КТМУда улуттук жана диний баалуулуктар боюнча талкуу уюштурулду

Бүгүн, 9-декабрь күнү Кыргыз-Түрк Манас университетинде панелдик талкуу өттү. Талкууда негизинен Кыргызстандын өз алдынчалыгы, улуттук идеология жана төл баалуулуктар, илим-билим инвестициясы, мамлекеттик ишмерлер жана улуттук лидерлер жөнүндө сөз болду.

Талкууга КМДБнын маалымат бөлүмүнүн адиси Иманбек Азизилла уулу катышып, дин менен мамлекет институттарынын зарылдыгы жана өз ара карым-катышы, улуттук мамлекетте руханият, акыйда-саясат маселеси, ахли сүннөт мектеби жана ахли кыбланын саясат назариясы боюнча кыскача маалымат берди.

Айта кетсек, иш-чара «Эгемендик» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлдү.