Бишкек шаарында Курман айт намазы окулуп, дин аалымдары мамлекетибизге тынчтык, элибизге ыйман жана ынтымак тилеп дуба кылышты

Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Курман айт намазы эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо менен окулду. Айт намазына эл таңкы саат 6:30дан тарта чогула баштап, 7:30да …

Дальше »

Араванда Курман айт майрамына карата жаш жеткинчектер арасында Куран жарышы болуп өттү

Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айыл өкмөтүндөгү «Чертик» мечитинде мечит имамы Орунбай ажы Мамадалиевдин демилгеси менен Курман айт майрамына карата өспүрүм балдар жана кыздар арасында 1 пара Куранды тажвид эрежелери менен жатка айтуу боюнча …

Дальше »

Кара-Кулжа районунун тургундары элибиздин амандыгын тилеп түлөө өткөрүштү

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу алыскы «Ой-Тал», «Алайкуу», «Кызыл-Жар» жана «Капчыгай» айыл өкмөттөрүнүн тургундары чогулуп, Жараткандан элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коронавирус илдетинен арылууну тилеп, бата кылышты. Түлөөгө 4 кой союлуп, эти келген конокторго тартылды. …

Дальше »

Араван районунда айт намазы окулуучу мечит имамдарына жыйын болуп, санитардык нормаларды сактоо маселеси каралды

Ош облусуна караштуу Араван райондук хатибиятында айт намазы окулуучу мечит имамдарына жыйын болуп, курман айт майрамын өткөрүү тартиптери, эрежелери жана санитардык номарларды сактоо маселеси каралды.  Иш-чарага Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов, райондун жооптуу врачы …

Дальше »

Ноокат районунда мечит имамдарына жыйын болуп, бир катар тапшырмалар берилди

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун борбордук мечитинде мечит имамдарына жыйын болуп, Курман айт намазын өз убагында окуу, мечиттерде санитардык талаптарды сактоо, муфтияттын №5 токтомунун негизинде иш алып баруу, мечиттер менен диний окуу жайлардын жер аянтынын менчик ээлерин аныктоо …

Дальше »

Ноокат районунда 100 жетим балага сый-тамак уюштурулуп, акчалай жана кубандыруучу белектер берилди

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу «Бек-Сарай» кафесинде Ноокат районунун башкы имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаевдин катышуусунда 100 жетим балага сый-тамак уюштурулуп, акчалай жана кубандыруучу белектер берилди. Демилге кайрымдуу инсандар тарабынан каржыланып, жүзөгө ашырылды. «Пайгамбарыбыз (САВ) бир хадисинде көрсөткүч …

Дальше »

Баткен облусунда диний кырдаал талкууга алынды

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков менен жолугушту. Жолугушууда облустагы  диний кырдаал, курман айт намазына карата даярдык,  учурдагы COVID-19 илдетин алдын алуу үчүн санитардык эрежелерди так сактоо, эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин …

Дальше »

Кызыл-Кыя шаарында дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов баш болгон дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү. «Эмдөөнү борбордук «Мураталы ажы Жуманов» атындагы мечитте уюштурдук. Алгачкылардан болуп  мен өзүм эмдөөдөн өттүм. Андан соң башка дин  кызматкерлери жана намазга келгендер эмделди»,-деди Мукадас ажы …

Дальше »

Кадамжайда мечиттерде Курман айт майрамына карата ишембилик болуп өттү

Баткен облусунун Кадамжай районунун баш имам хатиби Иброхим Хаиткуловдун жана аймактагы дин кызматкерлеринин демилгеси менен курман айт майрамына карата ишембилик болуп өттү. «Мусулмандар кубаныч менен күтүп майрамдоочу эки чоң майрамдын бири Курман айт майрамы. Бул …

Дальше »

И.Арабаев атындагы КМУнун теологиялык колледжи 9-11-класстын базасында абитуриенттерди кабыл алууну улантат

И.Арабаев атындагы КМУнун теологиялык колледжи 9-11-класстын базасында абитуриенттерди кабыл алууну улантат!  Колледж светтик жана диний илимдерди студенттерге жогорку сапатта берүү менен бирге англис, араб жана түрк тилдерин үйрөтүп, мамлекеттик үлгүдөгү диплом берет. Жакшы окуган студенттерге …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит ачылып, Куран жарышы уюштурулду

Бүгүн, 17-июлда Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит ачылды.  Саамалыкка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана  Чубак ажы Жалиловдун атасы, уулдары катышты. …

Дальше »

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушуп, курмандык чалуунун эрежелерин айтып берди

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушуп, курмандык чалуунун эрежелери, курман айт намазынын окулуусу, маани-маңызы жана сооптору боюнча баяндама жасады. Ош облусунун казысы айт күндү майрамдык маанайда өткөрүү керектигине токтолуп, …

Дальше »