Исфанада жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өтүп, анда ысырапкерчиликти токтотуу маселеси каралды

Исфана шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, аксакалдардын жана дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өтүп, анда ысырапкерчиликти токтотуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселесин карашты. Муну менен катар катышуучулар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алардын суроолоруна жооп …

Дальше »

Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов жергиликтүү ЖМК аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады

Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов  жергиликтүү жалпыга маалымат каражаттары аркылуу үй-бүлөлүк салтанаттарды, аш-той жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулукту жоюу жана тартипке келтирүү максатындагы КР президентинин жарлыгынын алкагында коомчулукка кайрылуу жасады.  “Ислам дининде болсун, дүйнөлүк илимдерде болсун, улуу ойчулдардын, саясатчылардын …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Сузак районуна барып, дин кызматкерлери менен жолугушту

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы  Жээнбеков Сузак районунун имамдарына жыйын өтүп, анда ысырапкерчиликке бөгөт коюу маселеси каралды. Облус казысы дин кызматкерлерине өлкө башчынын Жарлыгын жана Кыргызстан мусалмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №1-фатвасын ар …

Дальше »

Ош шаарындагы Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаарындагы Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын Хабиб Абдуллаев атындагы орто мектебинин жыйындар залында  ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйында Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов жаназа намазына мусулмандык милдетти аткарып,  сооп …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысы Биринчи май районунун акими жана мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору менен жолугушуп, жашылдандыруу маселеси талкууланды

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын (КРПМБА) ректору Алмазбек Акматалиев менен жолугушту. Жолугушууда шаардагы тазалык, диний объектилерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү …

Дальше »

Баткен облусунун Лейлек районунун жана Кызыл-Кыя шаарындагы имамдарынын катышуусунда тегерек стол өтүп, бир катар маселелер каралды

Баткен облустук мусулмандарынын казыяты  «Эл аралык толеранттуулук үчүн» (FTI) фонду  «Жаштар үнү» долбоорунун алкагында Кызыл-Кыя шаары жана Лейлек районунун имамдарынын катышуусунда тегерек стол өткөрдү.  Тегерек столго КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков катышып, мечиттерди эсептик каттоодон …

Дальше »

Ош шаарында дин аалымдарынын катышуусунда «Ыйман кечеси» аталышындагы иш-чара өттү

Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында «Ыйман кечеси» аталышындагы Пайгамбарыбыздын (с.а.в) урматына арналган иш-чара өткөрүлдү. Дин аалымдары катышкан иш-чаранын алкагында тарбиялык мааниси терең сахналык чыгармалар тартууланып, катышуучулардын  жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алды. Саамалыкка жергиликтүү бийлик …

Дальше »

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен 22 айылда эл менен жолугушууларды өткөрдү

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев райондук администрациянын кызматкерлери менен биргеликте  райондун  22 айылындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, ашыкча чыгымдарга бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев айыл тургундарына ысырапкорчулук Алла Таалага жакпаган иш экендигин айтып, бул жатта …

Дальше »

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Суу айылынын тургундарына ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Суу айылынын тургундары менен жолугушуп, ысырапкорчулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Облус казысы эл менен жолугушууда өлкө башчынын Жарлыгын жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынан …

Дальше »

Өзгөндө жергиликтүү тургундардын катышуусунда «Ыйман кечеси» уюштурулду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы ОшТУнун Өзгөн колледжинде «Адеп башаты» коомдук фонду тарабынан Пайгамбарыбыздын (с.а.в) урматына арналган «Ыйман кечеси» уюштурулду. Саамалыкка Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, «Адеп башаты» коомдук фондунун Өзгөн филиалынын жетекчиси Өмүрбек Бекташов жана Өзгөн районунун …

Дальше »

Жалал- Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков район, шаарлардын баш имам-хатибдерине онлайн жыйын өткөрүп, алардын отчетторун укту

Жалал- Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы район, шаарлардын баш имам-хатибдерине  zoom программасы аркылуу онлайн жыйын өтүп, анын алкагында ысырапкорчулуктун алдын алуу маселеси талкууланды. Муну менен катар облус казысы өлкө башчынын Жарлыгынын …

Дальше »

Каракол шаарында дин аалымдарынын катышуусунда “Аалымдардан асыл мурас” аталыштагы илимий иш-чара өттү

Кечээ, 10-март күнү Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында Ысык-Көл облустук мусулмандарынын казыяты жана “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан уюштурулган “Аалымдардан алтын мурас” аталыштагы илимий иш-чарасы өтүп, дин аалымдары  катышты. Облус казысы Алмазбек …

Дальше »