Кочкор районунун Чолпон айылынын имамы дайындалды

Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылынын жаңы имамы дайындалды. Бул тууралуу Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек ажы Арзымкожоев кабарлады. Анын билдиргенине караганда, кечээ 28-август күнү Чолпон айылынын имамы болуп Жыргалбек Кулманбетов дайындалып, жалпы жамаатка …

Дальше »

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин куттуктоосу

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бир тууган мусулман агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө 29 жыл толушу менен ак дилимден куттуктайм! Биздин ата мекенибиз бирөө эле. Ал Ала-Тоолуу, ак мөңгүлүү Кыргызстан. Анын бакубаттуулугу, өнүгүшү …

Дальше »

Талас облусундагы баш имамдар отчёт тапшырышты

Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков жана казыяттын иш башкармалык бөлүмүнүн башчысы Медер ажы Сагынбаев райондун баш имам хатибдеринен июль жана август айларынын  отчётторун кабыл алышты. Отчёт тапшыруу учурунда имам хатибдер өткөн айлар ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат беришип, нике …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысы имамдарга чукул жыйын өткөрүп, сактык чараларын бекем көзөмөлдөөнү милдеттендирди

Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев Бишкек шаарынын имамдарына чукул жыйын өткөрүп, жума намазында КР Саламаттык  сактоо министрлиги жана Муфтият тарабынан коюлган эрежелерди так сактоо боюнча тапшырма берди.  Айрыкча санитардык аралыкты сактоо жана беткап тагуу боюнча катуу көзөмөл керектигин баса белгиледи. …

Дальше »

Кыштын камын жайда көр. Ак-Өлөң айылынын “Жармухаммад” мечити кыш мезгилине даярдык көрүүдө

 Ак-Өлөң айылынын “Жармухаммад” мечити  кыш мезгилине даярдык көрүүдө. Бул туурасында айыл имамы Замирбек Супаев билдирди. Имамдын айтымында айыл тургундарынын демөөрчүлүгү алдында учурда мечит толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, айланалары курчалып, жылуулук системасы киргизилүүдө. Муну менен катар мечитте ишембиликтер …

Дальше »

Пазыл ажы Султанмуратов: Санитардык эрежелерди сактоодо мечиттер үлгү болуусу керек

Бүгүн, 28-августтан тартып Республикалык ыкчам штабдын  жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын чечимине ылайык Баткен облусунун аймагында  санитардык сактык чараларын сактоо менен бирге жума намаздары мечиттерде жамаат менен окула башталды. Облустун борбордук “Нумани” атындагы мечитинде окулган жума намазына облус …

Дальше »

Айыл жаштарынын демилгеси менен Кара-Шаар айылынын “Арык мырза” мечитинде имамдардын бөлмөсү жана даараткана курулууда

Тоң районунун Кара-Шаар айылынын “Арык мырза” атындагы мечитинде даараткана жана имамдардын бөлмөсү курулууда. Демилгени айыл жаштары көтөрүшүп, учурда курулуш иштери бүтүү алдында турат. Бул туурасында айыл имамы Эркинбек Асанов билдирди. “Жергиликтүү демөөрчүлөр толук чыгымын көтөрүшүп, мечитибиздин жанына заманбап шартта …

Дальше »

Ош шаарында “Ден соолуктун негиздери” курстарын туруктуу окутуу боюнча маселелер талкууланды

27-28-августта Ош шаарында COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча ден соолукту чыңдоо жана коопсуздук чараларын сактоо тууралуу Ош шаарынын жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын медреселеринин директорлору жана мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Дин иштери …

Дальше »

Алмазбек ажы Сагындыков: Мечитке келгендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу үчүн атайын топтор түзүлгөн

Бүгүн, 28-августта  Ысык-Көл облусундагы жума окулуучу мечиттерде жума намаздары санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлдү. Бул боюнча облус казысы билдирди. Анын айтымында облус боюнча жалпы мечиттер КР Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык беш убак жамаат намазын …

Дальше »

Чүй аймагындагы мечиттерде жума намазы талаптарды сактоо менен өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айрым мечиттерге эскертүүлөр берилди

Чүй облусундагы жума намазы окулуучу мечиттерде санитардык эрежелер сакталуу менен жума намазы окулуп, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Муну менен катар КР Саламаттык  сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, мечитке келген жарандарга бардык эрежелердин так аткаруусун көзөмөлдөө үчүн …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев: Бардык талаптарга элибиз да түшүнүү менен мамиле жасап, эрежелерге баш ийүүдө

Бүгүн, 28- август күнү Бишкек шаарындагы бардык жума окулуучу мечиттерде санитардык эрежелерди так сактоо менен жума намазы өткөрүлдү. Шаар казысы Замир кары Ракиевдин тапшырмасына ылайык саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык аралыктар сакталып, бет кап тагынып жана жайнамаздарды алып келүү …

Дальше »

Нарында жума намаздары сактык чаралары сактоо менен башталды

Республикалык ыкчам штабдын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу, бүгүн 28- август күнү Нарын  облусу боюнча жума окулуучу мечиттерде жума намаздары өткөрүлдү. Муфтияттын буйругу жана Нарын казыяты тарабынан жума намаздарын өткөрүү талаптарын толук сактоо …

Дальше »