Акжол ажы Бакиров Баткенден келген жарандарды зыярат кылып, Өзгөн хатибиятынан акчалай жардамдарды тапшырды

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Баткен облусунан Мырзаке айылына эвакуацияланып, «Абдираим каары» медресесине жайгаштырылган жарандардан кабар алды. Зыяраттын алкагында Акжол ажы Баткен облусунан келген мекендештерге сабыр тилеп, 6 үй-бүлөгө хатибияттын атынан акчалай колдоо …

Дальше »

Бишкек казыяты Баткенден эвакуацияланган жарандарга 1 тонна азык-түлүк тапшырды

Бишкек шаардык мусулмандарынын казыяты Баткенден эвакуацияланган 46 үй-бүлөгө борбор калаадагы мечиттерден топтолгон жаңы кийим-кече жана 1 тонна азык-түлүктү тапшырды. Бул аманат ишти шаардын казысы өз көзөмөлүнө алып, топтолгон жардамдарды өз ээлерине жеткирилишин камсыздады. Шакир ажы …

Дальше »

Муфтият КР ДИМК менен биргеликте диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө окутуу семинарын уюштурду

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте (КР ДИМК) «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын» ишке ашыруу максатында диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, диний чөйрөнү …

Дальше »

Жалал-Абад шаарындагы мечиттерде ишембиликтер өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Ислам ажы Амиршаевдин демилгеси менен мечиттерде «Тазалык – бул ыймандан» аттуу ишембиликтер өткөрүлдү. Тазалык иш-чарасына шаардын имамдары жана мечиттердин жамааты активдүү катышты. «Динибиз тазалыктын үстүнө курулган. Бүгүнкү тазалык иш-чарасына катышкан имамдарыбызга …

Дальше »

Манас районунун имамдары кварталдык отчётторун берди

Талас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев Манас районунун имамдарына жыйын өткөрүп, соңку 3 ай аралыгында аткарган иштери тууралуу маалыматтык отчётторун укту. Имамдар Муфтияттан жана казыяттан келген буйруктарды өз убагында аткаруу, зордук-зомбулуктун жана ысырапкерчиликтин алдын …

Дальше »

Баткен шаарынын хатибияты эвакуацияланган жарандарга 100 миң сомдук кийим-кечелерди таратты

Баткен шаарынын баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун демилгеси жана жергиликтүү бийлик органдарынын уюштуруусу менен чек-арадагы окуяларда жабыр тарткан жарандарга лекция уюштурулду. Лекция Баткен шаарындагы №3 мектепке 3 күн бою өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты жабыр тарткан жарандарга …

Дальше »

«Ааламдын көркүн көз ачат»

Адамдын жаны Алла тарабынан берилген аманат. «Биринчи байлык ден соолук» деп айтылгандай эле, эч качан шүгүрсүз болбойлу. Анткени бизге чоң жакшылыктар берилген. Көпчүлүгүбүз тилекке каргы ал нерселер боюнча кабарсыз жүрөбүз. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Адамдар …

Дальше »

«Ачуу – душман, акыл – дос»

«Ачууланып ордунан турган, өкүнүч менен ордуна олтурат» деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени учурда көп жаш үй-бүлөлөр өз ачуусун кармана албай ажырашууга барууда. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Чыныгы баатыр күрөштө душманын жеңген эмес, ачуусу келгенде ачуусун кармана …

Дальше »

Москва районунда дин кызматкерлерине жыйын болуп, бир катар тапшырмалар берилди

Чүй облусунун Москва районундагы имамдардын кезектеги жыйыны Аң-Арык айылында болуп өттү. Жыйынга райондун баш имам-хатиби Искендер ажы Жакеев, жооптуу имамдар жана имамдар катышып, муфтият, казыят жана хатибияттардан келген буйруктарды өз убагында аткарууга алуу, ысырапкорчулукка жол …

Дальше »

Чүй облусунун казысы райондордун баш имам-хатибдерин кабыл алып, кварталдык отчётторду укту

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Руслан ажы Жумагулов облустун аймагындагы райондордун баш имам-хатибдерин кабыл алып, иш-пландардын жана Муфтият, казыяттан берилген буйрук, тапшырмалардын аткарылышын текшерди. Ар бир баш имам-хатиб облус казысына кварталдык отчётторун тапшырып, аймактагы диний кырдаал …

Дальше »

Ала-Бука районунда томолой жана жарым жетим балдардын үй-бүлөлөрүнө жардамдар көрсөтүлдү

Жалал- Абад облусунун Ала- Бука районунун аймагындагы томолой жана жарым жетим балдардын үй-бүлөлөрүнө «Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы» тарабынан жардамдар көрсөтүлдү. 48 үй-бүлөгө 25 кг ун, 25 кг күрүч, 10 л өсүмдүк майы, 15 кг …

Дальше »

Ош шаарында Конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы тууралуу» Жарлыгын аткаруу алкагында, Баткендеги согуштун кесепеттерин жана эске алуу менен Ош шаарында Конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Аталган жыйынга Ош …

Дальше »