Ош шаардык казыяты жылдын мыктыларын аныктап, бир катар дин кызматкерлерин сыйлады

Бүгүн,11-декабрь күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятына караштуу жалпы мечиттерде эмгектенип келе жаткан дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө баа берилип, жылдын мыктылары аныкталды. Казыят тарабынан дин кызматкерлерине:1. Мыкты имам2. Үлгүлүү имам3. Үлгүлүү наиб имам (имам орун басары)4. Үлгүлүү …

Дальше »

«Илимдүүнү ийгилик издейт» аттуу китеп окуу конкурсуна 10 000 жаран катышты

Бүгүн, 11-декабрда өлкө аймагында Кыргызстан мусулмандарынын  Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан ислам университети тарабынан уюштурулган «ИЛИМДҮҮНҮ ИЙГИЛИК ИЗДЕЙТ» китеп окуу конкурсуна катталган 10 000 жаран өз күчтөрүн сынап көрүштү. Конкурс; «Ыйман бутактары», «Өчпөс өмүр», «Бакыт ордосу» …

Дальше »

Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам институтунда “Билимдүү бол” аттуу акыл таймашы өткөрүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу “Апиза эне” ислам институтунда фыкх жаатында “Билимдүү бол” аттуу акыл таймашы уюштурулду. Саамалыкка Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казыят кызматкери Абдулла Исламов, институт ректору Абдирашит ажы Батыров, окутуучулар жана …

Дальше »

Кара-Кулжа районунда зордук-зомбулукка каршы жыйын жыйын өтүп, көйгөйлөр талкууланды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өтүп, ага райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев, райондун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Муса Кокоев, укук коргоо органдары жана жергиликтүү тургундар катышты. Райондун баш имам-хатиби ислам …

Дальше »

Талас облусунун казыяты Талас районундагы дин кызматкерлерине эки күндүк окуу курсун уюштурду

Талас облусунун мусулмандарынын  казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин демилгеси менен бул жолу имамдардын квалификациясын жогорулатуу курсу Талас районундагы дин кызматкерлерине уюштурулду. Бул жолу аймактагы имамдарга Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Асылбеков сабак өтүп, алардын …

Дальше »

Баткен казыятында «Келечек- ыймандуу, билимдүү жаштардын колунда» аттуу иш-чара өтүп, ага билим берүү кызматкерлери катышты

 Бүгүн, 10-декабрда Баткен облустук мусулмандарынын кызыятынын жыйындар залында «Келечек- ыймандуу, билимдүү жаштардын колунда» аттуу иш-чара өтүп, ага облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Осмон Эркебаев жана мугалимдер катышты. Иш-чара …

Дальше »

Самидин кары Атабаев: Баланын жакшы же жаман болуусу ата-эненин колунда

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Кыргызстан ислам университетинин студенттик кеңеши тарабынан ар ишемби күндөрү уюштурулуп туруучу «Жан дүйнө азыгы» долбооруна катышып, «Адам көркү адеп» темасында баяндама жасады. Шаар казысы бала тарбиялоодо аялзатынын орду, аялзаты төрдүн көркү …

Дальше »

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев имам Сарахси атындагы башкы мечитте айымдар үчүн уюштурулган 2 айлык окуу курсунун жыйынтыгын чыгаруу саамалыгына катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарындагы имам Сарахси атындагы башкы мечитте айымдар үчүн уюштурулган 2 айлык окуу курсунун жыйынтыгын чыгаруу саамалыгына катышты. Азирети Муфтий КМДБ тарабынан окуу программасы бекилип, анын алкагында 8 …

Дальше »

Өзгөрүш айылындагы муктаж 20 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам таратылды

Талас облусунун мурдагы казысы Таалайбек ажы Бапиев Өзгөрүш айылындагы Куттубек мечитинин жамааты менен биргеликте муктаж 20  үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам таратты. Демилге облустун мурдагы казысы тарабынан көтөрүлүп, жергиликтүү жамаат колдоого алышкан.   «Муктаждарга кайрымдуулук колун …

Дальше »

Баткен облусунун казысы Баткен медиа борборунун директору менен жолугушуп, элибизге маданий, руханий көрсөтүүлөрдү тартуулоо жаатында пикир алышты

Бүгүн, 8-декабрда Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров  Баткен медиа борборунун директору  Мамажан Бердишев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, элибизге маданий, руханий көрсөтүүлөрдү тартуулоо жаатында пикир алышты. Облус казысы Баткен медиа борборунун директорун …

Дальше »

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев ЖМК өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкерлери! Сиздердин бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын  дилимден куттуктайм! Күнүмдүк турмушубуз маалымат менен башталып, маалымат менен аяктайт. Ааламдашуу доорунда маалыматсыз жашоону элестетүү кыйын. Журналист бул коомдун күзгүсү, элдин арыз-муңун …

Дальше »

КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы соода борборлорунда иштеген мекендештер менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы  соода борборлорунда иштеген мекендештер менен жолугушту. Жолугушууда КМДБнын Россия Федерациясындагы  өкүлү ынтымакты бекемдөө, үй-бүлө баалуулуктары, зордук-зомбулукту токтотуу, балдардын тарбиясына көңүл буруу, терс диний …

Дальше »