын орун басары

3 Жакыпов Абдыжапар Анарбаевич Иш башкармасы
4 Каримов Нургазы Абдыкадырович Отдел-кадр жана пресса адиси
5 Жеңишбек уулу Раушан Казынын жардамчы-айдоочусу
6 Бакиров Акжол Акжигитович Үгүт-насаат жана билим берүү адиси
7 Кулуев Майрамбек Мукамбекович Казыяттын бухгалтери жана кассири
8 Турсунбеков Абдималик Ибраимович Чарба курулуш жана мечит адиси
9 Эрматов Нургазы Асылбекович Фатва бөлүмүнүн адиси

 Электрондук дарек: osh.oblustuk-kaziyat@mail.ru

Ош облусунун райондук баш имам хатибтери

Аты-жөнү Аткарган

кызматы

Электрондук почтасы
1 Ташбеков Эрмекбай Сүйүнович Чоң-Алай районунун баш имам хатиби chonalay.hatibiyaty@mail.ru
2 Мамаев Дастан Сатарович Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби karakulzha.hatibiyaty@mail.ru
3 Батыров Абдирашит Насырдынович Кара-Суу районунун баш имам хатиби karasuu.hatibiyaty@mail.ru
4 Кадыров Тиллабай Торогелдиевич Алай районунун баш имам хатиби alay.hatibiyaty@mail.ru
5 Турдубаев Маматкасым Таабалдыевич Ноокат районунун баш имам хатиби nookat.hatibiyaty@mail.ru
6 Муратов Умарали Келдибаевич Араван районунун баш имам хатиби милдетин  аткаруучу aravanhatibiyaty@mail.ru
7 Козубаев Акжол Жаланович Өзгөн районунун баш имам хатиби милдетин  аткаруучу ozgon.hatibiyaty@mail.ru

Акыркы жаңылыктар жана иш чаралары: