Жалилов Чубак Тажибаевич –ӨМҮР БАЯНЫ

Чубак ажы Жалилов 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетин аяктаган. Орто мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. …

Дальше »

Дүйнөлүк деңгээлдеги чыгаан аалым, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалиловдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Аалымдар Кеңеши көңүл айтты

Төмөндө көңүл айтуу катынын толук тексти берилет:«Акыйкатта биз Аллага таандыкпыз жана албетте Ага кайтуучубуз» (Бакара сүрөсү, 156-аят). «Орто Азиянын илимдеги, Исламдагы чолпон жылдызы, жакшылыктын жарчысы, белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловдун кайтыш болгондугу баарыбыздын жүрөгүбүздү канатып, …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев: Алла Таала периштелерге эле эмес, адамзатка да ушунча илим берет экен да

«Акыйкатта биз Аллага таандыкпыз жана албетте Ага кайтуучубуз» (Бакара сүрөсү, 156-аят). «Орто Азиянын илимдеги, Исламдагы чолпон жылдызы, жакшылыктын жарчысы, белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловдун кайтыш болгондугу баарыбыздын жүрөгүбүздү канатып, ансайын кайгыга салып кетти. Ажыкебиздин арабыздан …

Дальше »

Абдишүкүр ажы Нарматов: «Устаз, өзүңүзгө жакшы караңыз, сиз үммөткө керек адамсыз…». Чубак устаздын мага айткан акыркы сөзү ушул болду

Саат сегизде сүйлөштүм эле, “Мен жакшымын, өзүңүзгө караңыз, үммөткө керексиз”,- деп менин көңүлүмдү жубаткан. Көп өтпөй суук кабар келди… Бүгүн элибиз Чубак устаздан айрылган жок, дин илиминен айрылды, диндин туусун көтөргөн мураскордон, пайгамбардын мураскорунан айрылды. …

Дальше »

Руслан ажы Жумагулов: Аалым ажалы – аалам ажалы

Чындыгында, көздөн жаш агат, жүрөк кайгы-капага бөлөнөт. Албетте, сени менен кош айышканга капаланып турабыз. Бирок, биз Роббибиз ыраазы болгон сөздү гана айтабыз: Акыйкатта, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага гана кайтып барабыз. Дүйнөдөн Азирети Али, Азирети …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Кыргыздын мыкты уулу ааламдан өттү. Бул дүйнөдөгү мусулман эли үчүн дагы оор жоготуу

Бүгүн биз чоң жоготууга учуруп отурабыз. Кечээ, 10-июлда Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдон айрылсак, бүгүн үлкөн аалымыбыз Чубак ажы Жалиловдон айрылдык. Оор кабарды угуп, кабыргам кайышты. Бүгүн дүйнөдөгү мусулман эли үчүн дагы оор жоготуу. …

Дальше »

Талас облусунда учурдагы кырдаалга байланыштуу түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 11-июлда Талас областтык мусулмандар казыятынын имаратында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана ыймандуу демөөрчү тарабынан COVID-19 инфекциясы күч алгандыгына байланыштуу жана илдеттен каза болгон бейтаптарга багышталып, Куран окулуп, түлөө өткөрүлдү. Түлөөгө Талас облусунун казысы Бапиев …

Дальше »

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев: Садирдин ажы Ислам дүйнөсүнө чоң салым кошту

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев жана жалпы казыят кызматкерлери мезгилсиз дүйнөдөн өткөн Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. «Инна лиллаахи ва инна илайхи рожиуун. Чындыгында биз …

Дальше »

Ош шаардык мусулмандар казыяты Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитовдун ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын Баарыбыз Аллага таандыкпыз жана ага кайтып барабыз ( Инна лиллахи ва Инна илайхи рожиун) Ош шаардык мусулмандар казыятынын жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атымдан илимге бай, мыкты инсан, көптөгөн …

Дальше »

Руслан ажы Жумагулов: Садридин ажы Маджитов оор басырыктуу, даанышман инсан эле

Чындыгында бардыгыбыз Аллахка таандыкбыз жана Ага гана кайтып барабыз. Борбор калаанын казысы, атагы чыккан илимдүүлөрдүн устазы, өмүрүн илимге арнаган, чыныгы акыреттик дос Садридин ажы Маджитовтун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу Чүй облусунун мусулмандар казыятынын жалпы жааматынын жана …

Дальше »

Абибилла ажы Кадырбердиев: Билбегенге катардагы бирөө өтсө, билгендерге ааламдан аалым көчтү

«Биз Алла Тааладан келдик жана Ага кайтабыз» (Бакара сүрөсү 156-аят). Жаштайынан илимге жана адепке сугарылып, Исламдын баалуулуктарын элге жеткирүүдө өмүрүн арнаган Садридин ажынын дүйнөдөн кайткандыгы баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып, терең кайгыга салды. Аккан арыктан суу агат …

Дальше »

Нарын казыяты мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Бишкектин казысы Садридин Маджитовго көңүл айтат

Нарын облусунун мусулмандар казыятынын казысы Мамбетасан Ибраев Бишкек шаарынын казысы Садридин Маджитовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына терең кайгыруу менен көңүл айтат. «Нарын облусунун мусулмандар казыятынын жалпы жамаатынан жана өзүмдүн атымдан өлкөбүздө дин тармагында өз өмүрүн арнап, …

Дальше »