Ысык-Көл районунда “Адам жаны аманат” акциясы өтүп жатат

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан демилгеленген “Адам жаны аманат” апталык иш-чарасы Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылында да болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында райондун баш имам хатиби Максат Сейталиев жана аталган айылдын имамы Жарашбек Асанбеков Бишкек-Григорьевка каттамындагы маршуруттук таксилердин  айдоочуларына жол эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, атайын даярдалган маалымат баракчаларын таратышты.

Ушундай эле иш-чара Ысык-Көл районунун Баетов айылында да орун алып, ал жактын имамы да жергиликтүү такси кызматынын айдоочуларына  жол эрежелерин сактоого чакыруу менен алар ташып жүргөн жүргүнчүлөрдүн өмүрү жана  саламаттыгына жоопту болушаарын эскертти.