Москва районунун борбордук мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Чүй облусунун Москва районундагы «Бердалы» атындагы борбордук мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Аталган иш-чара Москва районунун баш имам хатиби Искендер ажы Жакеевдин демилгеси менен болуп, Москва райондук хатибияты жана жергиликтүү жамааттын каржылоосу менен аяктады. Мечит толугу менен …

Дальше »

Белгилүү дин аалымы Мамасабыр ажы Досболов жана Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязали ажы Арипов ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев «Дивани Хикмат» китебин кыргыз тилине которуп, илимий жолдо үзүрлүү эмгектенип келе жаткандыгы үчүн Борбордук Азияга таанымал аалым, жүздөгөн аалымдардын устазы, ардактуу аксакал ажы Мамасабыр Досбол уулуна жана …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Мамасабыр ажы Досболов «НАСЫЙКАТ» ордени менен сыйланды

Кечээ, 27-августта Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев III даражадагы «НАСЫЙКАТ»  орденин аалымыбыз, ардактуу карыябыз, насаатчыбыз жана сыймыгыбыз, насааты төгүлүп, коомубуздун ыймандуу, адептүү жана ынтымакта жашоосуна эбегейсиз салымын кошуп келе жаткан залкарыбыз, Кыргызстан Мусулмандарынын …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин кезектеги кварталдык жыйыны өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезектеги кварталдык жыйыны болуп өттү. Жыйынга Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев жана АКнын мүчөлөрү, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КМДБнын бөлүм башчылары, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын …

Дальше »

Тынчтык жаңы конушундагы «Чоюбек уулу Керималы» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы Тынчтык жаңы конушундагы «Чоюбек уулу Керималы» мечити аталган мечиттин имам хатиби Майрамбек Маматовдун демилгеси менен толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ибадат кылууга келген момун мусулмандар үчүн ыңгайлуу толук шарттар түзүлүп, аны жергиликтүү тургандар өз …

Дальше »

Григорьевка айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди

Бүгүн, 26-августта Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы Пристань конушунда жаңы мечиттин курулуш иши толук аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук баш имам хатиб Максат Сейталиев билдирди. Анын айтымында, ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт …

Дальше »

Ош шаарында биринчи жолу  көзү азиздердин арасында Куран жарышы болуп өттү

Кечээ, 20-августта Ош шаарынын борбордук  “Имам аль-Бухарий-Алай”  мечитинде Ош шаарындагы көзү азиздердин арасында “Курани Карим” жарышы жазуу, китеп окуу (колдун жардамы менен)  жана жатка окуу боюнча сынак болду. Аталган иш-чарага Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы …

Дальше »

Октябрь айылында 60 окуучу Куран жаттап, алар үчүн конкурс уюштурулду

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылынын имамы Сайдивали Байтеитовтун демилгеси менен айылдагы 60 бала Куран окуп, намаз үйрөнүп, аз болсо да өздөрүнө жараша диний билим алышып, адеп сабактарын да окушту. Бул сабак 2,5 айга …

Дальше »

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек шаарына аман-эсен келип алышты (фото)

Кечээ, 17-августта түнкү саат 22:28 де кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек шаарына келишти. Алгачкы каттамда 400 ажы сапар алып, алар ажылык амалдарын толук аткарып бүтүшүп, ыйык Мекке шаарындагы Жидда аэропортунан өлкөбүздүн “Манас” …

Дальше »

Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү (ФОТО)

Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарышып, Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына кайтып келишти. Ажыларыбыз учурда кетүүгө камылга көрүшүүдө. 17-августтан 1-сентябрга чейин мекендештерибиз Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош  багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат.  «Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү. Азыркы …

Дальше »

Курман айт намазы жогорку деңгээлде өткөрүлдү (фотобаян)

Бүгүн, 11-августта таңкы саат 7:45те Бишкек шаарындагы эски аянтта миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Курман айт намазы окулду. Айт намазга эл таңкы саат 5тен тарта чогула баштап, 6:15ден тарта Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармасынын аалымдарынын …

Дальше »

Кыргызстандык ажылар Арафат өрөөнүнө келишип, ажылыктын 3 парзынын бири болгон Аафада туруу амалын аткарышууда

Бүгүн, 10-августта Кыргызстандык ажылар Арафат өрөөнүнө келишип, ажылыктын 3 парзынын бири болгон Аафада туруу амалын аткарышууда. Мекендештерибиз элибиз, жерибиз жана мамлекетибиз үчүн дуба кылышып, Жараткандан жакшы тилектерин сурашууда. Учурда Арафат өрөөнүндө кыргызстандык ажылар үчүн 2 …

Дальше »