ЫКЛАС

Ыклас-бул бардык кыймыл аракеттеринде жана сөздөрүндө жалгыз Алла Тааланын ыраазычылыгына маани берүүсү, адеп-ахлак жана тасаввуфтук термин. Ыклас сөзү арабча ихлас сөзүнүн кыргызча котормосу. Ыклас сөздүктө “тазалануу, таза болуу, кутулуу маанисиндеги хулус, халас уңгусунан түзүлгөн. Бир нерсени, ичине аралашкан жана баалуулугун жоготкон башка нерселерден тазалоо” деген мааниде келген.  Ыклас сөзүнүн термидик мааниси “ибадат жана жакшылыктарды  эл көрсүндөн (рия) жана дүнүйөлүк коркуудан алыстатып жалгыз Алла үчүн чын жүрөктөн берилип (амал[1]) кылуу” дегенди билдирет. Ислам адабияттарында ыкластын мааниси кеңейтилип ширктен, караңгы ишенимдерден, жаман сезимдерден, материалдык чыгашалардан жана эл көрсүн (рия) сыяктуу арзуу жана каалоолордон жүрөктү тазалап, бардык кыймыл аракетти жакшы ниет менен аткарып, ошондой эле бардык абалда жалгыз Алла Тааланын ыраазычылыгын көздөө деп баяндалып, колдонулуп келет. “Адамдардын көңүлү үчүн амалды (диний ибадаттарды аткарууну) таштоо эл көрсүн (рия), ал эми аларды сүйүнтүү үчүн амал кылуу ширк. Бул эки абалдан кутулуу ыклас” деп да колдонулуп келет. Ушуну ишарат кылуу менен биргеликте көбүнчө “бир гана Алланын  ыраазычылыгы үчүн амал кылууга эл көрсүндү (рияны) кошуу” маанисинде да колдонулуп келет. Куранда хулус уңгусунан куралган ар түрдүү маанидеги сөздөр орун алган. Он жерде өткөн “мухлисина лахуд дин” сөздүн түшүнүгү жалгыз Аллага багытталып Ага гана кулдук кылып Ага гана ишенип, Андан гана сурануу, Алланын динин таанып, дин темасында өзүн Аллага арноо дегендикти билдирет. Ошондой эле тавхид ишениминин аруулугуна туура эмес ишенимдерди кошуудан сактануу, таза диндарлык”  дегендей ширкке[2] жана эл көрсүндүккө карама каршы келген маанилерди ташыйт. (Ал Аъраф 7/29; ал Баййина 98/5; Шавкани, II, 227; V, 559). Ал эми Курандагы “ибадуллахил мухласин” сөзү “Алланын жардамы менен таза диндарлыкка  жана туура жолго жеткизилген кулдар” маанисине келүүдө. (Рабарани, XIV, 33).[3]

Ыклас термини Куранда кээ бир учурда кээ бир адамдардын сыпаты болуп өтсө, кээ бир учурда чыныгы дин жана диндарлыктын сыпаты болуп аяттарда орун алган.

«وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ مُوسَى إِنَّهُ كَانَ مُخْلَصًا وَكَانَ رَسُولا نَّبِيًّا». {مريم 19/51}

“Сен (оо Мухаммад) китепте мусуны да эстегин. Ал ыкластуу (мухлас) жана элчи-пайгамбар болгон” (Марям, 19/51).

Дагы бир аятта Иблистин (шайтандын) алдамчылыгы жана тузагынан корунгандар жөнүндө баяндалат.

«قَالَ رَبِّ بِمَا أَغْوَيْتَنِي لأُزَيِّنَنَّ لَهُمْ فِي الأَرْضِ وَلأُغْوِيَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ. إِلاَّ عِبَادَكَ مِنْهُمُ الْمُخْلَصِينَ». {الحجر 15/39-40}

“(Иблис) айтты: О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жер жүзүндөгүлөрдүн (күнөө нерселердин) баарын сонун кылып көргөзүп отуруп, бардыгын азгырамын! Алардын арасынан сага ыкластуу пенделериңден башкасын[4]”. (Хижр, 15/39-40).

Бул окуяны түшүндүргөн дагы башка бир аятта ыкластуу пенделердин кээ бир сыпаттары айтылат.

«إِنَّهُ لَيْسَ لَهُ سُلْطَانٌ عَلَى الَّذِينَ آمَنُواْ وَعَلَى رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ. إِنَّمَا سُلْطَانُهُ عَلَى الَّذِينَ يَتَوَلَّوْنَهُ وَالَّذِينَ هُم بِهِ مُشْرِكُونَ». {النحل 16/99-100}.

“Албетте, (Аллага ыклас менен) ыйман келтирип, Раббисине тобокел кылгандарга (таянгандарга) шайтандын бийлиги өтпөйт. Чындыгында анын (иблистин) бийлиги – аны дос-жетекчи кылып, Аллага шерик кошуучуларга гана өтөт”. (Нахл 16/99-100).

Мындан ыкластуу пенделер, Аллага чын жүрөктөн ыйман келтирип, Аллага таянган жана аны өзүнө өкүл кылгандарды түшүнсөк болот.

«إِنَّا أَنزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ فَاعْبُدِ اللَّهَ مُخْلِصًا لَّهُ الدِّينَ . أَلا لِلَّهِ الدِّينُ الْخَالِصُ وَالَّذِينَ اتَّخَذُوا مِن دُونِهِ أَوْلِيَاء مَا نَعْبُدُهُمْ إِلاَّ لِيُقَرِّبُونَا إِلَى اللَّهِ زُلْفَى إِنَّ اللَّهَ يَحْكُمُ بَيْنَهُمْ فِي مَا هُمْ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ إِنَّ اللَّهَ لا يَهْدِي مَنْ هُوَ كَاذِبٌ كَفَّارٌ» {الزمر 39/2-3}

“(Эй Мухаммад) Акыйкатта, сага бул Китепти чындык менен түшүрдүк. Эми динде[5] Аллага гана берилип ибадат кыл. Көңүл бургула! Калыс дин Аллага гана таандык. Алладан башканы Кудай кылып алгандар: “Бизди Аллага жакындаштырсын деп гана аларга сыйынабыз” (дешет). Алардын ортолорунда талашкан нерселер тууралуу  Алла, албетте Өз өкүмүн чыгарат. Чындыгында жалган айтуучуну[6], каапырлык кылганды алла туура жолго салбайт”. (Зумар, 39/2-3).

Бул аяттагы “мухлисан лахуд дин” сөзү  жалпы караганда Аллага ибадатта жана баш ийүүдө шерик кошпоо керектигин көрсөтсө, ал эми “ад динул хаалис” сөзү болсо  ширктен тазаланган, ширк аралашпаган, бардык шек-күмөндөн калыс дин деп ачыкталат[7].

Курандагы 112-сүрө диндин негизги принциби болгон тавхидди эң калыс жана эң сонун абалда баяндагандыгы үчүн ага Ихлас (ыклас) сүрөөсү деп ысым берилген.

Ыклас түшүнүгү хадистердин да көп жеринде ахлак жана диний бир изгилик (пазилет) болуп жазылган. Алланын ыраазычылыгы үчүн ыклас менен амал кылуунун маанилүүлүгүн жана изгилигин баса белгилеген Пайгамбарыбыз (с.а.в) дуба кылганда да ыкластуу болууну үйрөткөн жана ыкластуу, чын жүрөктөн ыйман келтирген адамдын акыретте кутулууга жетүүсүнү сүйүнчүлөгөн (Муснад, V, 147). Ошондой эле өзү да “Ээ Рабби[8], мени өзүңө ыкластуу бир кул кыла көр” деген сыяктуу дуба кылган (Муснад, IV, 369; Абу Дауд “Витр”, 25). Фикх[9] китептеринде ибадаттын даарат, ниет, такбир, кыраат сыяктуу сырткы шарттарынын жанында хушуу[10] жана ыклас түшүнүгү менен билинген ички шарттары бар экендигине маани берилет. Мисалы: дааратсыз кылынган намаздын кабыл болбогондугу сыяктуу ыклассыз аткарылган ибадаттар да кабыл болбойт деп айтылат.

Ыклас сөзү тасаввуфта[11] кеңири колдонулат. Сууфилердин[12] көз карашында ыклас, пенде бардык амалдарын жалгыз Алла Таала үчүн аткарып, ал амалына башка адамдардын баа берүүсүнө эч качан көңүл бурбоосу керек жана ибадат менен амалдарды адамдардан жана напсиден коргоо керек дегендей билдирилет. Ибадат үчүн болгон кыймыл аракеттерде гана эмес дүнүйө иштеринде да ыкластуулук керек. Ыкластын маанисин тереңдеткен тасаввуфчулар[13], пенденин кылган жакшы амалдарын Алланын берген бир жакшылыгы экендигин айтышат. Бул жакшы амалдарды өзүнөн билүүсү жана бул үчүн сооп каалоону ыкластын алсыздыгына байланыштырып тасаввуф адебине терс келет деп билишет. Сууфилер ибадаттын руху — ыклас дешет. Ыклассыз амалдын жана амалсыз ыкластын пендеге пайдасы болбойт; Ыклассыз амал, амалсыз ыкластын жаманыраак. Себеби ар бир нерсени баалуу кылган нерсе ыклас. Көп ибадат менен эмес ибадаттагы ыкластуулук менен (акыретте) кутулууга жетүүнү айткан суфилер, пенде ыкластуу болсо да ыкластуулугун айтпоосун бир принцип катары көрүшөт.[14]

Кыскача айтканда ыклас-бул дүйнөдө, айрыкча акыреттик амалдарда эң маанилүү бир негиз, эң чоң кубат, акыйкатка жеткизүүчү жол, дайыма жандоочу жолдош, максатка жеткизүүчү ортомчу жана Алланын буйруктарына жүрөктүн тереңинен берилип аткаруу деп билебиз.

Даярлаган:

КМДБнын окуу бөлүмүнүн адиси Куштарбек ажы Маматов.

 Колдонулган адабияттар: 

[1] Амал –Максаттуу кылынган иш. Кыргыз тилинде ибадат кылууну амал кылуу деп да колдонот. Амал – жакшы амал же жаман амал болуп экиге бөлүнөт. Бир адам жакшы иш кылса ага жакшы амал кылды, же амал кылды деп колдонулат.

[2] Ширк – Аллага шерик кошуу.

[3] İslâm Ansiklopedisi

[4] Демек, ким ыкластуу (ыйманы жалаң Алла үчүн) болсо, аларга шайтандын азгырыгынын күчү жетпейт.

[5] Ислам дининде.

[6] “Кудайдын баласы бар”,-деп.

[7] Шавкани, Мухаммад бин Али, Фатхул Кадир, Бейрут, 1997,IV, 562-563.

[8] Рабб – Алла Тааланын бир сыпаты. Башкаруучу, эге, кожоюн, жаратуучу, тарбия кылуучу жана жакшыртуучу деген маанилерге келет.  Раббии деген, башкаруучум, ээм, кожоюнум, жаратуучум, тарбия кылуучум жана жакшыртуучум дегендик.

[9] Фикх – Шарият илими.

[10] Хушуу – Жүрөктүн Алла сүйүүсү жана коркуусу менен толо болушу, ден органдарынын да бул сезим менен тынчтык жана бейкуттукта болуусу.

[11] Тасаввуфтун эң кыска мааниси такыбалык илими.

[12] Сууфи – такыбалык жолу менен жашоого аракет кылган адам. Тасаввуф илимин жашап үйрөнүү жолундагы адам.

[13] Тасаввуфчулар — тасаввуф илиминин аалымдары.

[14] İslâm Ansiklopedisi