АКШнын Цивилизациялар аралык кызматташтыгы жана алмашуу коомдук фондунун президенти Мухаммад Башар Арафат дин кызматкерлери менен жолугушту

Бүгүн, 23-октябрда Кыргызстан Ислам университетинин жыйындар залында АКШнын Цивилизациялар аралык кызматташтыгы жана алмашуу коомдук фондунун президенти, дин аалымы Мухаммад Башар Арафат дин кызматкерлери жана студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары …

Дальше »

Ош шаарындагы мечиттерде  кыш мезгилине даярдык иштерин текшерүү иши башталды

Бүгүн, 22-октябрда Ош шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери шаардагы ири мечиттин бири “Калкожо Эшан” мечитин текшерүүгө алышып, кыш мезгилине канчалык деңгээлде даяр экенин текшерип чыгышты. Аталган мечиттин имам хатиби Баатыр ажы Гыязов жана мечит кызматкерлери кыш …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Кадамжай районунда болду

Кечээ, 20-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун администрациясынын жыйындар залында район аймагындагы жалпы имамдарга жыйын өткөрдү. Аталган жыйынга Азирети Муфтийдин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Өзбекстан жана Таджикстандан келген Муфтияттын өкүлдөрү менен Баткен жергесинде жолугушту

Бүгүн, 19-октябрь күнү  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармасынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Шакиров Мухаммад-Акмальхан жана Тажикстан Республикасынын  мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Адылхан ажы менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу …

Дальше »

Баткенде Куран жана азан жарышы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев белектерди тапшырды (Тизме)

Бүгүн, 19-октябрда Баткен шаарында өтүп жаткан түштүк региону боюнча Куран жана азан жарышы жыйынтыкталды. Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын дин башкармалыктарынын өкүлдөрү, түштүк аймактагы облус казылары, өлкөбүзгө белигилүү …

Дальше »

Бишкек шаардык казыяты мурдагы муфтий Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук турнир өткөрүүдө

Бишкек шаарынын мусулмандар казыяты мурдагы муфтий Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук турнир өткөрүүдө. Мелдеш спорттун футбол жана волейбол түрү боюнча өтүп, ага 43 команда катышууда. «Жалпы 43 команда ат салышып, оюн кызуу жүрүп …

Дальше »

Баткенде Куранды жатка билгендер арасында жана азан айтуу боюнча мелдеш өтүп жатат. Баш байгеге эки унаа коюлган

Бүгүн, 19-октябрь Баткен  шаарындагы борбордук «Нуьмани» мечитинде Куранды жатка билгендер арасында жана азан айтуу боюнча жарыш өттүдө. Иш-чара Баткен облустук мусулмандар казыяты  менен жеке ишкер Ахунали Ибраимов  тарабынан алгачкы жолу уюштурулууда. Финалга Куран жаттоо боюнча …

Дальше »

Нарын казыятынын өкүлү Эрик Молдокулов  Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде ата-энелер менен жолугушту

Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун ар кандай түрлөрүн (анын ичинде наркомания, таксикомания, суицид) жана экстремизмдин алдын алуу жана болтурбоо максатында ата-энелердин жыйналышы болуп өттү. Лицей жетекчилиги тарабынан атайын чакырылган Нарын казыятынын өкүлү …

Дальше »

«Ден-соолук өмүр булагы» аталышында мектеп менен медресе ортосунда футбол боюнча достук оюну өткөрүлдү

Аталган иш-чараны «АВЕП» коомдук фондунун демөөрчүлүгү «Али ибн Аби Толиб» ислам медресесинин демилгеси менен уюштурулду. Оюн Талас районунун Кум-Арык айылында болуп Кубанычбек Нурбеков атындагы орто мектебинин окуучулары менен «Али ибн Аби Толиб» ислам медресесинин окуучулар …

Дальше »

Нарын шаарында жана Жаңы-Күч айылында «Китеп фестивалы» болуп өттү

Нарын шаарында «Бир адамдан бир китеп» аттуу долбоордун алкагында Нарын драма театрында чоң масштабда иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, белгилүү эл артисти Азиз Мурадиллаев жана Нарын облусун …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетинин аль-Азхар университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 17-октябрда Египет мамлекетинин аль-Азхар университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Жолугушууда Азирети Муфтий Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасын терең өздөштүрүүгө чакырып, билим алуу менен бирге жаштардын …

Дальше »

Вознесеновка айылында жаңы ФАП жана мечит ишке берилди

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Вознесеновка айылына жаңы ФАП жана мечит элге пайдаланууга берилди. Бул тууралу бүгүн, 17-октябрда Панфилов районунун баш имам хатиби Джумабек ажы Дуванаев билдирди. Анын айтымында, кыргыз элине эмгеги сиңген Саиб Баюми …

Дальше »