Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев Сатылган Датканын Куран окутуу мааракесине катышты  

Талас районунун Көк-Ой айылында Сатылган Даткага Куран окутуу мааракеси өткөрүлүп, ага облус казысы Таалайбек ажы Бапиев жана мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү тургундар катышты.

Алгач иш-чара Сатылган Даткага багышталып Куран окуу менен башталып, кийин анын басып өткөн тарыхый жолу, элге жасаган эмгеги тууралуу айтып өтүштү.

Облус казысы өз сөзүндө тарыхый инсан тууралуу азыноолак кеп кылып, Сатылган Датканын урпактары кийинки муунга да үлгү болушу керек экенин эскертти.

Маалымат иретинде айта кетсек, Сатылган Бапы уулу, Сатылган Датка (1780-1869) Акчий аймагы, азыркы Талас шаарында туулган. Талас кыргыздарынын чоң манабы болгон. Шабото баатырдын уулу Бапы бийдин баласы. Жаш көзинен эле чыйрак, сөзгө чебер, шайыр-комузчу, эр жүрөк адам болгон. Кокон хандыгы учурунда 20—30 жашында датка наамын берип, Талас өрөөнүн башкарган. Өзгөчө казак-кыргыздардын ортосундагы көптөгөн кагылышууларга жол бербей, акылмандуулук менен эки элдин ынтымагын сактап келген.