Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев дин аалымы Кадыр ажы Маликовдун атасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев  белгилүү дин аалымы Кадыр ажы Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Урматтуу Кадыр ажы! Атаңыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын.  Кабарды терең …

Дальше »

Нарын районунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Нарын облусунун Нарын районунун аймагында жергиликтүү тургундар арасында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев билдирди. Анын билдиргенине караганда, Нарын райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте райондун 15 …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

Бүгүн, 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына карата Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев жалпы Кыргыз элин куттуктады. «Мамлекеттүүлүгүбүздүн улуттук символу болгон туубуз бийиктикке желбирей берсин. Мамлекеттик туу күнүн …

Дальше »

Баткен районунун Рават айылындагы «Баймурат» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Рават айылынын жергиликтүү жашоочуларынын демөөрчүлүгү менен айылдагы «Баймурат»  мечити заманбап үлгүдө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. «Баймурат»  мечитинин имамынын айтымында мечиттин ички көрүнүшү жаңыланып, килемдер салынып,  жарык берүүчү чырактар орнотулган. “Мечиттин ичи жылуу болушу керек. Салынган килемдери да …

Дальше »

Нарындын Дыйкан айылында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Дыйкан айылында спирт ичимдиктери дүкөндөрдөн алынып, алар төгүлдү. Бул туурасында  Ат-Башы райондук мусулмандар хатибияты билдирди. Маалым болгондой, кечээ, 1-март күнү Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылында спирт …

Дальше »

Лейлек районундагы жаштар арасында Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Жаштарды адептүүлүккө,  ыймандуулукка жана мусулмандардын ыйык китеби болгон Курани Каримди сүйүп жаттоого кызыктыруу максатында Лейлек райондук хатибияты тарабынан Муратбек ажы Убайдулла уулунун демөөрчүлүгү менен 1 пара жана 2 пара Куран жаттаган жаштар арасында сынак уюштурулду. …

Дальше »

Араванда казыяттын эмгек жамааты менен райондун башкы имам хатибдерине көчмө жыйын болуп өттү

Ош облусуна караштуу Араван райондук хатиябиятында казыяттын эмгек жамааты жана райондун башкы имам хатибдерине көчмө жыйын болуп, айлык отчетторду өз убагында тапшыруу, мечиттердин каттоо иштерин жүргүзүү, улуу Рамазан айына даярдыктарды баштоо жана көчмө жыйындарды башка аймактарда …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев «Аль Мумин Хадиджа» коомдук кайрымдуулук фондунун кызматкерлерин ыраазычылык баракча менен сыйлады

Бүгүн, 1-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Бишкектеги «Аль Мумин Хадиджа» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган иш-чарага катышты. Иш-чарада Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев коомдук фонддун эл үчүн жасаган …

Дальше »

Сүйүмбек ажы Жусубалиев: Спорт – ден соолуктун булагы, ынтымактын башаты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев «Ынтымак лигасы» тарабынан уюштурулган спорттук мелдешке катышып, Ислам дининдеги спорттун орду, ден соолук аманат экендиги жана бүгүнкү күндө жалпыбыз үчүн эң керектүү болгон ынтымак менен биримдиктин маанилүүлүгү боюнча баяндама жасады. «Спорт – ден соолуктун …

Дальше »

Нарында мечит имамдары жана дин кызматкерлери “Фикх” китеби боюнча билимдерин сынашты

Бүгүн, 27-февраль күнү Нарын облусунун Кочкор районунда жана Нарын шаарында «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурусунун алкагында “Фикх” китеби боюнча сынак өткөрүлдү. Конкурстун сынагына Нарын облусунун аймагынан келген имамдар, окутуучулар, диний кызматкерлер катышты. Сынак …

Дальше »

Ош облусунда «Билимдүүгө дүйнө жарык» китеп конкурсу өткөрүлдү

Бүгүн, 27-февраль күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу «Имам Ат-Тирмизи» медересесинде жана Өзгөн районуна караштуу «Мухаммад Закир» медресесинде «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп сынагы өткөрүлдү. Сынактын жүрүшүнө «Имам Ат-Тирмизи» медресисине Ош облусунун мусулмандар казысынын орун …

Дальше »

Өлкө аймагында «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу өтүүдө

Бүгүн, 27-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев КИУнун проректору Авдибаси Матраимов менен биргеликте «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсунун алкагында Кыргызстан Ислам университетинде болду. Аталган конкурс Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы …

Дальше »