Баткенде мечиттерди каттоодон өткөрүү жаатында жыйын болду

Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаевдин жетекчилиги астында Баткен районунун  аймагындагы ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан мечиттер, алардын документ иштери жаатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери менен кеңири талкуулар жүрүп, жаралган маселелер жана кыйынчылыктар туурасында Баткен …

Дальше »

Нематулла ажы Жээнбеков: «Жараткан жакшы көргөн пенделерин түрдүү сыноолор менен сынайт»

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков 3-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк майыптарды коргоо күнүнө карата «Бирдиктүү багыт» майыптар коомдук бирикмелер ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Соолубасын үмүттөр — 2023» аталышындагы маданий иш-чарага катышты. Казы Нематулла ажы Жээнбеков иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык сөзүн айтып, мүмкүнчүлүгү …

Дальше »

Баткенде 40 баш кой, 10 эчки муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди

Кечээ, 3-декабрда Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылында башкаларга үлгү болорлук ири саамалык өттү. Аталган айылда 7 миңден ашуун калк жашайт. Бул айылдын имамдарынын жана “Абу Бакр” атындагы мечитинин имамы Кожали Абазовдун демилгеси менен жалпы 20 үй-бүлөгө, …

Дальше »

Азирети Муфтий Мисирге жасаган иш сапарынын алкагында кыргызстандык студенттер менен жолугушту

КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана белгилүү дин аалымы, АК мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматовдордон турган делегация Мисирге жасаган иш сапарынын алкагында Каирде диний билим алып жаткан жүздөгөн кыргызстандык илим …

Дальше »

Профессор Ахмад Тоййиб: «Аль-Азхар университети өзүнүн кылым карыткан тарыхы жана имараттары менен эмес, бүтүрүүчүлөрү менен улуу!»

Шайхул-Азхар, б.а., айтылуу аль-Азхар эл аралык университетинин башкы жетекчиси Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорун, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийин жана Кыргызстан Ислам университетинин ректорун кабыл алды. Кечээ, 3-декабрь күнү аль-Азхару Шарифтин шейхи, дин …

Дальше »

Момун-мусулмандардын эсине!

Ардактуу мекендештер, урматтуу мусулман бир туугандар, кымбаттуу Куран сүйүүчүлөрү! 2023-жылдын 6-7-декабрында саат 9:00 да Бишкек шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин …

Дальше »

Баткен шаар-райондук хатибияты муктаждарга 60 миң сомдук кышкы кийим таратты

Бүгүн, 2-декабрда Баткен шаар-райондук хатибияты Баткен шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен ден соолугу оор абалдагы бейтаптарга кайрымдуулук жардамдарын көрсөтүүдө. Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун айтымында, жардам 20 муктаж үй-бүлөгө таратылды. Ар бир үй-бүлөгө 3 миң сомду түзгөн жалпы …

Дальше »

Баткен казысынын демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кайрымдуулук жасалды

3-декабрь — Эл аралык майыптар күнүнө карата Баткен район-шаарындагы  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга  жардам көрсөтүү максатында Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нурдин ажы Мамасабировдун демилгеси менен район-шаарда жашаган  үч жаранга 10 миң сомдон кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү. …

Дальше »

24 саат Куран окуу саамалыгы YouTube дагы «Куран Ордо» каналынан түз эфирге чыга баштады

Бүгүн, 1-декабрь күнү Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов «Кимсанбай ажы» атындагы борбордук мечитте «24 саат Куран хатм» саамалыгын YouTube баракчасына түз эфирге чыгарууга старт берди.   «Бүгүнкү күн биз үчүн тарыхый күн. Себеби, …

Дальше »

«Нур» медресесинде футбол мелдеши өттү

Кечээ, 30-ноябрда Баткен районундагы «Нур»  медресесинин студенттери арасында спорттун кичи футбол оюну боюнча мелдеш өттү. «Спорт ден соолукту эле эмес, ынтымакты, достукту бекемдейт. Ошондой эле динибиз да сергек жашоого чакырат. Андыктан студенттерди ар тараптан өнүктүрүү …

Дальше »

Баткен облустук казыятында отчёттук жыйын өткөрүлүп, алгылыктуу иш алып баргандар сыйланды

Кечээ, 29-ноябрь күнү Баткен облустук мусулмандарынын казыятында  аймактагы район-шаарлардын баш имам-хатибдерине жана медресе мүдүрлөрүнө жыйын болуп өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу, сунний багытындагы Матуридий акыйдасы жана …

Дальше »

Ак-Суу районунун баш имам-хатиби мектеп окуучулары менен жолукту

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы академик М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын жогорку класстын окуучуларына райондун баш имам-хатиби Асантур ажы Абдрахмановдун катышуусунда семинар өтүлдү. Сабак зордук-зомбулук, балдар арасында рэкетчилик, экстремизм жана эрте куракта турмуш куруунун кесепеттери жөнүндө …

Дальше »