Сузакта имамдардын жыйыны болуп, кышка карата даярдыктар жана нике журналы боюнча талкуу болду

Сузактагы «Зухриддин Максум» атындагы борбордук мечитте Сузак райондун аймагындагы дин кызматкерлеринин жыйыны болуп өттү. Жыйынга райондун баш имам-хатиби Ордобек ажы Оморбеков баштаган хатибият жамааты жана Сузактын имамдары катышты.

Жыйындын алкагында мечиттердин кышка даярдыгы, тазалыктары, нике журналы боюнча маселе каралып, тийиштүү тапшырмалар берилди.

Жыйындын жүрүшүндө диний маселелерге байланыштуу пикирлер ортого салынып, суроо-жооп форматында талкуу жүргүзүлдү.