Абибилла ажы Кадырбердиев Баткенден эвакуацияланган имамдан кабар алып, материалдык көмөк көрсөттү

Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен облусунан эвакуацияланган Абдиалим ажы Умаровду зыярат кылып, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын атынан материалдык жардам көрсөттү. Абдиалим ажы Баткен районундагы Ак-Сай айылынын имамы болуп иштеп келген.

Азирети Муфтийдин орун басары Абдиалим ажыга Азирети Муфтий Замир кары Ракевдин саламын жеткирип,

«Мечитте 10 жылдан бери ак кызмат кылып келе жаткан Абдиалим ажынын башына кыйынчылык түшүп турат. Албетте, Алланын жардамы менен бул күндөр да өтөт. Сизге сабыр, кайрат, күч-кубат тилейм», – деди Абибилла ажы.

Абдиалим ажы учурда Бишкек шаарында 6 жаш балалуу 4 үй-бүлө менен эскилиги жеткен үйдө убактылуу баш калкалап турат.

Белгилей кетсек, чек арадагы каргашалуу окуяларга байланыштуу Баткен облусунун тургундары коопсуз жайларга эвакуацияланган. Алардын катарында дин кызматкерлери да бар.