Медицина тармагында окуумду бүтүп,“тез жардам” бөлүмүнө жумушка кирдим. Бул жердеги ар бир кыймыл мени толкундантып жатты. “Доктор” деген сөзгө өзүмчө сыймыктанып, эми ар дайым бул сөзгө көнүшүм керек деп ойлоп турдум.Бардык эле чоң ооруканада “тез жардам” бөлүмү болуп, бул жерде дарыгерлер мөөнөткө турат эмеспи. Тажрыйбалуу дарыгерлердин жанында мага көп кыйынчылык жаралган жок. Ошентсе да аларды көңүл буруп карап, тажрыйба арттырууга аракет кылчымын.
Бир күнү түнкү саат бирлерде 16-17 жаштардагы өспүрүмдү алып келишти. Өспүрүмдү эки аял (чамасы эжеси менен апасы) жөөлөп кармап, басышына жардам берип келе жатты. Аркасында жүгүрүп келаткан атасы энтиге дем алып:
— Сураныч, уулумду куткаргыла, куткаргылауулумду! деп тынымсыз кайталайт.
Бир убакта шашылып, мөөнөттө турган доктор жетип келди. Мен болсо доктордун жанында, качан диагноз коет экен деп күтүп турдум.
Жигиттин атасы дарыгердин алдына келип:
— Доктор, уулум өзүн өлтүрмөкчү болуп дары ичиптир. Билип калып, дароо бул жерге алып келдик…
— Ошондойбу?! Ичкен дарылары жаныңыздабы?
Атасы чөнтөгүнөн бир нече дары кутуларын алып докторго көрсөттү.
— Ооба, мынакей. Мындан он бештей, мунусунан онду, мындан болсо бештей таблетка ичиптир.
— Бул дарыларды ичкенине канча убакыт болду?
— Болжол менен эки саат болуп калды.
Дарыгер дары кутуларын жакшылап карады. Кийин, дары ичкен баланы карап, башын чайкап, кабагын түйдү:
— Эхх, кандай гана өкүнүчтүү!
Жигиттин үй-бүлөсү болсо дарыгердин оозун үмүттүү тиктеп турушту. Мен болсо жигиттин ашказанын тезирээк чайкаш керек деп ойлонуп турдум. Бул жымжырттыкты атасынын добушу бузду:
— Эмне кылабыз доктор?
— Өкүнүчтүү, кыла турган эч кандай операция жардам бере албайт. Өтө кеч алып келипсиздер…
Мен болсо туугандарынын абалын карап турдум. Баарынын көзүндө чарасыздык, алсыздык көрүнүп турду. Жигит болсо коркунучка түшүп калган…
Дарыгердин олуттуу сөздөрүнөн кийин, буттары таяна албай бүгүлүп калган эле.
Көпкө созулган жымжырттыктан кийин гана атасы:
— Эми эмне болот, эч нерсе кыла албайбызбы?! — деди.
— Жардам берүү үчүн эми кеч. Мындай абалда биздин колубуздан эч нерсе келбейт. Бир сааттан кийин уулуңуз менен коштошосуз. Менин колуман күзөтүп туруу гана келет…
Мен да бул сөздөрдү укканда дендароо болуп калдым. Жигиттин көзүндө өлүм коркунучу, үмүтсүздүк чагылып турду. Өзүмчө эмнени ойлонуп жатканын элестеткенге аракет кылдым. Адам бир сааттан кийин өлөөрүн билсе, эмнелерди ойлонушу мүмкүн, кандай сезимде, кандай иштерди кылып иет деген суроолор тынчтык бербей жатты. Негизи мындай абал ар бирибиздин башыбызга келээри чындык! Бирок, өлүм бизге жетпей тургандай жашайбыз…
Аңгыча жигит:
— Куткарыңыз мени, эмне кылыш керек болсо даярмын, өлүмдү каалабайм деп ата-энесинен да кечирим сурап жатты. Чынында мындай окуяга биринчи жолу күбө болуп турган элем. Доктор сыртка чыгып жөнөгөндө мен да анын артынан ээрчидим. Узун коридордо баратып, ачуум келип:
— Доктор, ашказанын жууп, канын тазаласак болбойбу?… дедим.
— Иним көрүп турасың го, бул ооруканада бутуна араң турган, жашы өтүп калган адамдар жашап калуу үчүн кандай гана аракет кылып жатышат. Бул жаш жигит болсо өз жанын кыюга аракет кылыптыр. Өлүмдү каалап турса мен ага неге тоскоолдук кылайын?
Бираз өзү каалаган тагдырына бетме-бет келип ойлонсун. Өлүм эмне, жашоо эмне экенин ойлонсун, түшүнсүн! Жашоонун кадырын, үй-бүлөсүнө кандай зулум кылганын ойлонсун. Кудайды эстеп, өлүмдөн кийинки жашоону да ойлонуп көрсүн…
Бул сөздөрдү айтып бүтүп күлүп жиберди.
— Сен да ишенип алдыңбы?
— Ооба… эмне жигит өлбөйбү?
Доктор жылмайып, колундагы дарынын кутуларын көрсөттү.
Карасам, колундагы дары кутулары – витамин, жөтөлгө каршы жана температураны түшүрүүчү дарылар экен…