Чүй облусунун мусулмандар казыяты

Кант шаарынын «Азери» мечитинин имамы Кыргызстан эл аралык университетинин студенттери менен жолугушту
Кант шаарынын «Азери» мечитинин имамы Мухаммад Дугларов Кыргызстан эл аралык университетинин «Эл аралык сүйлөшүүлөрдүн теориясы жана практикасы» сабагынын мугалими Салима Матаеванын чакыруусу менен студенттерге «Ислам дининдеги улуттар арасындагы мамиле» темасында баяндама жасады. КЭУнун студенттерине уюштурулган …
Жайыл районунун баш имам хатиби жана РИИБ кызматкерлери Кара-Балтадагы мектеп окуучуларына терс диний агымдар боюнча маалымат беришти
Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Омуралиев РИИБдин экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Нуржан Кезипбеков менен биргеликте Кара-Балта шаарындагы 4  мектептин окуучуларына жолугушуу уюштурушту.  Иш чара алкагында ыймандуулук, илимдүүнүн келечеги, ата-энеге, мекенге …
Токмоктогу «Шакирхан-Төрө» мечитинин жергиликтүү жамааты жүрөк оорусуна кабылган  Ысык-Көл обласунун тургуну Мийнакүл Сыдыковага  акчалай жардам чогултушту
Токмок шаарындагы «Шакирхан-Төрө» мечитинин жергиликтүү жамааты жүрөгүнөн жабыркаган Ысык-Көл обласунун тургуну Мийнакүл Сыдыковага  3 миң сом акчалай жардам чогултуп беришти. Жардам жегиликтүү эл тарабынан топтолуп, аны шаардын баш имам хатиби Мийнакүл Сыдыковага  тапшырып берген. «Мийнакүл …
Степной айылынын имамы Магамед Шамырзаев айылдагы жалгыз бой энеге каралашып келет
Жайыл районунун Степной айылынын имамы Магамед Шамырзаев «Степной» мечитинин жамааты менен биргеликте айылдагы Мария Термечикова аттуу жалгыз бой энеге каралашып, отунун жарып беришти. «Ислам дини камкордукка чакырган дин. Ошол себептен сөз менен эле эмес иш …
Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы «Жабал» мечитинин жергиликтүү жамааты жашылдандыруу ишин башташты
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы «Жабал» мечитинин жергиликтүү жамааты мечиттин айланасына 13 жылдык балатыларды отургузушту. Балатыларды мечиттин жергиликтүү жамааты өз каражаттарына алышып, жаз айынын жакындап калгандыгына байланыштуу жашылдандыруу ишинин алгачкы саамалыгы экендигин айтышты. …
Ысык-Атадагы «Амир» жана «Нур-Ислам» мечитинин имамдары төрөттөн жабыркаган Залина Үмөталиеванын үй-бүлөсүнө 20 миң сомдук азык-түлүк жардамын тапшырышты
Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу «Амир» жана «Нур-Ислам» мечитинин имамдарынын демилгеси менен 2018-жылдын 7-ноябрь күнү төрөт маалында мээсине кан куюлуп,   учурда мурду менен тамактанып калган Залина Үмөталиеванын үй-бүлөсүнө 20 миң сомдук азык-түлүктөр тапшырылды. Жардамды тапшырууга …
Бул силердин акыңар
Кыямат күн болгондо намаз окугандар даражаларына жараша топ-топ болуп бейишке кирүүлөрү буйрула тургандыгы риваяттардан белгилүү. Мына ошондо биринчи топ келет, жүздөрү жылдыз сымал жаркыраган. Периштелер аларды тосуп алышып: -Силер кимсиңер? – деп сурашат. Алар: -Биз …
Суусамыр өрөөнүнүн имам хатиби «Суусамыр FM» радиосу аркылуу коомчулуктун суроолоруна түз ободо жооп бере баштады
Суусамыр өрөөнүнүн имам хатиби Мирбек ажы Казаков 103-FM жыштыгында жайгашкан «Суусамыр» радиосунда коомчулуктун суроолоруна түз ободо жооп бере баштады. Мындан сырткары Мирбек ажы Казаков  ыйман, Ханафий мазхабы, жүрүм-турум эрежелери, адал ырыскы темаларында баяндама жасоодо. «Коомубуз …

 

 


Акыркы жаңылыктар жана иш чаралары: