Мекен – бул ар бир адамдын туулуп өскөн жери жана жашаган, окуган, иштеп жаткан мекеме – ишканаларыбыз, бардык нерселерибиз ушул туулуп өскөн топурактын үстүнө курулган. Аллах Таала дүйнөнүн эң сонун жана берекелүү жерлерин мекен катары тандап бизге аманат кылып берген. Бул аманатты коргоо динибиздин өкүмү, аны сүйүү, коргоо, ага кызмат кылуу ар бир жарандын мойнундагы ыйык милдет. Куран жана хадисте мекенди сүйүү жөнүндө көптөгөн жеринде айтылган. Чындыгында Куран өзүнүн жанынан да мекенди артык көргөн коомдорду баян кылган
و لوّ أنّا كتبنا عليهم أن آقّتلوا أنفسهم أوآخْرجوا من ديركم مّا فعلوا إلاّ قليل منهم
«Эгер Биз аларга: «Өз өмүрүнөрдү бергиле!» же: «Турагыңардан чыккыла!» – десек, анда муну алардын азыраагы гана аткарышмак». (Ниса – 66).
Мекенден чыгуу жана мекенден ажыроо өтө оор иш. Ошондуктан мухажирлер ансарлардан артык болгон. Пайгамбарыбыз (с.а.в) Меккеде турган кезде Мекке анын биринчи мекени болгон ал аны журөгүнөн сүйгөн. Меккеден мажбур болгон абалда гана чыгарылган.
Абдулло ибн Адий (р.а) айтат: «Мен Пайгамбарыбызды (с.а.в) адырдын үстүндү мынтип айтып жатканын көрдүм: «Аллахка касам! Сен Алланын жерлеринен эң жакшысысын, Алланын жерлеринен Аллага сүйкүмдүрөөгү сенсин. Эгерде мен сенден чыгарылбаганымда сенден чыкпайт элем». (Тирмизи).
Пайгамбарыбыз (с.а.в) адамдардын арасынан Аллага эң жакыны эң сүйүктүүсү. Ошону менен биргеликте Пайгамбарыбыз (с.а.в) Аллахга сүйкүмдүү болуусу, мекенди сүйүүдөн тоскон жок.
Ибн Аббас (р.а) риваят кылат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в) Меккеге карап: «Сен кандай коозсун, сен мага сүйкүмдүүсүн, эгер коомум мени сенден чыгарбаганда мен сенден башка шаарда жашабайт элем» – деди. (Тирмизи)
Адам баласы жер бетинин кайсыл жеринде жашабасын,бирок эңсегени өзүнүн мекени, ошондуктан Сахабалар (р.а) Меккеден Мадинага Хижрат (көчүү) кылып барышканда сыркоолоп калышат,андан кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в) меккени сүйгөндөй мадинаны сүйдүрүүнү Аллахтан сураган «Оо, Аллах бизге мадинаны сүйкүдүү кыл, биз меккени сүйгөндөй же андан да жакшыраак сүйдүр». (Бухари)
Анасдан (р,а) риваят; «Пайгамбарыбыз (с.а.в) качан сапардан келгенде Мадинанын дубалдарын көргөндө жамаатын шаштырат эле, эгерде улоонун үстүндө болсо аны тездетет эле мадинаны сүйгөндүктөн». (Бухари)
Хаафиз (р,а) «Бул хадистен Мадинанын пазлетүү экенине жана мекенди Пайгамбарыбыз (с.а.в) сүйүүгө ишара» -деп айткан.
Айшадан (р,а) Пайгамбарыбыз (с.а.в) ушунтип дем салат эле; «Мен Аллахтын атынан береке аламын. Бул биздин жердин топурагы, биздин оорубузга биздин Роббибиздин өкүмү менен шыпаа болуу үчүн бизден кээ бирибиздин түкүрүгү менен кошулду». (Муслим)
Уламалар Пайгамбарыбыздын (с.а.в) «Бул биздин жердин топурагы» деген сөзүнөн инсандын жашап жаткан мекенинин топурагы инсанга таасир береерин айтышкан.
Пайгамбарыбыз (с.а.в) мекенин (меккени) каттуу сүйгөндүктөн аны куугунтуктап чыгарган адамдарга: «Оо, Аллах! Шайба ибн Рабия, Утба ибн Рабия, Умайя ибн Халафтарга каргышынды түшүр, кандай эле алар бизди жерибизден чыгаргандай» — деп айткан. (Бухари).
Аллах Таала айткан:
و إذ قال إبرهيم ربّ آجعل هذا بلد ءَامنا وآرْزق أهله من الثمرت
Ибрахим айтты: «Эгем! Бул жерди тынч кыл. Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген элине мөмө – жемиштерден ырыскы бер». (Бакара – 126.)
Ошондуктан ар-бир атуулга өз мекенин коргоого милдеттүү.
Даярдаган: Чүй облустук мусулмандар казыяты