Талас облусунун мусулмандар казыяты

Талас облусунун мусулмандар казысы

Таалайбек ажы Бапиевдин өмүр баяны

Таалайбек ажы Бапиев 1966-жылы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кичине кезинде чоң атасы молдо Бапынын колунда тарбияланып, жети жашынан намаз окуп баштаган. Чоң атасы дүйнөдөн өткөндөн соң айылдык Абдылда деген молдодо бир аз окуган.  Андан соң 80 – жылдары азыркы Тараз шаарындагы Зуннун кожо аттуу аалымдан  диний билимин уланткан.  Диний билимди ал 4 жыл бою аалымдын үйүндө өз баласындай жатып окуп  үйрөнгөн. Зуннун кожо 1984- жылы дүйнөдөн өткөндөн  кийин айылга кайтып келип, Сагынаалы аттуу облустагы  аалымдын колунда мухтасардан сабак алууну уланткан.  Бираз убакыт өткөндөн кийин Кызыл Ордодо, андан соң Чымкентте аскердик кызматын өтөгөн. Ошол жерде да Зайниддин аттуу карыдан  убакыт бөлүп, диний  сабак алып турган. Аскерде жүргөн мезгилинде да  ошол аймактагы өзбек, казак жана уйгур улутундагы  белгилүү бир нече аалымдарга жолугууга мүмкүнчүлүк алган. Андан соң Пахтакор деген жерде Алихан төрөнүн шакирти Убайдулла аалымдын колунда сарф илимининен сабак алган. Кийинчерээк Таласка келип Сагынаалы аалымдын колунда сабак алууну улантты. Аны менен биргеликте ошол мезгилде Таласта жашап турган Кыргызстанда белгилүү аалым Надыр молдонун алдында сарф жана Нахву илимдеринен сабак алган. Андан соң 1986-жылдан тартып  Өзгөрүш айылына имам болуп дайындалган. Кийин  Бакай-Ата районуна баш имам болуп иштеген. Андан соң Талас облусу боюнча баш имам хатиб Добул  молдого жардамчы болуп иштеди. Добул молдодон кийин Сатылган ажы 1997- жылдан тартып тогуз жыл  казы болуп  иштеп турганда ага орун басар болуп иштеди. 2006-жылы Талас облусуна казы болуп дайындалып, азыркы күнгө чейин талыкпай эмгектенип келе жатат. 2016-жылы Талас шаарындагы Арабаев мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.

4 кыз, 2 уулдун атасы.

Таалайбек ажы диний кызматынан тышкары ата-бабасынан калган саяпкерлик өнөрүнө кызыгып, спорт менен машыгат. Өз  учурунда күрөш боюнча алдыңкы орунду ээлеп келген. Ошондой эле Кыргыздын санжырасын жана тарыхын изилдеп, бул жаатта ал эл ичинде  көп маалыматтуу инсандардын катарына кирет.

Талас облусунун тарыхынан

Биздин заманга чейинки  7 -8 кылымдарда Кытайдын Тан империясы Орто Азиянын кээ бир жерлерин басып тоногон. 749-жылы Кытайдын аскер башчысы Гао Сяньчжи Ташкентти басып алып, андагы Түрк башкаруучусу Мохедди өлтүргөн. Ошондо анын уулунун арызы себептүү жана Тараздагы отурукташып калган Араб гарнизонун коргоо максаты себептүү Халифанын наместниги Абу Муслим Кытайларга каршы Зияд бин Саалихти Йемендик атчандар аскер тобу менен  жөнөткөн.  Буларга мурда каршылаш болуп согушуп келген түрк уруулары да кошулган. Ошентип 751 – жылы Атлах шаарынын жанындагы (Азыркы Талас облусунун Покровка айылынын айланасы.) Талас дарыясынын алдында Араб жана түрк урууларынан куралган аскер тобу менен Кытай аскери беттешкен. Төрт күн бою эки тарап бири бирине тирешип туруп, бешинчи күнү дегенде катуу согуш башталып, күтүлбөгөн жерден Кытайлардын арт тарабынан Карлуктар сокку урган. Ошондо Кытай аскеринде баш аламандык пайда болуп, жүз миңге жакын жоокери кырылган. Калган аскери биротоло качып кетишкен. Тарыхчылардын айтуулары боюнча  бул согуш  кылымдар бою Кытайлардын бул жерлерге келбөөсүнө себеп болгон. Ошондуктан Кыргыз тарыхында бул окуя өтө маанилүү болуп саналат.

Талас областтык казыятынын тарыхы  

 Талас областтык казыяты расмий түрдө 12 – август  2003 жылы  дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан эсептик каттодон өткөн. Андан соң экинчи ирээт жаңы мыйзамга ылайык 4 – март  2009 жылы мамлекттик каттодон өтөт. Ошондой элде 21- май 2009 жылы Талас областтык адилет башкармалыгынан юридикалык каттоодон да өткөн. Совет доорунда алгач Талас облусу боюнча белгилүү Мамадалы кожо баш имам хатиб болуп иштеп турган.  Андан соң  1950-жылдары  Мубаширхан төрөдөн сабак алган Ороз молдо иштеди. Ороз молдодон кийин  Жээнкул молдо,  Бөкөлөй молдо, Канат молдо, Байыскул  молдо андан соң облус  боюнча 1988-жылдары Рысбек  молдо баш имам болуп эмгектенишкен. 1990-жылы Таалайбек ажы Бапиев баш имам  хатиб болуп иштеди. 1993-жылы облус боюнча  Доул молдо казы болуп иштеп, Таалайбек ажы Бапиев анын жардамчы болуп дайындалган. 1997-жылы Сатылган ажы облуска казы болуп дайындалып, ага Таалайбек  ажы Бапиев жана Надыр молдо жардамчы болуп иштеди. Сатылган ажы казы болуп турганда облус боюнча имамдардын квраталдык жыйындын үзгүлтүксүз уланып туруусуна  чоң салым кошту. Ошентип 2006-жылдын апрель айында облуска Таалайбек ажы Бапиев казы болуп дайындалып, учурда казылык милдетин аткарып үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

Казыяттын ишмердүүлүгү  

Талас областтык  мусулмандар казыяты өзүнүн КМДБ тарабынан бекитилип берген уставынын негизинде иш алып барат. Казыят облустун төрт  району жана бир шаарындагы жалпы 140  имам менен тыгыз иш алып барып, алар менен үч ай сайын кварталдык жыйын өткөрүп, анда облустагы жана айыл ичиндеги шариятка байланыштуу масалелелер карашат. Ошондой эле акыйда жана фикх маселелери боюнча имамдар арасында суроо-жооп иретинде сабактарды өткөрүп, КМДБ тарабынан уюштурулган семинарларга имамдар катышып келет. Учурда жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен имамдарга Таластагы «Али ибн Аби Толиб» медресесинде үч күндүк  жана бир апталык   семинарлар өткөрүлөт. Мунун бардыгы облустагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулууда. Ошондой эле КМДБ тарабынан келген фатва жана буйруктарды өз убагында имамдарга таратылып, алар  аркылуу элге жетүүдө. Мындан тышкары казыят облусттук администрация жана коопсуздук кызматкерлери менен ар түрдүү кооптуу экстремисттик уюмдарга каршы чара колдонууда кызматташып келүүдө. Учурда облустагы мечиттердин 60 пайызы жаңыланып, жалпысынан 140 имам, 140 мечит жана 4 медресе өз кызматын көрсөтүп келет.

Талас облустук казыяты

Бапиев Таалайбек Керимбаевич –облустун мусулмандар казысы

Сыдыков Касым Токторович -облус казысынын орун басары

Сагынбаев Медербек Сейитказиевич- казыяттын иш башкарма жетекчиси

Абдысамат уулу Өмүрзак-казыяттын үгүт -насаат жана билим беүү адиси

Мамазалиев Нуржан Нурсултанович-казыяттын катчылык, кадр жана маалымат бөлүмүнүн адиси

Бапиев Кенжебек Керимбаевич- казыяттын чарба-курулуш жана мечиттер адиси

Токтарова Токтобүбү- казыяттын бухгалтер –кассири

Талас облусунун райондук баш имам хатибтери

Аты-жону Аткарган кызматы
1 Жолдошбек уулу Канатбек Талас районунун баш имам хатиби
2 Сагынбаев Абдимажит Жуманалиевич Бака-Ата районунун баш имам хатиби
3 Казакбаев Майрамбек Кара-Буура районунун баш имам хатиби
4 Дадабаев Миржалал Манас районунун баш имам хатиби
5 Бешкемпиров Алтынбек Талас шаарынын баш имам хатиби

 


Акыркы жаңылыктар жана иш чаралары: