Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев иш сапары менен Талас облусунда

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Талас облусуна жасаган иш сапары учурда  облустун жалпы имамдары менен жолугушту. Үч саатка созулган жолугушуу суроо-жооп,  баарлашуу жана сабак түрүндө өттү. …

Дальше »

Сокулуктагы «Равза» медресесинен 14 окуучу ширетүүчү кесибине ээ болушту

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-жер айылында жайгашкан «Равза» медресесинин окуучулары диний билим менен биргеликте, ширетүүчү кесибине да ээ болушту. Аталган окуу «Медресе окуучуларын кошумча шыкка окутуу» долбоорунун алкагында «Авеп» коомдук уюму тарабынан уюштурулуп, каржыланган. Кесиптик …

Дальше »

Ош облусундагы ажыга баруучу жарандарга ажылык кийимдери таратылды

Бүгүн, 8-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн Ташлак айылындагы “Имам Ат-Тирмизий” мечитинде Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев ажы башчылар жана зыяратчылар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Самидин каары Атабаев ажылык сапарга бара турган …

Дальше »

Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы лагерин уюштурду

Нарын казыяты Ат-Башы районунун «Чар» жайлоосунда 100 мектеп окуучусуна жайкы лагерь уюштурду. Жайкы лагерге 70 эркек бала жана 30 кыз катышып, 1 айланпа 10  күнгө созулду. Эркек балдарга 3 айланпа, кыздарга болсо 2 айланпа уюштурулду. …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Нарын шаарынын тургундары менен жолугушду

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Нарын шаарына жасаган иш сапары учурунда жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуу иш-чарасы “Азирети-Али” мечитинде болуп, анда ынтымакты бекемдөө, биримдик, ыйман, тазалык жана маданият туурасында баяндамасын жасады. Соңунда калктын кызыктырган суроолоруна …

Дальше »

Сокулук районунда заманбап 50 орундуу окуу борбору ишке берилди

Чүй облусунун Сокулук районундагы Студенческий айылында заман талабына жооп берген «Маркум Иса Ал-Хамадий» атындагы окуу борбору ачылды. Окуу борборго жалпысынан 32000 АКШ доллары сарпталып, 50 окуучуга ылайыкташкан. Медресенин ачылыш аземине облус казысы Руслан ажы Жумагулов, …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 5-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарында облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков менен биргеликте, Чолпон-Ата шаарынын мэри Талант Кыдыргазиев жана …

Дальше »

Муфтият битир-садакадан “Арди” реабилитациялык борборуна 40 миң сомдук азык-түлүк тапшырды

Бүгүн, 4-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын чарбачылык жана курулуш иштери боюнча  бөлүмүнүн башчысы Алимбай Эргешов Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан “Арди” реабилитациялык борборуна 40 миң сомдук азык-түлүк тапшырды. Аталган борбордун жетекчиси улуу Рамазан айынан чогултулган битир-садакадан жардам сурап, арыз …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев ынтымакты бекемдөө жана жаштардын тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана жаштардын таалим-тарбиясына өзгөчө көңүл буруу боюнча жыйын болду. Иш-чарага Ош шаарынын  казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, аталган аймакта жайгашкан мечит имамдары, Ош ШИИБинин башчысы …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев “Muslim Line” дүкөнүнө зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарындагы “Muslim Line” бренди менен таанылган дүкөнгө зыярат кылып, мусулмандар үчүн ыңгайлашып тигилген кийимдер менен таанышты. Дүкөндө заман талабына жооп бере турган мырзалар жана айымдар үчүн бардык …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Ар бир ажы башчы өзүнө бөлүнгөн 49 ажыга жооптуу

Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаардык борбордук мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин катышуусунда 2019-жылы ажыларды коштоп баруучу ажы башчылардын жыйыны болду. Ага Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев, КМДБнын ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн …

Дальше »

Ош шаарында “Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнүн негиздери” аттуу тегерек стол өткөрүлдү

Кечээ, 27-июнда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин жыйындар  залында “Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнүн негиздери” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик  комиссиясынын Түштүк аймактык …

Дальше »