Азирети Муфтий: Алла Таала бизди билимдүү болууга чакырат

Урматтуу мугалимдер, билим берүү жаатында эмгектенип жаткан кызматкер!  Сиздерди бүгүнкү жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Ыйык Курани Каримдин Алак сүрөсүнүн алгачкы аяты: «Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен» деп башталат. Демек Жаратан Алла …

Дальше »

Жалал-Абад шаарында имамдар арасында фикх боюнча сынактын 2-туру өттү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты Жалал-Абад шаардык хатибияты менен биргеликте шаардагы имамдар арасында “Фикх: ханафи мазхабынын далилдери” аттуу китеп боюнча жарыяланган сынактын 2-турун өткөрдү. Сынак шаардагы «Биби Мариям» мечитинде өтүп, ага Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев …

Дальше »

Жаңы окуу жылына карата Ноокен районунда 90 балага сумка жана окуу куралдары берилди

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты Ноокен райондук хатибияты менен биргеликте кайрымдуу инсандардын демөөрчүлүгү астында райондогу аз камсыз болгон 90 балага сумка, окуу куралдарын жана акчалай конверттерди тапшырды. Иш-чара райондун борбордук мечитинде өтүп, ага Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын …

Дальше »

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасында Куран, адеп, дуба боюнча сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты Жалал-Абад шаардык хатибияты менен биргеликте өспүрүмдөр арасында Куран, адеп, дуба боюнча мелдеш өткөрүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды тапшырды. Сынакка жалпы 70 бала катышып,6 бала акчалай сыйлык алса, 20 бала атайын сертификаттарга ээ болду. …

Дальше »

Ноокен районунда өспүрүмдөр арасында Куран жарышы болуп өттү

Ноокен районунун Садырбаев айыл аймагына караштуу Масы айылындагы «Тайир ажы» жана «Билал» мечиттеринде өспүрүмдөр арасында Куран жарыш болуп өттү. Жарышка 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар катышып, жеңүүчүлөр баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Иш-чарага Ноокен районунун …

Дальше »

КМДБга караштуу бардык диний окуу жайларда бирдиктүү тайпалык журнал пайдаланылат

КМДБнын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын негизинде КМДБга караштуу бардык диний окуу жайларда 2024-2025-окуу жылына карата бирдиктүү Тайпалык журнал пайдаланууга берилди. Тайпалык журнал буга чейин бардык диний окуу жайларга долбоорлору таратылып, үч талкуудан кийин …

Дальше »

Мелисбек ажы Тургунбаев Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ардак баракчасы менен сыйланды. Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун 2024-жылдын 28-августундагы №412 буйругунун негизинде берилген баракчада «31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке …

Дальше »

Ноокенден 80 бала табият койнунда эс алышты

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук хатибияты «Алай жаннат» фондунун чакыруусу менен райондун аймагындагы 80 жарым жана тоголок жетим баланы Ош облусунун Алай районуна саякатка алып барып, табият койнунда эс алдырып келди. Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы …

Дальше »

Эл энчиси – эгемендик маарек болсун! Азирети Муфтийдин Эгемендик күнүнө карата куттуктоосу

  Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен баштаймын. Ааламдардын Раббы болгон Алла Таалага сансыз мактоолор, анын элчиси жана кулу Мухаммад Мустафага салават-саламдар болсун. Ардактуу бир туугандар! Бүгүнкү жаңырган 31-август – Эгемендүүлүк күнүбүз жалпыбызга куттуу болсун. …

Дальше »

Азирети Муфтий Бишкек шаарындагы кесиптик лицей директорлорун кабыл алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Бишкек шаарындагы №4 жана №47 кесиптик техникалык лицейдин директорлору Медербек Аматовду жана Салтанат Бараканованы кабыл алды. Кабыл алуунун жүрүшүндө жогоруда аталган окуу жайдын ага устаты Кубанычбек Жусупов, профориентациялык …

Дальше »

Чүйдө Аалымдар Кеңешинин токтомдорун аткаруу боюнча талкуу өттү

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдул-Азиз ажы Чыныбеков жалпы диний кызматкерлерге айлык жыйын өткөрдү. Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин №1-2-3-4 токтомдорунун негизинде иш алып баруу жана түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди. Облус казысы Абдул-Азиз Чыныбеков имам-хатибдер …

Дальше »

Балыкчы шаарында жаңы окуу жылына карата муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарындагы “Ырыс” борбордук мечитинде муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Балыкчы шаардык хатибияты Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы фонду менен биргеликте өткөрүлгөн кайрымдуулук саамалыгы келе жаткан окуу жылына карата уюштурулду. Жалпы 80 ден ашуун үй-бүлөгө …

Дальше »