Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда каттоодон өтө элек мечиттер боюнча кезектеги жыйын өттү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков каттоодон өтө элек мечиттердин документ иштерин жандандыруу максатында Базар-Коргон районунун имамдары менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казыяттын мечиттер адиси Арпидин Жороев, Базар-Коргон районунун баш …

Дальше »

Кадамжайда мектеп окуучуларына терс агымдардан оолак болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткен облусунун Кадамжай районунда мектеп окуучуларына ыйман, адеп-ахлак жана терс агымдардан оолак болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юуспов, Кадамжай районунун баш имам-хатиби Иброхим ажы Хайиткулов, укук коргоо кызматкерлери …

Дальше »

Баткен районунда имамдар жыйыны өткөрүлүп, жыл ичинде жакшы иш алып баргандар сыйланды

Баткен облусунун Баткен районунда баш имам-хатиб Абдурашид ажы Юнусов район имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйында мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү ишин тездетүү, кышка даярдык боюнча маселелер талкууланып, тапшырмалар берилди. «Алдыда кыш келе жатат. Кышкыга даярдыктарды күчөтүү зарыл. …

Дальше »

Ысык-Көл районунда дин жана коом боюнча конструктивдүү пикир алышуу боюнча дискуссия болуп өттү

Бул туурасында райондук баш имам-хатиб Максат Сейталиев билдирди. Аталган иш-чара Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында өтүп, ага Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу Эмилбек Андартегин баштаган райондук имамдар, укук коргоо органдары, мектептердин …

Дальше »

Түп районунда эсептик каттоо боюнча кезексиз жыйын өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Түп районунда диний объектилерди эсептик каттоо боюнча кезексиз жыйын өткөрүлдү. Ага облустук казыяттын чарба курулуш жана мечиттер адиси Кангелди Жусупов, Түп райондук архитектура башчысы Эльдар Кашимбеков, райондук баш имам-хатиб Бакыт ажы Кайкиев жана …

Дальше »

“Ассанабил” кайрымдуулук фонду Ысык-Көлдө аз камсыз үй-бүлөлөргө 40 тонна көмүр таратты

“Ассанабил” кайрымдуулук фонду Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында 80 муктаж үй-бүлөгө жалпысынан 40 тонна көмүр таратты. Бул боюнча маалымат берген Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев буларга токтолду: «Мындай кайрымдуулук иш-чараларды демөөрчүлөр менен биргеликте жыл сайын …

Дальше »

Б. Бейшеналиева жана Ф.А.Стрельникова атындагы мектептерде экстремизмдин алдын алууга багытталган семинар өткөрүлдү

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Б. Бейшеналиева жана Ф.А.Стрельникова атындагы орто мектептерде «Экстремизм жана терроризмге каршы туруу» аттуу семинар өткөрүлдү. Райондук мамлекеттик администрациянынын бекиткен иш планынын негизинде уюштурулган семинарга баш имам-хатибдин орун басары Нуркалый ажы, …

Дальше »

Бишкек шаардык казыятында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кеңешме өттү

Бишкек шаардык казыятында ЖККБ кызматкерлеринин катышуусунда жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кеңешме өттү Бишкек шаардык казыятында авто-жол кырсыктарынын алдын алуу, тартипке баш ийүү жана жол эрежелерин сактоо боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча кеңешме болуп өттү. …

Дальше »

Лейлекте үй-бүлө, коом жана жаштар темасында жыйын болуп өттү

Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы №48 лицейинде «Үй-бүлө, коом жана жаштар» аттуу үч муундун жолугушуу жыйыны болуп өттү. Жыйынга Лейлек районун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов жана Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдулашим …

Дальше »

Президент Садыр Жапаров Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукту. Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсүн куттуктаган Мамлекет башчысы, бул ийгилик Кыргызстан элинин жалпы жетишкендиги жана …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы Сузактагы каттоодон өтө элек мечиттердин документ иштерин бүткөрүү талабын койду

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун жетекчилиги астында каттоодон өтө элек мечиттердин маселеси боюнча жыйын өттү. Ага Сузак районунун акиминин орун басары Гүлмира Камбарова, Сузак районунун баш имам-хатиби …

Дальше »

Чоң-Алай районунда мечиттерди эсептик каттоосу боюнча жыйын болуп өттү

Ош облусунун Чоң-Алай районунун администарциясында эсептик каттоодон өтпөй турган мечиттер боюнча жыйын болду. Ага райондун баш имам-хатиби Алимбек Маматаминов, район акиминин орун басары, архитектура жетекчиси, ӨКМдин атайын адиси жана мечиттердин жооптуу адамдары катышты. Жыйындын жүрүшүндө …

Дальше »