Өзгөндө мектеп мугалимдерине жыйын болуп, Ислам дининин асыл баалуулуктары боюнча маалыматтар берилди

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Чыңгыз Айтматов орто мектебинде Өзгөн шаарынын мектеп мугалимдерине жыйын болуп, Ислам дининин асыл баалуулуктары, өзүнүн жанына өзү кастык  кылуу, илим алуунун маанилүүлүгү жана жоолук салынуу маселеси боюнча маалыматтар берилди. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары …

Дальше »

ОшМУнун теология факультети тарабынан Убайдулла ажы Сарыбаевге ыраазылык баракчасы тапшырылды

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин мугалимдер жамаатынын атынан факультеттин деканы  Ажиматов Зайнаб Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге ыраазычылык баракчасын тапшырды. Мындай ыраазычылык баракча Убайдулла ажынын окуу жай менен тыгыз кызматташып, Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтканы …

Дальше »

Кадамжайда жардамга муктаж 8 үй-бүлөнүн ар бирине 6 миң сомдон акчалай жардам берилди

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылында атасы жок 8 адамга Кадамжай районунун баш имам хатиби Иброхим Хайиткуловдун демилгеси менен ар бирине 6 миң сомдон акча каражаты таратылып берилди. “Муктаждарга жардам көрсөтүү, мусулман бир туугандын …

Дальше »

Баткенде суициддин алдын алуу боюнча жоокерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткен шаарындагы №707 аскер бөлүгүндө Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары  Нурдин ажы Мамасабиров “Суициддин алдын алуу” темасында өзүнүн баяндамасын жасап, аскерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. “Адам кыйынчылыктан өлүп эле кутулам деген болсо, ал анын алсыздыгы. Ал эч …

Дальше »

Ош шаарында диний окуу жайлардын мугалимдери үчүн 3 күндүк окуу семинары башталды

Кечээ, 22-январь күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  «Исар» фонду менен биргеликте Ош шаарында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусундагы диний окуу жайлардын мугалимдеринин квалификациялык билимин жогорулатуу максатында  3 күндүк  окуу  семинарын  баштады. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети …

Дальше »

Жети-Өгүз районунда 200 кишиге ылайыкталган мечит курулууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында дагы бир жаңы мечит салынып жатат. Ал 200 кишинин намаз окуусуна ылайыкталып, бардык шарттары бар  даараткана жана хужурканасы менен курулууда. Бүгүнкү күндө  мечиттин курулуш иштеринин  дээрлик 70 пайызы  …

Дальше »

Ош шаарындагы «Хидаят-Нур» мечити бардык шарты менен эки кабат салынып, ишке берилди

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Хидаят-Нур» мечити ибадат кылууга ыңгайлаштырылып, заманбап шарты менен кеңейтилди. Мечиттин аянты кичине болгондуктан, эки кабат болуп салынды. Ошону менен бирге заман талабына ылайык мечиттин имамы үчүн өзүнчө бөлмө бөлүнүп берилди. …

Дальше »

Манас районунун Чеч – Дөбө айылындагы “Бабур ” атындагы мечити пайдаланууга берилди

Талас облусунун Манас районундагы Чеч – Дөбө айылындагы “Бабур ” атындагы мечит жараксыз абалга келгендиктен, анын ордуна жаңы заманбап мечит курулуп, анын салтанатту ачылыш аземи болду. Аталган мечит «Ассанабил» коомдук фонду тарабынан салынган. Анын ачылышында Куран …

Дальше »

Баткенде дин кызматкерлери өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жаңы демилгелер менен башташат

20-январь күнү 2021- жылына карата Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу район-шаарлардын баш имам хатибдери, медресе мугалимдернин  катышуусунда Баткен казыятында  жыйын болуп өттү. Жыйын алкагында: Хатибият жана медреселердин  бир жылдык  планы; Жергиликтүү  бийлик өкүлдөрү менен кызматташуу; Мечит, медреселерди каттоону …

Дальше »

Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылындагы мечит оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылындагы мечит оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди. Анын билдиргенине караганда, Кара-Бүргөн айылынын мечитине ички ремонтуна жана сыртка ажаткана, көмүр киргизе турган навес салууга …

Дальше »

Чүй облусундагы баш имам хатибтерге жыйын өткөрүлүп, 2021-жылга карата иш план талкууланды

Бүгүн, 21-январь күнү Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагуловдун демилгеси менен облустагы баш имам хатибтерге жыйын уюштурулду. Көчмө жыйын Москва районуна караштуу Александровка айылында өтүп, өткөн жылдын жыйынтыктары жана 2021-жылга карата иш план талкууланды. …

Дальше »

Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылында улуттук колоритте жаңы мечит салынып жатат

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында улуттук колоритке шайкеш келген жаңы мечит салынып жатат. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Таалай ажы Акунов маалымдады. Билдирүүгө ылайык, мечиттин курулушун  жергиликтүү ишкер Азат ажы Исакунов демилгелеп,  өзүнүн …

Дальше »