Чүй облусунун мусулмандар казыяты

Жумагулов Русланбек Жаныбекович – 1969-жылдын 20-апрелинде Чүй областынын Москва районуна караштуу Төлөк айылында жарык дүйнөгө келген. Диний жогорку билимге ээ. 1991-1992 – жылдары Чүй областындагы «20-хутор» медресесинде жана 1998-2001 – жылдары «Азирети Умар» атындагы Кыргызстан Ислам институтунда билим алган. Светтик билимге ээ. 1987-1990 – жылдары Бишкек шаарындагы медициналык институтунда окуган.

Эмгек жолун 1992-жылдан тартып 2004-жылга чейин Москва  районунун баш имам хатиб кызматын аркалоодон баштаган. Андан кийин алгачкы ирээт 2004-жылдан баштап 2010-жылга чейин Чүй облусунун мусулмандар казысы болуп эмгектенген. Ошол учурларда Чүй казыятынын иш кагаздарын түп тамыры менен ырастап, казыяттын кеңсеси катары Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитин курган. 2010-жылы экс-Муфтий Мураталы ажы Жуманов дүйнө менен кош айтышып кеткенден кийин, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп да кызмат өтөгөн. Ошол учурдагы диний кырдаалды ырастап, муфтийлик кызматты өз ыктыяры менен Чубак ажы Жалиловго өткөрүп берип, экинчи ирээт кайрадан 2011-жылга чейин Чүй облусунун казысы кызматына келген. 2011-жылдан тарта 2017-жылга чейин өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, Азирети Муфтийдин тышкы жана коомдук иштери боюнча кеңешчиси катары эмгектенген. Азыркы учурда Чүй облусунун мусулмандар казыятынын казысы.

Кыргыз Республикасынын ардактуу дин кызматкери, Кыргыз Республикасынын суу-чарбасынын отличниги сыйлыктары менен сыйланган.

Орус, немец, өзбек, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эркин күрөш жана оор атлетика спорттук түрлөрү менен машыгып келет.

Үй-бүлөлү, эки уул, төрт кыздын атасы

Чүй облусунун мусулмандар казыятын өз учурунда жетектеген казылар

  • Дүйшөнбек ажы Өтөнбаев
  • Ашир ажы Молдо
  • Бактыбек ажы Убабеков
  • Чынкожо ажы Дөөлөтканов
  • Нурлан ажы Танабаев
  • Максат ажы Укуев

 

Казыяттын штаттык курамында 9 адам эмгектенет

1) Казы

2) Казынын орун басары

3) Иш башкарма башчысы

4) Казынын жардамчы-айдоочусу

5) Фатва боюнча адис

6) Катчылык

7) Билим берүү адиси

8) Курулуш жана маалымат адиси

9) Башкы эсепчи

  

Чүй облусундагы мечиттер, диний окуу жайлар (медресе, институт)

Азыркы кезде Чүй облусунун мусулмандар казыятынын карамагында:

10 райондун хатибчилиги

Жалпы 378 мечит (267 жума окулган мечиттер)

3 Ислам институту

25 медресе ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

 

Чүй облустук казыятынын аппарат кызматкерлери

Аты-жөнү Кызматы
1 Жумагулов Русланбек Жаныбекович Чүй облусунун казысы
2 Абдырахманов Жоомарт Урматбекович Казынын орун басары
3 Бекешов Кубан Укенович Иш башкарма башчысы
4 Сагымбеков Калысбек Сапарович Казынын жардамчы-айдоочусу
5 Зарылбеков Бектен Туратбекович Фатва боюнча адис
6 Эгембердиев Инхамали Каримович Катчылык
7 Ажыбаев Элизар Шамшидинович Билим берүү адиси
8 Суеркулов Алманбет Алтынбаевич Курулуш жана маалымат адиси
9 Курманов Ташболот Кутушович Башкы эсепчи

Электрондук дарек: Chui_kaziyat@mail.ru

 

Чүй облусунун райондук баш имам хатибтери

Аты-жөнү Аткарган кызматы
1 Джумадылов Азамат Джекшекеевич Кемин районунун баш имам хатиби
2 Жакеев Искендер Жарашбекович Москва районунун баш имам хатиби
3 Анаркулов Абдурахман Орунбоевич Аламүдүн районунун баш имам хатиби
4 Ырысбаев Икрам Абдыкалыкович Сокулук районунун баш имам хатиби
5 Дуванаев Джумабек Салаевич Панфилов районунун баш имам хатиби
6 Ниязалиев Уман Кубанычбекович Кант районунун баш имам хатиби
7 Акбаев Сапарали Коконович Чүй районунун баш имам хатиби
8 Омуралиев Нурдан Эсенкулович Жайыл районунун баш имам хатиби
9 Касымов Муржан Баратович Токмок шаарынын баш имам хатиби
10 Убабеков Бактыбек Сансызбаевич Ысык-Ата районунун баш имам хатиби